Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Пхенянга каршы чаралар каралууда


Нью-Йорк -- АКШнын элчиси Сюзан Райс Түндүк Кореяга байланыштуу жаңы резолюцияда таасирдүү жана майнап бергидей чаралар каралышы керектигин эскертти.
Нью-Йорк -- АКШнын элчиси Сюзан Райс Түндүк Кореяга байланыштуу жаңы резолюцияда таасирдүү жана майнап бергидей чаралар каралышы керектигин эскертти.

Түндүк Кореянын жер алдында ядролук дүрмөт жардырганын Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши бир добуштан айыптады жана жаңы резолюция даярдоого киришти. Бул учурда Пхенян шейшемби күнү дагы эки ракетасын сынады.

Чукул чакырылган жыйында Кеңештин бардык мүчөлөрү Түндүк Кореяны бир ооздон айыпташты. Айрымдары, алардын ичинде Франция менен АКШ жаңы резолюцияда Пхенянга каршы өтө катуу чаралардын көрүлүшүнө чакырышты.

Француз элчисинин орунбасары Жан-Пьер Лакруа ырасмий Париждин позициясын билдирип, резолюцияда мурдагы жазаналарга кошумча жаңы санкциялар болушу керектигин баса белгиледи.

АКШнын элчиси Сюзан Райс дүйшөмбү күнү Пхенян өткөргөн дүрмөт сынамыгын "эл аралык укуктардын одоно бузулушу" деп атады жана Вашингтон да чечкиндүү чаралардын көрүлүшүн талап кыларын тастыктады. Бирок конкреттүү кандай чаралар көрүлөрүн айта алган жок. "Азырынча сүйлөшүүлөр бүтө элек,ошондуктан санкциялардын мүнөзү тууралуу айтканга эртелик кылат".

Япониянын элчиси Юкио Такасу Түндүк Кореянын атом куралдарын сыноону токтотпой жатышын дүйнөдөгү тынчтыкка эле коркунуч келтирбей, Коопсуздук Кеңешинин кадыр-баркына да сокку уруп жаткан аракет катары сыпаттады.

Түндүк Кореянын жакын сааналашы саналган Кытайдын элчиси жыйындан соң журналисттер алдына чыккан жок,бирок ырасмий Пекин кечээ Пхеняндын акыркы кадамдарын сынга алган болчу.

Жыйынга төрагалык кылган орус элчиси Виталий Чуркин Пхеняндын акыркы аракеттери Коопсуздук Кеңешинин мурдагы резолюцияларына, ошондой эле ядролук куралдарды таркатпоо жана аларды сыноо иштерине тыюу салуу тууралуу конвенцияларга кайчы келерин айтып, Россия ушул документтердин баарына катышы бар экенин, ошондуктан алардын бузулушун олуттуу иш катары карай турганын ырастады.

Жаңы резолюциянын долбоору бир-эки күн ичинде даяр болушу мүмкүн.

Бул учурда Түндүк Корея шейшемби күнү дагы эки ракетасын сынады. Бул маалыматты бышыктап, Пхенян бийликтери буга кошо АКШнын "душмандык саясаты өзгөрбөгөндүгүн", америкалык жана түштүк кореялык аскерлер биргелешип жыл сайын машыгууларды өткөрүп келатканын сынга алды.

"Кокус Кошмо Штаттары кандайдыр бир калпыс кадамдарды жасачу болсо, биздин армия жана эл кармашканга даяр турат",-деп айтылат түндүк кореялык жетекчиликтин билдирүүсүндө.

Түштүк кореялык адистер дүйшөмбү күнү сыналган дүрмөттүн күчү дүйнөлүк экинчи согуш маалында Хиросима менен Нагасакиге ташталган эки атом бомбасына барабар келерин айтышты.

Айрым эксперттер Пхенян жер алдында жардыруу өткөрүп,удаама-удаа ракеталарын сынап жатканы өлкөнүн ичиндеги саясий күрөштүн күчөгөнү,анын тышка чыккан эпкини болушу да ыктымал дешет.

XS
SM
MD
LG