Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

АКШ менен Кытай аскерий сүйлөшүүлөрүн жандантты


Өткөн апта соңунда АКШ менен Кытайдын ортосунда аскерий сүйлөшүү болуп өттү.

Бээжинге барган Пентагондун жогорку өкүлү кийинчерээк журналисттерге жооп берип жатып, сүйлөшүү талаш-тартыштар менен уланганын, бирок былтыр жогорку деңгээлде солгундай түшкөн эки тараптын мамилеси кайрадан жанданганын билдирди.

АКШнын Коргоо министринин Чыгыш Азия боюнча орун басары Дэвид Сидней ишембиде сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын курду. Анын айтымында, 18 жылдан берки Бээжин менен сүйлөшүү жүргүзүү тажрыйбасын алып караганда, бул сүйлөшүү мурдагылардан алда-канча дурус болду.

“Биздин сүйлөшүүлөрдө оң жакка карай жылыштар бар. АКШнын жаңы администрациясынын ишмердүүлүгү тууралуу абдан көп сүйлөштүк”,- деди Сидней сүйлөшүү тууралуу.

Бээжинде жыл сайын өтчү сүйлөшүүгө Сиднейди ондогон аскерий эксперттер коштоп барышты. “Аскерий саясат боюнча координациялык сүйлөшүүлөр” деген аталышта белгилүү бул иш-чара эки өлкөнүн аскерий төбөлдөрүнүн бири-бирин жакшы түшүнүүсүнө багытталган.

Расмий Кытай былтыр октябрь айында АКШ менен болгон аскерий алакасын жогорку деңгээлде токтотуп салган. Анда Бээжин АКШнын мурдагы президенти Жорж Буштун администрациясынын Тайванга 6,5 миллиард долларга каруу-жарак сатмай болгонуна нааразычылык билдирген эле. Ошондон бери эки тарап алгачкы жолу жогорку деңгээлде жолугушуп, кепке келе башташты.

Бул жолугушууга чейин эле Кытай бийлиги АКШнын жаңы администрациясы менен аскерий алакаларын жандандырууга кызыкдар экенин билдирген болчу. Жолугушуудан кийин Дэвид Сидней акыркы айларда эки өлкөнүн флоту Сомалиден анча алыс эмес Аден булуңунда деңиз каракчылыгына каршы күрөшүүдө кызматташып турушканын айтты.

Ошондой эле анын айтымында, сүйлөшүү бир чети Кытайдын куралдуу күчтөрү АКШнын кызыкчылыгына каршы келбей турганын түшүнүүгө багытталган.

Эки тараптын аскерий төбөлдөрү андан тышкары Борбор Азия, Ооганстан, Пакистан жана Сомалидеги кырдаал боюнча кеп козгошту.

Кыргызстандык саясат талдоочу жана аскерий адис Токтогул Какчекеев АКШ менен Кытайдын аскерий мамилелери тууралуу буларды айтат:

- Кытай СССРдин кылган иштерин мурда эле жактырбай, Хрущевдон баштап Горбачевдун дооруна чейин мамилеси анча дурус эмес болчу. Ал мамиле азыр деле жакшырып кеткен жок. Ошол сыяктуу эле Кытай АКШга да эч качан ишенбейт. Булар аскерий жана башка саясий иштерде шерик боло алышпайт. Азыркы сүйлөшүүлөрү убактылуу гана нерсе. Эки өлкөнүн тең кызыкчылыгы болгон үчүн гана жасалып жаткан кадамдар.

XS
SM
MD
LG