Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Ооган өкмөтү менен талибдер бетме-бет жолугушат


Кабул түрмөсүндөгү камактагы талибдер интервью берип жатышат. 14-декабрь, 2019-жыл.
Кабул түрмөсүндөгү камактагы талибдер интервью берип жатышат. 14-декабрь, 2019-жыл.

Ооганстандын өкмөт өкүлдөрү жакын арада талибдердин делегациясы менен жолугуп, туткундарды бошотууну талкуулашары күтүлүп жатканын Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши билдирди.

25-мартта тараптар видеоконференция аркылуу сүйлөшкөнүн аталган кеңештин өкүлү Жавид Файсал «Твиттерге» жазды. «Жакын арада талибдер командасы менен ооган өкмөтү көзмө-көз жолугушуп, 31-мартта камактагы 100 адамды бошотуу тууралуу сүйлөшөт», деп жазды ал. Ал ошондой эле туткундагылар «талибдерден жана согушкерлердин өзүлөрүнүн согуш талаасына кайтпай турганы боюнча кепилдик алынган шартта гана» эркиндикке чыгарыларын кошумчалады.

Ал эми «Талибан» кыймылынын өкүлү Сухаил Шахин «Твиттерге» видеоконференцияда туткундарды бошотуу марттын соңунда башталарын билдирди. Анын айтымында, талибердин командасы Кабул түндүгүндө жайгашкан «Баграм» түрмөсүнө барышат.

Талибдердин жоочуларын бошотуу жараяны 31-мартта башталарын АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад да ырастады.

Өткөн айдын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол коюшкан. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы бир миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

XS
SM
MD
LG