Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 15:36

Менин сүйүктүү жазуучум - Чыңгыз Айтматов


Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт.

Айтматовдун чыгармаларынан реалдуу жашоону көрүп жана түшүнүүгө болот. Негизинен эле Айтматовдун эмгектери жашоонун өзүнөн алынып жазылган.

Адам баласы адам болуп дүйнөгө жаралып, эс тарта баштагандан тартып ааламга болгон көз карашы пайда болот. Айлана-чөйрөдөгү ар кандай кубулуштарды, жагдайларды түшүнөт, ал эми анын ички сезимдери таптакыр бөлөк. Мисалы: бала төрөлгөндөн эле өз ата-энесине жакын болуп, чоңойгон сайын ата-энесине болгон сүйүүсү күчөйт. Бир гана ата-эне эмес, анын чоң ата, чоң апасы, бир туугандары, достору, жакын адамдары да айланасында бирге болот. Күндөн-күнгө коомго аралашып, көптөгөн адамдар менен пикир алмашып, ага кылган мамилеси, адамдык сапаттары менен ал башка адамдарды да жактыра баштайт. Убакыттын өтүшү менен жакшы көргөн курбу, дос күтүп, анан дагы коомчулуктун көңүлүн бурдурган белгилүү адамдарга өзүнүн баасын берип, жактырган ырчы, актёр, модель, жазуучу, акын жана башка ар өнөрдүн ээлери пайда боло баштайт. Биз алар менен же бирге турбасак, же бирге окубасак, же күндө көрүшпөсөк, биз аларды эмнеси менен жакшы көрөбүз? Мисалы үчүн ырчыны алсак, ырчыга биринчи кезекте анын ырдаган ырына, үнүнө, ырдын уккулуктуулугуна, маанисине карата, ырчынын сырткы келбетине, жарашыктуу кийингенине, жүрүм-турум, кыймыл-аракетине, сүйлөгөн сөзүнө жараша баа беребиз деп ойлойм.

Ал эми менин дагы жактырган жазуучуларымдын бири - Чыңгыз Төрөкулович Айтматов. Айтматов жазуучу эле болбостон зоотехник, дипломат. Анын Советтер Союзу мезгилиндеги мал чарбачылыгындагы асыл тукум малды өстүрүү боюнча өлкөгө кошкон салымы жана тышкы саясатты жүргүзүүдө элчилик кызматын аркалап мамлекеттик тышкы маселелерди чечүүдөгү орду чоң экендигин билебиз. Мен ал адамды ар тараптуу тармактарда кызмат кылган инсан катары тааныйм жана жазуучу катары мага жараткан чыгармалары, дүйнөгө, адамдарга болгон көз карашын көрсөткөн учкул сөздөрү менен кымбат. Ал жазуучу болгондуктан, көптөгөн элдин «мыкты» деген баасына татыган повесттерди, романдарды жараткан.

Анын чыгармалары эмнеси менен сулуу жана кызыктуу? Бул суроого жооп табыш үчүн анын бир чыгармасынын бир үзүмүн гана окуу жетиштүү. Себеби, анын чыгармасын окуп жатканда ошол болуп жаткан окуянын ичинде жүргөндөй сезимдер калыптанат. Ар бир сөздү, ар бир сүйлөмдү окуп жатканда кийинки саптарга шашыласың. Анткени ал ар бир учурду, ар бир адамды, айлана-чөйрөнү, окуя болуп жаткан орунду даана, туура, түшүнүктүү жана көркөм баяндаган. Албетте, анын повесттери көркөм чыгарма деп аталган соң, ал чыгармаларын көркөмдөө жана сүрөттөө каражаттарын аябай кылдат колдонуп, берилген ойду окурманга так жана туура жеткирүү ыкмаларын колдонгон. Ошол себептүү анын чыгармаларын окуп жатканда анын ар бир сөзүнөн көркөмдүүлүктү жана мазмунунун күчтүү, таасирдүү экенин байкайбыз.

Айтматовдун чыгармаларынан реалдуу жашоону көрүп, түшүнүүгө болот. Негизинен эле Айтматовдун эмгектери жашоонун өзүнөн алынып жазылган. Мисалы: «Эрте келген турналар», «Бет-бет», повесттери. "Эрте келген турналар" повестинде автор өзүн Султанмуратка салыштырган деп ойлойм. Бул повесть согуш мезгилин чагылдырып жазылган. Ал эми биздин сүйүктүү жазуучубуздун балалыгы да тилекке каршы Ата Мекендик согуш учуруна туш келген. Ал бала кезинен колхоздогу административдик иштерге аралашып, өзү согушка катышпаганы менен эркектердин баары фронтко кеткендиктен, айылда калып эркек кишиге тийиштүү жумуштардын баарын жасоого жана уюштурууга туура келген. Султанмурат да балдардын эң үлгүсү болгондуктан баарын жөнгө салып, канча кыйналса да эч нерсеге караган жок. Ал ынтымакты жана тартипти сактап, баарын жеңүүгө, ушул кыйын абалдан өтүүгө тырышты, аракеттенди.

Ал эми «Бет-бет» чыгармасында өз жанын ойлогон Ысмайылдын образын жараткан. Өзүбүз деле ойлонуп көрсөк, согуш маалында качкандар деле болсо керек.

Айта берсек Ч. Айтматовдун чыгармаларынын баары эле жалпысынан жашоодогу ар кандай көрүнүштөр менен шайкеш келет. Так ошол чыгармалардын бизге пайдасы чоң экенин билишибиз керек. Биз өзүбүздүн жашообузда болуп жаткандардын баарын байкай бербейбиз, анча элес албайбыз. Чыңгыз атабыздын эмгектеринен болсо биз жакшы менен жаманды, адамдын кара же ак экенин, ким жемкор, ким чындыгында эле түйшүк тартып, кыйналып жатканын үстүртөн карайбыз. Булар бизге намыстуу, уяттуу, адептүү, ыймандуу болууга түрткү берет. Себеби, биз ар бир чыгармадан адамдардын иш-аракетине жараша аягы эмне менен бүтөрүн көрүп турабыз. Жаман иш жасагандар канча аракет кылса да, алардын анык жүзү баары бир билинет, ак жеринен күйгөн адамдар канча кыйналса да, бирок алар ийилгени менен сынбайт.

Ар бир элдин өзүнүн улуу жазуучулары, акындары болот эмеспи. Акын-жазуучулардын чыгармалары ошол элдин мүнөзүн, тарых-таржымалын, каада-салтын, үрп-адатын, тилин, дилин, кооз жер-сууларын баяндап сүрөттөөчү бирден-бир булак болуп эсептелет. Себеби, чыгармачыл адам өзүнүн ички ойлорун, сезимдерин кагаз бетине түшүрүп жазгысы келет жана жазат. Ал ойлор мекен, ата-эне жөнүндө, табият, махабат, бул жашоо, өмүр, жер, суу, таш ж. б. тууралуу болушу мүмкүн. Ал эми эли-жери жөнүндө чыгарма жаратууда акын-жазуучулардын мекенчилдик сезимдери күчөйт. Алар болгон чындыктын баарын төгүп жазышат. Демек, ар бир элдин өзүнүн мыкты, сүйүктүү жазуучулары, акындары болсо керек. Ал эми кыргыз элибиздин сүйүктүү жазуучуларынын бири Чыңгыз Айтматов деп ойлойм.

Анын кыргыз адабиятына кошкон салымы аябай чоң. Бир гана кыргыз адабиятына эмес, анын чыгармалары дүйнөлүк масштабдагы чыгармалардын катарын толуктап турат. Бир катар мамлекеттерде Айтматовдун чыгармаларын сүйүп окушат. Анын чыгармалары көптөгөн тилдерге которулуп келет. Бул чыгармалардын кыргыз кинематографиясында да орду чоң. Эске салсак, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Кызыл алма”, “Ак кеме”, “Биринчи мугалим”, “Эрте келген турналар”, “Саманчынын жолу”, “Бетме-бет”, “Акбаранын көз жашы” жана башка көптөгөн кыргыз фильмдери Чыңгыз атабыздын повесттеринин негизинде тартылган. Кыргыз элибиз бул фильмдерди абдан жакшы көрөт деп эсептейм.

Ар бир адам кандайдыр кесиптин ээси болот. Адам өзүнүн көңүлүнө, жүрөгүнө жакын кесипти аркаласа, ал жемишин берет деп ойлойм. Айтматов жазуучулукка киришүү менен бирге татаал жана узак сапарга аттанып жатканын билген жана ага даяр болгон. Анын жасаган эмгеги өз жемишин берип отурат. Азыркы жаш муундардын арасында да Чыңгыз атабыздай мыкты жазуучу болсом деп самагандар аз эмес болсо керек. "Акыл жаштан, асыл таштан" демекчи, аракет кылса, максатына жетүүгө талпынса, ар бир адамдын колунан келет. Айтматовдун «Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу» деген сөзү мага мотивация берип турат. Анткени, кээ бир учурларда биздин адам деген атыбыз эле калат. Мындай учурлар баарыбызда эле болот. Эмне, адам чынында эле айбан болуп калабы? Албетте, жок. Адамдын дене түзүлүшү эч өзгөрбөйт. Болгону биз адам жасабай турган нерселерди жасашыбыз мүмкүн. Мисалы, сабырсыздыктын айынан бат эле ачууланып кетебиз, ачууланып бирөөгө жаман сөздөрдү айтабыз, бирөөнү күнөөлөйбүз, кээде адамдар бирөөнүн бир нерсесин сурабай, уруксатсыз эле алып алышат, жамандык кылышат. Жогорудагы иш-аракеттерди жасаган адам жасагандары үчүн өкүнүп, экинчи мындай болбой, сабырдуу, токтоо, уяттуу, адамгерчиликтүү болууну чечсе - анда бул эң жакшы кадам болот. Эгер адам жакшы жолго бурулууну каалабаса - бул эң жаман көрүнүш. Катачылыкты ар дайым оңдоого болот. Ошондуктан ар дайым өз катабызды сезе билип, кечирим суроого үйрөнүшүбүз керек. Айтматов абдан даанышман, ойчул адам болгон экен. Мен ар дайым жакшы кадамдарга барып, адам гана болуп жүрүүгө аракет кылам.

Мына ошентип, улуу жазуучубуз туурасында айта берсек абдан эле көп. Менин ойлорум ал туурасында айтылган арбын кептердин бир күкүмүн гана толуктаса керек. Дилбаянымды жыйынтыкташ үчүн бир- эки ооз сөз аздык кылгандыктан, өзүмдүн калемиме таандык Ч. Т. Айтматовго арналган ырым менен жыйынтыктоону туура көрдүм.

Ар бир сөзүн окуганда чыгармаңдын,

Толукшуп Ысык-Көлдөй толкундаймын.

Сыйлап сизди унутпайбыз эч качан,

Сизге арнап ырлар жазып куюлтайын.

Чыңгыз деген аты затына жарашат,

Дүйнө эли сизди дайым баалашат.

Ордуңуз чоң дүйнөдөгү адабиятта,

Кийинки муун сизден үлгү алышат,

Биздин жаштар сиздей болууну каалашат.

Кыргыз элдин болдуңуз сиз данеги,

Ошол данек тапты өзүнүн дарегин.

Жазуучу дарак өсүп данектен,

Мөмөлөрүн жетилдирди калеминен.

Көздөрүмө жаш алып мен аргасыз,

Бул саптарды жазып жатам айласыз.

Аттиң-аттиң эмне үчүн Чыңгыз аба,

Бизди таштап, бул жашоодон кош айттыныз?

Дүйнө жүзү барктап келет Чыңгыз аба,

Калемиңдин эмгектерин ар убакта,

Болбосонуз да өзүнүз бул дүйнөдө,

Чыгармаларыңыз жашай берет арабызда!

Чыгармаларыңыз жашай берет арабызда!

"Эч ким, эч нерсе эч качан унутулбайт" дегендей эле, Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык повесттери, чыгармалары, учкул айткан сөздөрү, кыргыз жана дүйнөлүк адабиятта көрүнүктүү орунду ээлеп, ар бирибиздин жүрөгүбүздө жашай берет деп ишенем!

Автор: Талас облусуна караштуу Талас районунун

Арашан орто мектебинин 9-классынын окуучусу

Турсунбаева Бермет Бейшеналиевна

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG