Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Максим Бакиев: "Алтын" холдингге тиешем жок


Бул тууралуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин башчысы Максим Бакиев "24.kg" маалымат агенттигине билдирип, саясат таануучу Александр Князевдин кечээки маалымат жыйынында айткандарын жокко чыгарды.

"24kg" агенттиги Максим Бакиевге жолдогон алгачкы суроосунда жазгандай саясат таануучу Александр Князев мындай маалыматтарды "Азаттыкка" эмес, дал ошол агенттиктин өзү уюштурган маалымат жыйынында ачыктаганын эскерте кетели.

Максим Бакиев болсо бүгүн аталган агенттиктин суроолоруна жооп берип, саясат таануучунун маалыматтарын жокко чыгарды. Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Орусияда М. Бакиевге тиешелүү ишканалар жабылды, деген маалыматтар өзүнө карата жасалып жаткан кандайдыр бир өнөктүк деп айткан. Ошондой эле М. Бакиев Орусия жетекчилиги анын ишмердүүлүгүнө каршы деп жазылып жүргөн маалыматтар да негизсиз деп эсептейт. Максим Бакиевдин маеги менен бул жерден таанышыңыз.

XS
SM
MD
LG