Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Акжол Махмудов: өзүм ойлогондой күрөшө алган жокмун


22 жаштагы Акжол Махмудов Олимпиаданын күмүш медалын утту.
22 жаштагы Акжол Махмудов Олимпиаданын күмүш медалын утту.

Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта күмүш байгенин ээси болду. Ал финалда Лондон Олимпиадасында күмүш байге уткан, 2019-жылдагы дүйнө чемпиону, Европанын төрт жолку чемпиону 34 жаштагы венгриялык Тамаш Лёринц менен күрөшүп, бир упайдын айырмасында 1:2 эсебинде жеңилди.

22 жаштагы Акжол Махмудов финалдык беттештен кийин “Азаттыктын” казак кызматынын журналисти Руслан Меделбекке алгачкы сезимдери тууралуу айтып берди.

“Экинчи болуп калдым, өзүм ойлогондой күрөшө алган жокмун. Эмнеге жөндөмдүү экенимди да көрсөтө алган жокмун. Финалда бир аз алаксып, өзүмдү колго ала алган жокмун. Финал болобу, канчанчы беттеш болбосун утулуп калгандан кийин сезимдер канааттандырарлык боло албай жатат. Утулуп калганыма бир аз маанайым чөгүп турат. Финалдан кийин президентибиз Садыр Нуркожоевич телефондон куттуктап чалды. Мен үчүн бул чоң сыймык. Президент өзү чалып куттуктаганы менин жашоомдо биринчи ирет болуп жатат”, - деди Акжол.

Акжолдун күмүш байгеси кыргызстандыктар 13 жыл күткөн медал. Ошондой эле бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхындагы экинчи күмүш байге. 30 жылдан бери кыргыз спортчулары Олимп оюндарынан алтын байге ала элек.

Олимпиада: Кыргызстан бир күндө эки медал алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00

Бээжин Олимпиадасынан грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта коло байгенин ээси болгон Руслан Түмөнбаев Акжол алган байге менен кыргыз спортунда жаңы барак ачылганын айтып берди.

“Акжол мен үчүн олимпиадалык чемпион! Дээрлик 13 жылдан кийин медал болгонун абдан чоң жеңиш деп эсептейм. Себеби, Бээжин Олимпиадасынан кийин ортодон үч Олимпиада өттү. Ошондон бери эми гана жеңишке жетиштик. Баардык спортчуларыбыз, анын ичинде бүгүн күч сынашкандардын бардыгы жеңишке татыктуу болчу. Алардын айрымдары деңгээлинен, туура эмес кылган нерсесине байланыштуу утулуп калды. Ошол эле Жоламан, Айпери, Үзүр, Атабектин медал алганга бардык шансы бар болчу. Бирок тилекке каршы, буйрук эмес экен, байге алып, жеңүүчү болбой калды. Акжолго токтоло кетсек, ал Олимпиада деп келген бала, көздөгөн максатына жетти десем жаңылышпайм. Анын даярдыгы, потенциалын карай турган болсок Олимпиада чемпиону боло турчу бала болчу. Мен үчүн ал баары бир олимпиадалык чемпион. Мээрим Жуманазарова эң жакшы күрөштү, өзү жаш болсо да бул Олимпиадада жеңишке жеткешкенине абдан кубандым. Келерки Олимп оюндарында алтын алат деп үмүттөнөм. Айсулуу Кудай буюрса акыркы жылдары рейтинг боюнча биринчи орунда. Аллах насип кылса Олимпиада чемпиону болот деп ишенем. Ал Кыргызстандын тарыхында Олимпиада чемпиону болгон спортчу болот. Ишеничибиз чоң. Бүгүнкү жеңиштерди Кыргызстандын спорт тарыхындагы эң чоң жаңылануу болду десем жаңылышпайм. Спортту сүйгүлө, спортту колдогула”, - деди Руслан Түмөнбаев.

Бишкектеги борбордук аянтта, бир катар шаарларда чоң экрандар орнотулуп, күйөрмандар кыргызстандык балбанды сүрөөнгө алып турду. Акжолдун таймашына өзү төрөлгөн Араван районундагы жакындары, айылдаштары көз салып турушту.

Олимпиада ооматы: Акжол баскан татаал жол

Акжол Махмудов 2-августта финалдык таймашка чыкканга чейин төрт беттешти ийгиликтүү өткөрдү. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңди. Жарым финалда армениялык Карапет Чальянды 6:2 эсебинде уткан. Бул беттештен кийин Акжол “Азаттыкка” мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо үчүн болгон күчүн жумшаганын айтып берген эле.

"Бүгүн Кудай Таалам биз тарапта болду. Мен үчүн бардык кармаштын ар бир секундасы, мүнөтү абдан маанилүү болду. Анткени бүгүн болбосо мен качан күрөшөт элем?! Бүгүн утпасам дагы качан утушум мүмкүн! Мындай мүмкүнчүлүк ар кимге эле ар дайым бериле бербейт. Ошондуктан ар бир кармаштын ар бир секундасында “Алла, мен тарапта болуп бер, мен бул жеңишке муктажмын” деп тиленип жаттым. Кудай Таала муктаждыгымды чечип берди. Олимпиадага Азат агай, Мейрамбек агай, Улук агай жана башкалар болуп Кыргызстанда толук даярдандык. Эл аралык мелдештерге катыштык. Менин бардык оюм Олимпиада болчу. Ким эмнеге умтулса ошого жетет. Спорт өтө чоң курмандыкты талап кылат. Биринчи дисциплина керек".

Акжол Махмудов 22 жашта. 1999-жылы 15-апрелде Ош облусунун Араван Районунун Кызыр-Абад айылында төрөлгөн. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Эжеси Курсанай Махмудованын айтымында, Акжол алты жашынан баштап Ош шаарындагы күрөш залына барган. Үй-бүлөсү 12 жашында Бишкек шаарына көчүп келип, грек-рим күрөшү боюнча машыгууну борбор шаардан уланткан.

Акжол Махмудовдун финалдагы атаандашы венгриялык 34 жаштагы Тамаш Лёринц Лондон Олимпиадасында күмүш байге уткан, 2019-жылдагы дүйнө чемпиону, Европанын төрт жолку чемпиону болгон.
Акжол Махмудовдун финалдагы атаандашы венгриялык 34 жаштагы Тамаш Лёринц Лондон Олимпиадасында күмүш байге уткан, 2019-жылдагы дүйнө чемпиону, Европанын төрт жолку чемпиону болгон.

"Акжол иним кичинесинен эле шок бала болгон. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Өзүнүн эрки, күчтүүлүгү менен ушинтип күрөштү тандады. Атасы өзүнүн кызыкчылыгы менен балдарына шарт түзүп берди. Араванда төрөлгөн, кийин Ош шаарында жашап калдык. Алты жашында спорт залга атасы алып барды. Акжолдун агалары Бексултан жана Сыймык да күрөшкө барышат. Экөөнүн дагы жетишкендиктери жакшы. Эки карындашы бар. Зульфия жана Бегимай. Атасы балдарынын спорт менен жакшы шартта машыгышы үчүн Бишкек шаарына көчүп келип, машыгуусун Бишкектен улантты. Ата-бабаларыбыз күрөшчү болгон деп угуп келебиз. Өзүнүн атасы спортко өтө кызыгат. Атасы Мухаммед жаш кезинде шартка байланыштуу машыкпай калган. Ошол үчүн бардык шартты балдарына түзүп берген да. Балдарына спортко гана жол баштаган. Биринчиден, акемдин кызматы, анан үкөмдүн эрки. Учурда Жапонияда. Ар бир адамдын өжөрлүгү, эрки болбосо мындай ийгиликке жетиш кыйын деп ойлойм",- деди Курсанай Махмудова.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын федерациясынын мурдагы вице-президенти Алмаз Касенов Акжол Олимпиадага чейин бардык тепкичтерди басып өткөнүн айтты.

"Акжол талантуу жигиттерибиздин бири. Машыктыруучусу, эң күчтүү устаттардын бири Майрамбек Ахметов 2009-жылдары, Акжол мектепте окуп аткан кезинде эле Канатбек Бегалиевден кем калбаган, балким андан да мыкты результат көрсөтө алчу талантуу жигит экен деп мага айткан. Ошондон бери мен байкап жүрдүм. Жаш кезинен бери бардык тепкичтерди басып көтөрүлүп келатат. Кадеттер арасында Азия биринчилигин утту, андан кийин дүйнөнүн чемпиону болду. Жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта экинчи, үчүнчү орундарды алды. Бирок спортто мындай боло берет. Стабилдүү келатат. Тилекке каршы мурдагы жылы тизесинен абдан катуу жаракат алып калды. Операция болуп, бир жыл мелдештерге катышпай өткөрүп жиберди. Ошондон бери Акжол өз формасына келдиби деп санааркап жүрдүк. Буга чейинки таймаштарынан көз салып турдук. Олимпиадага чейин калыбына келет деген үмүт бар болчу. Кудайга шүгүр, Олимпиадага абдан жакшы даярдыкта келиптир".

Акжол жарым финалда армениялык Карапет Чальянды 6:2 эсебинде уткан.
Акжол жарым финалда армениялык Карапет Чальянды 6:2 эсебинде уткан.

Акжол Махмудов уландар арасында (кадеттер) Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж.). Жаштар арасында Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2018-ж.). Чоңдор арасында Азия чемпиону, Азия оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2018-ж.).

Жаракат, Олимпиада ооматы

Эл аралык мелдештерде дал ушундай ийгиликтерди 2015-жылдан 2018-жылга чейин катары менен багындырып келе жатып, жогоруда Алмаз Касенов белгилегендей 2019-жылы чоңдор арасында Кыргызстандын чемпиону болгондон кийин бир айдан соң сол тизесинен жаракат алып, Германиядан бутуна эки жолу операция жасатып, жаракаты бир жарым жылдан кийин айыкты. Ал кезде Акжолдун Олимпиадага катышар катышпасы арсар болуп калган эле.

"Олимпиада оюндары 2020-жылы өтпөй бир жыл артка жылып калбадыбы. Пандемияда да жардам бергендей болуп калды. Жараат алгандан кийин Олимпиада былтыр болсо, анда катышпай калат эле. 2020-жылдын аягында кайрадан күрөшө баштабадыбы. Жаманчылыкты каалабайсың, бүт дүйнө кыйналып атат, бирок жайкы оюндардын жылышы Акжол үчүн жакшы шарт түзүп калды. Олимпиада былтыр өтсө, кандай болот эле, ким билет. Былтыр Айсулуу Тыныбековадан ишене турган эч кимибиз жок эле. Акжолдун жашы боюнча да убактысы келип калды. Жоламан Шаршенбековго да үмүт артыбатабыз. Жаштык кылып, тез утуп алам деп тактиканы бир аз туура эмес түзүп алды. Бирок ал абдан талантуу жигит. Экөөнүн тең дагы эки Олимпиадага катыша тургандай мүмкүнчүлүктөрү бар. Калганы ошол балдардын өз колунда турат”,- деди Алмаз Касенов.

Акжолдун эжеси Курсанай Махмудова Акжолдун жаракат алган мезгили спортчуга сабак болгонун айтып берди.

"Ал учур баарыбыз үчүн эле кыйын болду. Жакшы жаман жанашып жүрөт дейт го. Кудайга шүгүр эрки бар экен. Ошол жолдорду кесип өттү. Бутун операция кылуу үчүн Германияга эки жолу барды. 2-3 операцияны баштан кечирди. Ал кыйынчылыктар өсүп келе жаткан спортчуга түзүк эле минус жана сабак болду. Өзүнүн кемчиликтерин оңдой алды. Өзүнүн эрки менен жеңип өттү деп ойлойм".

Акжол Махмудовдун чоң спорттогу карьерасындагы дагы бир өзгөчө учур 2017-жылы 6-августта грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында (Тампере, Финдяндия) катталган. Ал кезде Акжол жарым финалда кабыргасын ооруксунтуп алып, финалда АКШ спортчусу Камал Амеер Бей менен таймашта ойдогудай күрөшө албай калганын айтып берген эле. Бирок, бир жылдан кийин дал ушул дүйнө чемпионатында коло багйе үчүн беттеште дал ошол америкалык балбанды жеңип, реванш алып күйөрмандарын кубантканын белгилесе болот.

Акжол Махмудов менен Камал Амеер Бейдин коло байге үчүн таймашы:

Махмудов эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиаданын финалына чыккан экинчи кыргыз спортчусу.

2008-жылы Бээжинде өткөн XXIX жайкы Олимп оюндарында күрөштүн дал ушул түрүнөн 66 килограмм салмакта Канат Бегалиев финалдык беттешке чыгып, күмүш медал тагынган. Жайкы Олимп оюндарынан кыргыз спортчулары Бегалиевдин күмүш байгесинен сырткары үч коло байге алышкан.

Алгачкы коло байгени дзюдочу Айдын Смагулов 2000-жылы Сидней Олимпиадасынан 60 килограмм салмакта алса, 2008-жылы грек-рим күрөшүнөн Руслан Түмөнбаев (60 кг. ) менен эркин күрөшчү Базар Базаргуруев (60 кг.) алган.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

  • 16x9 Image

    Руслан Меделбек

    Руслан Меделбек "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы. Алматы бюросунда 2012-жылдан бери иштейт. Аль-Фараби университетинин эл аралык журналистика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG