Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Эльмира Ибраимова: "Менин жашоом коркунучта"


Бүгүн бийликчил “Ак жол” партиясы өз курултайын өткөрүп, анда президенттик шайлоого талапкер катары Курманбек Бакиевди көргөзөөрү күтүлүп жатат. Бир апта мурда «Ак жолдун» саясий кеңеши жыйын куруп, партиянын төрагасынын орун басары Элмира Ибраимованы өз катарынан чыгарган болчу. Анын себеби - Э.Ибраимованын президент К.Бакиевге жазган ачык каты.

“Азаттык”: - Элмира айым, “Ак жол” партиясынын саясий кеңеши ишемби күнү сизди партиянын катарынан чыгарды. Ал чечим тууралуу партия маалымат берген жок. Сиз өзүңүз эмне себеп болду деген ойдосуз?

Э.Ибраимова: - Мен партиянын саясий кеңешинин жыйынына келээрим менен эле президентке кайрылуум тууралуу маселени карай башташты. Анан кайрылууда кандай маселе көтөрүлгөнү талкууланбай эле “Эмне үчүн кайрылуу жаздың, биз өзүбүздү оңтойсуз сезип калдык, президентке эмне үчүн ушундай суроолорду бердиң” деген жеке эмоциялуу суроолорду берген айыптоолор болду. Мына ушундай айыптоолордун негизинде мени партиянын катарынан чыгаруу чечими кабыл алынды.

“Азаттык”: - Демек партиянын ички этикасын бузду деген кине менен чыгардыбы же буга башка себеп болду деген ойдо турасызбы?

Э.Ибраимова: - Менин оюмча, буга президентке кайрылуум негиз берди деген ойдомун. Бирок партиянын уставында ички этика деген түшүнүк жок. Ошон үчүн чечимди кандай негиздешкенин билбейм, бирок жыйында “Ибраимованын президент менен партия мүчөлөрүнө кайрылуусун угуп жана талкуулагандан кийин саясий кеңеш партиянын катарынан чыгаруу чечимине келди” деген токтом кабыл алынды деп айтылды.

“Азаттык”: - Партиянын саясий кеңешинин чечими жана жыйыны жөнүндө эч бир маалымат каражатына кабар берилбей, керек болсо катардагы мүчөлөрүнө да айтылбай өткөрүлүп ушундай чечим кабыл алынган экен. Ушундан улам сиз кандай деп ойлойсуз, партиянын төрагасы, президент Курманбек Бакиев кеңештин жыйыны жана чечими жөнүндө маалымат алды бекен жана сиздин кайрылууңуздун мазмуну менен таанышты бекен?

Э.Ибраимова: - Президенттик администрациянын жетекчиси Данияр Үсөнов кеңештин жыйынына катышты. Ал Курманбек Бакиевге телефон аркылуу оозеки маалымат берилди деп айтты. Ал эми кайрылуунун тексти дүйшөмбүдө берилет деп билдирди.

“Азаттык”: - Сиздин кайрылууңуздун мазмуну президентке кандайдыр бир таасир көрсөтө алабы жана анда айтылган ойлорго негиз бар деген бүтүмгө келиши мүмкүнбү ? Мурда президент менен бирге иштешип жүргөн жана бир партияда жүргөн адам катары кандай ойдо турасыз?

Э.Ибраимова: - Кандай күн болсо да ушундай үмүт менен кайрылдым. Ал кайрылуума жоопту эл жана партия мүчөлөрүнүн алдында берүүгө милдеттүү деген үмүттөмүн.

“Азаттык”: - Сиздин кайрылууңуз партиянын төрагасынан башка мүчөлөрүнө кандай таасир берди деген ойдосуз жана алар менен бул тууралуу пикир алышып жатасызбы?

Э.Ибраимова: - Мен партиянын катардагы мүчөлөрү менен сүйлөшүп жатам. Алар кайрылууну колдошуп, ушундай суроолорго күн сайын шайлоочулардын алдында жооп берүүгө мажбур экендигин билдирип жатышат. Ошон үчүн алар кайрылуу туура болгон деп жатышат. Албетте, саясий кеңеште башка ой айтылды. Алар кайрылууда айтылган ойду партиянын мүчөлөрү колдобойт деп айтышты. Бирок мен партиянын ар бир мүчөсүнүн абийирине ишенем. Алар кандай гана маселе болбосун чечим кабыл алууда алар улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюшат деп үмүттөнөм.

“Азаттык”: - Эмне үчүн партия мүчөлөрү сиздин кайрылууну туура кабыл алып, анализдеп туура жооп берет деген ишенимде болуп жатасыз? Партиянын катарында мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн адамдар көппү?

Э.Ибраимова: - Ооба, үмүттөнөм. Партиянын катарында жүз миң адам бар. Алардын арасындагылардын көбү мамлекеттик, улуттук кызыкчылыкты жогору коет деп үмүттөнөм.

“Азаттык”: - Сиз партиянын катарынан чыккандан кийин оппозициядагылар Элмира Ибраимова эми оппозиция тарапка оойт деген ишеним, үмүт менен карап турат. Мындан аркы чечимиңиз кандай болот?

Э.Ибраимова: - Мен азырынча “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүнүн көз караш, чечимин күтүп турам. Анан мен болгон күчүм менен убактымды элге жана мамлекетке арнайм деген ойдомун. Ошон үчүн азырынча кырдаал кандай өнүгөөрүн байкап туралы.

“Азаттык”: - Кийинки убакта Кыргызстанда коркунучтуу окуялар болуп жатат. Бийликке каршы жалгыз чыккандыгыңыздан улам өмүрүңүзгө, коопсуздугуңузга коркунуч келген жокпу?

Э.Ибраимова: - Чынында эле азыр Кыргызстанда жашоо коркунучтуу болуп калды. Мына жакында эле менин жана Медет Садыркуловдун командасында жүргөн бир жигитти жөн жерден эле башка согуп, кара кушун жарып салышты. Бир сокку менен башын жаргандан кийин машина тепсеп кетсин деген ой менен түнкү ондордо жолго сүйрөп салышыптыр.

Бирок бирөөлөр көрүп калып, ооруканада операция жасалгандан кийин жакшы болуп келатат. Бул талап-тоноо эмес, себеби чөнтөк телефону менен акчасы жанында калган экен.

Менин пикирлештериме, туугандарыма коркутуп-үркүтүүлөр телефон чалуу, СМСтерди жиберүү, электрондук почта аркылуу үзгүлтүксүз болуп жатат. Ошондуктан коопсуздугум коркунучта. Бирок ага карабастан биз чындыкты айтып, акыйкаттык үчүн күрөшүбүз зарыл.

“Азаттык”: - Сиз акыйкаттык, чындык үчүн күрөшөм деп кимге, кандай күчкө ишенип турасыз?

Э.Ибраимова: - Бизди колдогон жана мурда деле оппозицияга кирбеген адамдар көп. Демек, алар коомдун мамлекетти коопсуз жана келечектүү кылып түзүүнү каалаган өкүлдөрү.

“Азаттык”: - Кыргызстанда жашоо коркунучтуу болуп калды деп өзүңүз да моюнга алып жатасыз. Экономикалык жана саясий себептерден уламбы бай жана интеллигент адамдар Кыргызстандан чыгып кетип калышты. Сиз мындай чечимге барбайсызбы?

Э.Ибраимова: - Жок, мен бул жерде калам. Ушул жерде жашайм. Бул менин Ата Мекеним. Мен өзүмдүн элим жана мекеним үчүн иштейм, эч жакка кетпейм.

“Азаттык”: - Кыргыз бийлигиндеги адамдар менен сүйлөшүүлөргө барасызбы жана ошондой сүйлөшүүлөргө өзүңүз аракеттенип жатасызбы?

Э.Ибраимова: - Жок, эч кандай сүйлөшүү жөнүндө сунуш болгон жок. Эгер сунуштар түшө турган болсо андай сүйлөшүүлөрдү абийир менен элдин кызыкчылыгын түшүнүүнүн негизинде гана жүргүзүшүм мүмкүн.

“Азаттык”: - Ал эми оппозиция өз тарабына чакырса кандай чечимге барасыз?

Э.Ибраимова: - Мен аны карап көрөм, ойлоном. Себеби оппозиция азыр мамлекет жакшы турмушка жетсин деген принциптер жана идея үчүн күрөшүп жатат. Ошон үчүн ойлонуп көрөм.

“Азаттык”: - Мына президенттик шайлоо болгон жатат. “Ак жол” партиясы 1-майда президенттикке талапкерликке азыркы президент Курманбек Бакиевди көрсөткөн жатат. Жеңишке жетиш үчүн партия кандай аракеттерди көрөт деп турасыз?

Э.Ибраимова: - Ооба, тилекке каршы шайлоонун жыйынтыгы алдын-ала чечилген жана добуштар бурмаланып, административдик ресурстар толук колдонулат деген ойдомун. Шайлоонун жумуш күнү, бейшембиге эле белгилениши добуштарды бурмалаганга чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнөн кабар берет.

“Азаттык”: - Бирдиктүү элдик кыймылдын курултайында Алмаз Атамбаев эл азыр алдатпайт, өз добуштарын сактап калууга аракет кылат деп айтты.Эл ага жарамдуу деген ойдосузбу?

Э.Ибраимова: - Биздин эл абдан даанышман. Ал өзүнүн тандоосун жасайт жана шайлоону бурмалаганга жол бербейт деп үмүттөнөм. Демек, мен Алмаз Атамбаевдин пикирин колдойм.

“Азаттык”: - Азыр коомдо эгер бийлик өзгөрө турган болсо “Ак жол” партиясы бир күндө тарап, мурдагы бийликчил “Алга , Кыргызстан” партиясындай жок болуп, анын катарында бир да адам калбай калат деген ойлор айтылып жатат. Ага негиз барбы?

Э.Ибраимова: - Бул абдан оор суроо. Эгер чыныгы элдик партия болгусу келсе партиянын катардагы мүчөлөрү демилгени колуна алып, азыркы кырдаалга кандай баа берип жаткандыктарын калыс айтышы керек. Мен партиянын катардагы мүчөлөрү менен көп жолугушам. Алар кадимки эле врачтар, мугалимдер жана таза адамдар. Эгер партия чын эле ичинен тазаланып, сакайса эл үчүн иштегенге мүмкүнчүлүгү чоң. Ошон үчүн тазалануу зарыл.

“Азаттык”: - Президенттик шайлоодо “Ак жол” партиясы жеңе турган болсо элдин кыжырдануусун кайнатып, эл азыркы бийликти кулатууга чейин барышы мүмкүн деген ойлор бар. Чын эле ошондой кырдаал бышып жетип калдыбы?

Э.Ибраимова: - Азыр бул тууралуу айтуу эртелик кылат.

“Азаттык”: - Анда маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG