Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

БАКИЕВДИН “АК ЖОЛ” ЭЛДИК ПАРТИЯСЫ АРАКЕТТЕ


15-октябрда Бишкекте президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда “Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” кыймылынын республикалык жыйыны болуп өттү. Анда президенттик «Ак жол” Элдик партиясы түзүлүп, анын төрагалыгына президент Курманбек Бакиев бир добуштан шайланды. Партия каттоодон өткөн соң аны жетектөө төраганын орун басарларынын бирөөнө өтөөрү да айтылууда. Жыйындын катышуучулары алдыдагы референдумду, президенттин саясатын колдоорун билдиришти. Ошентсе да бир катар саясатчылар муну эски Акаевдин доорундагы каталарды кайталоо, Орусия менен Казакстанды тууроо катары баалап жатышат. Теманы Илим Жанузаков улантат.

“Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” кыймылынын Бишкекте өткөн жыйынына өлкөнүн булуң-бурчтарынан миңден ашуун делегаттар келишти. Чогулгандар бир добуштан президент Курманбек Бакиевди, ал түзүп жаткан партияны жана алдыдагы референдумду колдой турушканын айтып жатышты. Маселен, Жетиөгүз районунан келген Мурат Жетимишбаев, буларга токтолду:

- Кыргызстанда президентти колдогон партия толтура. Жайнаган партия бар. Өзүңүздөр деле билесиздер. Мына, азыр эле Эмгек жана биримдик партиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйында партия өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотуп, өзүнчө жаңы партияга биригүү аракетин кылып атат. Мен айтар элем, жаңы партия түзүп алып, жаңы барактан баштап, чогуу иштесек.

Ал эми түш оой жыйынга президент Курманбек Бакиев келип, жаңы “Ак жол” Элдик партиясын түзгөндүгүн жана жалпы эл аны колдой турганына ишенерин билдирди:

- Мен эгер сиздер макул болсоңуздар, муну “Ак жол” Элдик партиясы деп атоону сунуштайм. Оболу биз элдик, эл үчүн партия түздүк. Мен мындан өзүмдүн жана партиянын башкы максатын көрүп жатам. Биз бийликтин жана бийлик төбөлдөрүнүн партиясы эмеспиз. Биз жумушчулардын, элдин партиясыбыз.

Ошондой эле партиянын уставынын негизи бекитилип, 35 адамдан турган саясий кеңеш куралды. Байкоочулар алардын арасында Аскар Акаевдин «Алга Кыргызстан» партиясында турган адамдар кирип калганын айтышууда. Жаңы түзүлгөн партия Адилет министрлигинен каттоодон өтсө, партиянын төрагалыгын Курманбек Бакиев орун Басарларынын бирөөнө өткөрүп бере турганы да айтылууда. Алар Автандил Арабаев, Владимир Нифадьев жана Элмира Ибраимовалар. Ал эми тизмеден Медетбек Садыркулов, Аскар Салымбеков, Владимир Нифадьев, Курманбек Темирбаев, Алишер Сабиров, Керим Турапов, Самат Бөрүбаев, Сабыр Жумабеков, Жангороз Каниметов, Максат Кунакунов, Орузбек Назаров, Галина Куликова, Алмаз Абыкеев сыяктуу ысымдарды көрүүгө болот.

Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун да, мындай иш-чараны колдой албасын билдирди. Анын ырасташынча, президентти жакын чөйрөсүндөгү адамдар бузуп жаткан болушу ыктымал:

- Бир жаман жери бардыгы тең тотукуш сыяктуу чогуу-чаран какылыктап атышат. Анан алдын ала даярдалганы билинип турат, бир жерде жазылган. Президентти бир партияга тартып, бир партиянын лидери кылабыз деген тенденцияны мен колдой албайм. Президент бардыга калыс болуп, бир да партияда турбашы керек.

Турсунбек Акун андан тышкары бул жыйынга чакырылбаганын, анткени жыйынды уюштуруп, ары-бери чуркап жүрүшкөн «акүйдөгү» чиновниктер анын өзгөчө пикири бар экенин билишерин айтып өттү. Ал эми социал-демакраттар партиясынын мүчөсү Адил Турдукуловдун пикиринде, президент Казакстан менен Орусиянын лидерлерин туурап жатат. Бирок, Кыргызстанда ал жактагыдай толук авторитардык режим орнобогондуктан кармаш кыйын болот. «Ошентсе да добуштардын басымдуу бөлүгүн президенттин партиясы алат»,- дейт ал.

XS
SM
MD
LG