Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Обама АКШдагы салык «бейиштерин» жаап салат


Обама (солдо) салык реформасын жарыялаганда, артында анын финансы министри карап турат, 4-май, 2009-жыл
Обама (солдо) салык реформасын жарыялаганда, артында анын финансы министри карап турат, 4-май, 2009-жыл

Учурдагы дүйнөлүк экономикалык дымыгуу шартында АКШ президенти Барак Обаманын алдында эки орчундуу маселе турат. Ал – жумушчу орундарын көбөйтүү жана өлкөнүн зор бюжеттик тартыштыгын азайтуу. Ушул шейшембиде Обама эки кийикти бир ок менен ата турган программасын жарыялады.

Обама жана анын финансы министри Тимоти Гейтнер бир ооздон Вашингтон эбек эле салык кодексин өзгөртүп, америкалык компанияларга чет өлкөгө караганда АКШнын өзүндө жумуш орундарын түзүшүн жеңилдетүү керек болчу дешти.

Ак үйдө дүйшөмбүдөгү жарыясында Гейтнер сөзүн ушундан баштады:

– Кедергелүү салык жеңилдиктерин токтотуп, айрым ишканаларга жана айрым байманалуу атуулдарга калган америкалыктар баш ийген эрежелерден буйтап кетишине жол берген мыйзам кемтиктерин бүтөө үчүн бүгүн биз дагы бир маанилүү чара көрбөнү жатабыз. Биз оюн шарты бардыкка бирдей болушун туура көрөбүз. Тилекке каршы учурдагы салык кодексти өлкөдө жумуш орундарын түзгөнгө акча сарптагандарга караганда, чет өлкөлөрдө инвестиция салып, иш орундарын түзгөн ишканаларга артыкчылык берет.

Учурдагы система америкалык ишканалар чет өлкөдө тапкан пайдасын ошол жакта сактоого мүмкүндүк берет, демек алар салык төлөөнү түбөлүккө кийинкиге калтыра бере алышат. Обаманын айтымында, бул кырдаал АКШ бюджетинин тартыштыгына, жумушсуздукка огожо болуп, атаандаштыкка кедергисин тийгизүүдө:

– Биздин ишкердүүлүктүн артыкчылыктарын күч алдыруу үчүн биз чет өлкөдө тапкан кирешесинен болгону 2 пайыз салык төлөгөн чет жактардагы америкалык компанияларды көтөрмөлөбөшүбүз керек. Мындай салыктын айынан салык төлөөчүлөргө жыл сайын он миллиарддаган доллар зыян келет. Америкалык бизнестин атаандаштыкка туруштук беришин жакшыртуу үчүн, карапайым америкалыктар жан үрөп иштеп жатканда, айрым атуулдар менен компаниялар өз милдеттеринен качпагыдай болушу керек.

Анын ордуна Обама Конгрессти чет өлкөдө жайгашкан америкалык компаниялардын салык жеңилдиктерин жоюуну караган салык кодексинин жаңы бөлүмүн жактырууга чакырууда. Анын айтымында, бул план 10 жылдын ичинде салык кирешеси түрүндө казнага 210 миллиард доллар алып келет.

Президенттин пикириндей, мындай каражат АКШда жумуш орундарын түзүп жаткандарды колдоого жумшалышы керек. Обама ошондой эле федералдык салык чогулткан 800дөй жаңы кызматкерлерди ишке алууга нийеттүү.

Вашингтондогу Бруклиң изилдөө институтунун экономисти Бари Босуос Обаманын жаңы планына этийеттик менен мамиле кылууну эскертти. Америкада элдин көбү чоң корпорацияларга ишенбөөчүлүк менен карашат, бирок бул компанияларды өлкөдөн такыр качырып жибербешибиз керек деп билдирди адис Азаттык менен маегинде. Анын айтымында, Кошмо Штаттары ансыз деле ишканалар дүйнөдөгү эң жогорку салык төлөгөн өлкөлөрдүн катарына кирет:

– Менимче, бүгүнкү ааламдашкан заманда кирешеден көп болгон салык салыш мүмкүн эмес. Анткени эгер салыктын көптүгүнөн сиз эч кандай пайда таппасаңыз, сиз башка жакка ооп кетесиз. АКШнын өзүндө эле ишканалар, адамдар салыктын айынан бир штаттан экинчи штатка көчүп жүрүшөт. Глобалдык бизнесте деле ушундай болот.

Бирок Босуос Обаманын администрациясы Майакрософт сыяктуу корпорациялардын ишин жакшылап карашы керек деп эсептейт. Экономисттин сөзүнө ылайык, Майкрософт компютерди иштетүүчү Уиндоус системасын бүт дүйнөдө сатат. Компания системаны Кошмо Штаттарында ойлоп табат, бирок анын түп нускасын Майкрософтко салык жеңилдигин берген Ирландиядагы ишкансына жиберет. Ушундан улам Майкрософт Уиндоус программасын АКШдан эмес, Ирландиядан экспорттойт.

XS
SM
MD
LG