Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Академик Бөрү Ахмедов: Тагдырындагы барактар жаңыдан ачыкталып жаткан чыгаан чыгыш таануучу


Бөрү Ахмедов. 1982.
Өзбекстандын чыгыш таанууусу, академик Бөрү Ахмедов. 1982.

Бейшембиде Бишкекте чыгаан өзбек чыгыш таануучусу, академик Бөрү Ахмедовдун 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык симпозиум өткөрүлмөкчү. Анын тарыхчы шакирти бул илимпоздун тагдырынын мурда белгисиз болуп келген өңүттөрү тууралуу өз блогунда баяндайт.

Агайдын кыскача өмүр таржымакалы

Көтөрүлүшчү кожолордун урпагы

Бөрү Ахмедов агайым 1924-жылы 12-августта Өзбекстандын Анжыян облусунун Коргон-Төбө айыл аймагына караштуу Кара-Суу кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

Бөрү агайдын чоң атасы Тажыкожо диниятчылардын урпагы болгон, болгондо да, анын бабалары Чыгыш Теңир-Тоодо (Кашкарда) жана Фергана өрөөнүндө XVII–XVIII кылымдарда таасири күч болгон шайык Аппак Кожонун (Афак Хожа) сопу тарыкатындагы чөйрөсүнөн чыгышкан. Тажыкожонун ферганалык туугандары Анжыян, Бекабад, Кара-Суу, Жалал-Абат аймактарында байырлашат.

Ферганадан Чыгыш Түркстанга барган сопулук топтор Жуңгар хандыгына каршы ири саясий кыймылдарды негиздешкен.

Суннийлердин исхакийа тарыкатынын өкүлү Аппак кожо Чыгыш Түркстандагы бийликти алууга жетишкен учур да болгон. Аларга каршы Чыгыш Памирдеги калайыкка таянган “актоолуктар” же “ак такыялуулар” деп да аталган “ышкиййа” тарыкатынын сопулары турган.

Суннийлердин сопусу Аппак кожонун айрым урпактары өз доорунда Чыгыш Түркстандын Кытайдан эгемендиги үчүн күрөшүндө руханий туу болуп келген тарыхый инсандар эле.

1755-ж. Бурхан ад-Дин башында турган актоолук кожолор Чыгыш Түркстандын айрым чөлкөмдөрүндө Цин-манжур баскынчыларынын көмөгү менен бийликке келген. Ошондо Бурхан ад-Дин деген кожо кыргыздардын башчысы Кубат бийдин колдоосу аркылуу каратоолуктарды бийликтен четтеткен.

Көп узабай, 1759-ж. Цин-манжур империясы Чыгыш Түркстанды басып алган жана аларга каршы эгеменчил кожолордун жаңы көтөрүлүштөрү башталган.

Мен үчүн кызыктуу табылга – Бөрү Ахмедов агай постсоветтик эгемендик доорунда өз ата-бабаларын Аппак кожо менен ачык байланыштыргандыгы болду.

Бөрү Ахмедов айрым шакирттери менен. 1990-жж. башы.
Өзбек академиги, профессор Бөрү Ахмедов (ортодо) айрым шакирттери менен. Ташкент ш., 1990-жж. башы.

ГУЛАгдын туткуну

Эми Бөрү агайдын өз атасы тууралуу чакан баянды баштайлы.

Ахмедхан Тажыкожо уулу (Тажихожаев) кайсы бир жылдары Кыргызстандын Ош шаарында да иштеген.

Ыраматылык Бөрү Ахмедов агай 1980-жылдардын экинчи жарымында бир ирет мага кайрылып, ошол Ош аймагында 1920–1930-жж. өз атасы “иштегендиги тууралуу маалымат кат алууга болобу?” деп сурагандыгы эсимде. Облустук архивдегилер мынчалык эски убактардагы документтер эч сакталбайт, деп мага жооп узатышкан.

Көрсө, ошондо Бөрү Ахмедов агай өз атасы ың-жыңсыз жоголгондугу тууралуу кабатырланып, атасы тууралуу ар кыл даректүү маалыматтарды табууга далаалат кылып жүргөн тура. (Салыштырсак, 1928-жылы туулган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы өз атасы Төрөкул качан атылгандыгы жана кайсы жерде көмүлгөндүгү тууралуу СССР кулап жаткан 1991-жылы жайында гана толук маалымат ала алган эмеспи).

Ахмедхан Тажыкожо уулу 1937-жылы айрым колхозчулардын арасында колхоз түзүлүшүн “колхозуңду урайын!” (“колхозингни ям!..”) деп оозеки сындап койгондугу үчүн эле кыштактык айгакчылардын айынан сталиндик ГУЛагга кабылган.

Ахмедхан ата Орусиянын Европа аймагында Ярославск облусуна караштуу Углич шаарында (Маскөөдөн 200 чакырымдай түндүк-чыгышта) курулуш иштерине тартылганы кийин маалым болду.

Ахмедхан Тажыкожо уулу Ярославск облусунда абактык оор шартта иштеп жүрүп, шишик (“подагра”) оорусунун айынан 54 жашында кайтыш болгон экен. Бул – 1942-жылдын 16-майы эле.

Ахмедхандын денесин номурлап, чуңкурга эле көөмп салышкан. Кайсы жерде көмүлгөндүгү тууралуу эч анык маалымат жок.

Анын тагдыры 1980-жылдардын акырына чейин беймаалым болуп келди.

1989-жылы советтик башкы прокуратурадан Ахмедхан Тажыкожо уулу “акталгандыгы тууралуу” анын уулуна расмий кат келген (чындыгында, ал бейкүнөө камакка алынган болчу).

Ахмедхандын байбичеси Рахила эне тун уулу Бөрү, дагы бир уулу Жорохан (Журахан) жана кызы Аязимхан жана кенже уулу Халкожо (Халхожа) төртөөнү эптеп жалгыз чоңойткон.

Ахмедхандын мектеп жашындагы балдарын кыштакта “эл душманынын уулдары жана кызы” катары кыйла убакыт бою кодулашкан.

Өзбек академиги Бөрү Ахмедов согушта кезинде. 1944.
Өзбек академиги Бөрү Ахмедов согушта кезинде. 1944.

Экинчи дүйнөлүк согушка катышуу

Бөрү Ахмедов 1942-жылы 18 жашка жетип-жетпей эле өз ыктыяры менен Улуу Ата мекендик согушка аттанган. Балким, ал “эл душманы” эмеспиз деп, бейкүнөө жаманаттыда калган өз үй-бүлөсүн актагысы да келгендир.

Өзүнүн 1996-жылы сыналгы журналисттерге маегинин учурунда айтымында, ал согушта чалгынчы да болгон. Бөрүбайга сержант даражасын ыйгарышкан. Ал 19 жашында взвод командири болуп калган.

1944-жылы ал кырчылдакан салгылашуулар маалында нацисттик снайпердин огуна кабылып, өпкөсүнөн жаракат алган. Аны өтө оор акыбалда согуш тилкесинде советтик аскерлер жайгашкан тарапка эптеп алып өтүшкөн. “Чалгынчынын өлүгү да душмандын колуна калышы керек эмес болчу”, – деп Бөрү агай кийин эскерген.

Ал Украинанын борбору Киев шаарындагы ооруканага түшкөн. 1944-жылы 2-майда Киевде ага өтө оор операция жасалган. Эки эркек, бир аял дарыгер өзүнө операция жасашкандыгы анын эсинде калды.

Ал кайрадан кан майданга кайткан. 1945-жылы ал лейтенант аскер даражасын алган.

Алааматтуу согуштан кыштагына кайтып келген Бөрүнүн төшүндөгү орден жана медалдарды көрүшүп, кыштакташтары ага ызаат менен мамиле кылышып, эми аны “эл душманынын баласы” деп кинелебей калышкан.

Бөрү Ахмедовдун мыкты досторунун бири – тарых илимдеринин доктору, профессор Хамид Зияев (Hamid Ziyoyev; 15.06.1923, Ташкен – 13.07.2015, Ташкен) да Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан жана бир бутунан ажырап кайткан. Ага оор операцияны ийгиликтүү жасаган дарыгер – кыргыз дарыгер айымы Рафа Иманаалы кызы Айдарбекова (1918–1996) болгон. (Айтмакчы, профессор Хамид Зияев – белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун илимий устаты эле).

Менимче, согуштун азаптарын да ар кимиси өзүнчө татыган бул эки профессор бири бирин мыкты түшүнүшсө керек. Маселен, мен Бөрү Ахмедов агайым алааматтуу согушта тогуз жолу жаракат алгандыгын кийин гана уктум. Анын жүрөк оорусуна байланыштуу дары ичип жүргөндүгүн жана улам-улам ооруканага жатып калаарын гана билчүмүн. Ал толгон-токой жолу жаракат алгандыгы жөнүндө дээрлик эч кимге айтчу эмес экен.

Өзбек академиги Бөрү Ахмедов согуштан кийинки жаш чагында.
Өзбек академиги Бөрү Ахмедов согуштан кийинки жаш чагында.

Жогорку таалим алуу жылдары. Жаш илимпоз.

Бөрү Ахмедов Анжыяндагы Кара-Суу кыштагында оболу басмаканада терүүчү, андан соң редактор кызматтарында иштеген.

Ал 1948–1953-жылдары Ташкендеги Орто Азия мамлекеттик университетинин (азыркы Өзбекстан Улуттук университети) Чыгыш факультетинде тарых адистигинде окуган.

1953–1957-жылдары ал Кара-Суу кыштагындагы мектепте директор, тарых мугалими болуп иштеген.

Ал 1957–1960-жылдары Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) мамлекеттик университетинин күндүзгү аспирантурасында окуган.

Анын устаты – даңазалуу чыгыш таануучу Илья Павлович Петрушевский (1898–1977) болгон. Профессор Петрушевский 1956–1959-жылдары СССР ИАсынын Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмүндө иранисттер тобун жетектечү.

Бөрү Ахмедов 1961-жылы Ленинградда “Көчмөн өзбектердин мамлекети” деген оригиналдуу темада кандидаттык диссертациясын коргоп, тарых илимдеринин кандидаты болуп калган.

Ал эми 1973-жылы Б.Ахмедов ошол эле Ленинград шаарында азыркы Ооганстандын түндүгүндөгү Балх мамлекетинин тарыхы боюнча “Балх хандыктары XVI к. – XVIII кылымдын биринчи жарымында” деген темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

Ошентип, 1960–1970-жылдары ал орто кылымдардагы чыгыш (мусулман) булактарын, анын ичинде борбордук азиялык элдердин этностук тарыхы чагылдырылган жазма булактарды изилдеген ири иранистке айланган.

Анын Улугбек, Эмир Темир жана алардын доору боюнча бир катар баалуу эмгектери жаатында эл аралык илимий чөйрөдө жылуу пикирлер жарыялаган.

Өзбек академиги Бөрү Ахмедовдун сыйлыктары. Ташкент ш., 2021.
Өзбек академиги Бөрү Ахмедовдун сыйлыктары. Ташкент ш., 2021.

Чыгыш таануучунун илимий чыгармачылыгы

Б.А.Ахмедов 1960-жылдан тартып 1990-жылдардын ортосуна чейин Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда илимий кызматкер, илимий катчы, бөлүм башчы, башкы илимий кызматкер кызматтарны аркалап, ырааттуу иштеген.

Ошону менен бирге ал Ташкен мамлекеттик чыгыш таануу институтунда «Булак таануу», «Борбордук Азиядагы феодалдык хандыктарынын мамлекеттик түзүлүшү» деген сыяктуу темалар боюнча дарстар окуган. Ал Кэмбриж жана Индиана университеттеринин ардактуу профессору болгон.

Профессор Б.А.Ахмедов Өзбекстандагы чыгыш таануу жана тарых илимдеринин заманбап өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Ал 300дөн ашуун ар кыл илимий эмгектерди (монографиялар, окуу китептери, китепчелер, илимий макалаларды) жарыялаган. Анын көптөгөн чыгармалары чет тилдерге которулган.

Ал Өзбекстандагы бир катар ири илимий жыйнактарга жооптуу редактор болгон жана бир катар илимий жана илимий-жамаагаттык журналдардын редакциялык кеңешинин мүчөсү болгон.

Профессор Бөрү Ахмедов чыгыш тарыхчыларынын жогорку кесипкөй кадрларын даярдоого зор көңүл бурган. Ал 40тан ашык илимдин докторлорун жана кандидаттарын (анын ичинде кыргызстандык 1 докторду жана 2 кандидатты) даярдаган.

Өмүрүнүн соңку жылдары ал Эл аралык Эмир Темир корун жетектеп келди.

1989-жылы ал «Өзбекстандын илимине эмгек сиңирген ишмер» наамына татыган.

Ал эми 1995-жылы ал Өзбекстан ИАсынын академиги болуп шайланган.

Академик Б.Ахмедов Өзбекстандын «Достук» ордени (1994-жылдын 25-августу) жана «Өзгөчө мыкты салымдары үчүн» ордени (1999-жылдын 25-августу) менен сыйланган.

1995-жылы ноябрда ал Кыргызстан Тарых Коомунун (мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын) ардактуу мүчөсү болуп шайланган.

Өзбек академиги, профессор Бөрү Ахмедов. Ташкент ш., 1980-жж.
Өзбек академиги, профессор Бөрү Ахмедов. Ташкент ш., 1980-жж.

Үй-бүлөсү тууралуу маалымат

Жубайы – Мунисхан Абдулхай кызы Мадаминова (1934 – 22.7.2012) абдан жароокер, мээримдүү инсан эле. Ал 40 жылдай Ташкендеги орто мектепте өзбек тили жана адабияты сабагынан окуткан мугалим болгон.

Алар беш уул-кыздуу болушкан. Туну – маркум Юлдуз Бөрү кызы Ярмухамедова (2011-жылы кайтыш болгон) өз учурунда Колдонмо көркөм өнөр музейинин директору болуп иштеген. Андан эки бала калды.

Экинчи кызы – Рано Бөрү кызы Ахмедова жергиликтүү (маале) башкармалыгында төрайым болуп иштеп келди. Анын эки эгизи бар.

Үчүнчү перзенти – эркек балдарынын улуусу, ишкер Акбар Бөрү уулу Ахмедов автокырсыктан улам дүйнөдөн мезгилсиз өткөн. Анын артында үч баласы калды.

Төртүнчү перзенти Мухлиса Бөрү кызы Касымова педагогикалык университетти аяктаган. Ал дагы кесиби боюнча тарых мугалими болду. Азыркы тапта ал акимиятта социалдык тармакта иштейт. Анын үч баласы бар.

Жубайлардын көкүрөк күчүгү, кенже уулу – Музаффар Ахмад 1974-жылы 14-июнда туулган. Ал атасынын жолун жолдоп, чыгыш таануучу болду. Ал – тарых илимдеринин кандидаты, доцент.

Музаффар Ташкендеги Чыгыш таануу институтунда окуган, иран тилин мыкты билет жана фарсы булактары боюнча булак таануу жаатында кандидаттык диссертациясын жактаган. Анын эки уулу бар.

Музаффар Ахмад мырза 2023-жылдын 1-сентябрынан бери “Коомдук жана саясий билимдер институту” (Ijtimoiy Va Siyosiy Fanlar InstitutiISFI) аттуу жогорку окуу жайынын ректору кызматын аркалап келет.

Музаффар иниме атасы тууралуу көптөгөн жаңы биографиялык маалыматтарды, видео тасмаларды жана сүрөттөрдү таап бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Өзбек академиги Бөрү Ахмедовдун бейити. Ташкент ш., 2021.
Өзбек академиги Бөрү Ахмедовдун бейити. Ташкент ш., 2021.

Агайдын кыргыз таануу жаатындагы салымдары

Тарыхчы, чыгыш таануучу Бөрү Ахмедов тээ XV кылымда эле кыргыздардын Кыргызстанда байырлап келген жергиликтүү эл экендигин 1970-жылдары баса белгилеген (ал учур айрым советтик окумуштуулар “кыргыздар XVI кылымдан кийин гана Ала-Тоого сырттан көчүп келген” деген жарамсыз жобону илимге таңуулап жатышкан кез эле).

Андан тышкары Б.Ахмедов Борбордук Азиянын батышындагы Аштарханийлер мамлекетинде да кыргыз кол башчылары кызмат кылган деген фарсы тилиндеги жазма булактагы тарыхый маалыматты илимий чөйрөгө алгачкы болуп киргизген.

Нускоочу

Ал Кыргызстандын жана Казакстандын бир катар чыгыш таануучу илимпоздоруна илимий жетекчилик кылган же алардын айрымдарына өз диссертацияларын коргоодо илимий кеңешин берген.

Маркум академик Бөрү Ахмедов, маселен, Кыргызстандын чыгыш таануучу кадрларын даярдоого олуттуу түрдө жекече салым кошкон.

Анын колдоосу астында кыргыздын туңгуч арабисти Өмүркул Караев 1984-жылы Ташкендеги Өзбекстан ИАсынын Чыгыш таануу институтунда Карахандар каганатынын тарыхы боюнча доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Ал тарыхчы, иранист Анварбек Мокеев агайга да иштиктүү сунуштарын айткан.

Бөрү агай орто кылымдардагы фарсы булактары боюнча диссертация жактаган Таласбек Туратбек уулу Машпаровдун жана арап жана башка мусулман булактары боюнча диссертация жактаган Тынчтыкбек Чоротегиндин (ушул саптардын ээсинин) илимий жетекчиси болгон. Арабист Тынара Кудашева айым да анын жетекчилигинде кандидаттык диссертация даярдаган.

Андан тышкары Бөрү агай Акылбек Кылычев сыяктуу бир катар жаш кыргыз чыгыш таануучуларынын Өзбекстан ИАсынын Чыгыш таануу институтунда таалим алуусуна көмөк көрсөткөн.

Бөрү Ахмедов Карахандар каганатынын жана жалпы Борбордук Азиянын нумизматикасы боюнча мыкты адис Елена Давидович (1922–2013) айым, 1973-ж. Маскөөдө жарыкка чыккан "Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы боюнча материалдар" эмгегинин (биринчи чыгарылышынын) жооптуу редактору Вадим Ромодин (1912–1984) мырза ж.б. менен дагы үзөңгүлөш болгон.

Эстутум

2024-жылы февралда Өзбекстандын Өкмөтү быйыл бул жумуриятта академик Бөрү Ахмедовдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү тууралуу атайын токтом кабыл алды. Негизги мааракелик чаралар ушул жылы күзүндө өткөрүлмөкчү.

Ал эми Кыргызстанда Бөрү Ахмедовдун мааракесине арналган илимий чаралардын алгачкысы 30-майда өткөрүлмөкчү.

Чыгаан өзбек чыгыш таануучусу, тарых илимдеринин доктору, профессор жана академик Бөрү Ахмедович Ахмедовдун (1924–2002) 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык симпозиум бейшембиде (30-майда) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий жүрүмдөр” аттуу II эл аралык илимий жыйындын алкагында өткөрүлмөкчү. Ага кыргызстандыктардан тышкары Орусия, Өзбекстан жана Казакстандын да илимпоздору катышаары күтүлүүдө.

Тилегибизде, Бөрү Ахмедовдун илимий мурасы тууралуу узун сабак сөз быйыл жана болочокку жылдары башка да түрк тилдүү эгемен өлкөлөрдө жана башка мамлекеттерде козголууга тийиш.

Бөрү Ахмедов агайыбыздын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сактала бермекчи. Анын өмүр жолундагы буга чейин белгисиз кала берип келген барактар улам жаңы изилдөөчүлөрдүн иликтөө бутасына алынаары шексиз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG