Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Ооганстан: жанкечтилердин "шойкомун" түз көрсөтүү токтобойт


Ооганстандын кылмыштарды иликтөө башкармалыгын башчысы Ахмад Бак Кадыри журналисттерге 124 маң аткезчисинин соттолгону тууралуу маалымат берүүдө. 31-октябрь 2009
Ооганстандын кылмыштарды иликтөө башкармалыгын башчысы Ахмад Бак Кадыри журналисттерге 124 маң аткезчисинин соттолгону тууралуу маалымат берүүдө. 31-октябрь 2009

2-мартта Ооган бийликтери электрондук маалымат каражаттарынын жанкечтилер менен согушчандардын чабуулун түз алып көрсөтүүсүнө тыйуу салган. Бу талапты бузган журналисттер камакка алынып, жабдуулары конфискация кылынары эскертилген. Сөз эркиндигине каршы келген чара жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын, атүгүл талиптердин нааразылыгын жараткан. Үстүбүздөгү аптада кызыкдар тараптар талаштуу маселе боюнча мунасага барышты.

Бийликтин журналисттердин ишмердигин контролго алуу аракети келечекте токтоп калбайт...
М. Мудакик

Ооган өкмөтү: Бир кадам алга, жарым кадам артка

Жанкечтилердин өзүн бомбага жардырып, элди кымгуут салганын жана согушчандардын координацияланган чабуулдардын түз алып көрсөтүүгө тыйуу салууну Ооган журналисттери жана эл аралык журналисттик уюмдар сөз эркиндигин чектөө катары баалашып, нааразылык билдиришкен.

Кабылдагы Сити сентер соода борбору 26-февралдагы бомба жардыруусунан кийин. 2010

Өкмөтүнүн мындай чарага баруусуна 26-февралда Кабылды солкулдаткан кол салуулар негиз болгон эле. Ал күнү 16 киши, анын ичинде 11 чет элдик окко учуп, шаардын айтылуу соода борбору чоң чыгымга кириптер болгон.

Талаштуу маселе ушул аптада бир жаңсыл кылынды. Маалымат министрлиги жана 14 адамдан турган атайын комиссия куралдуу калабаларды түз алып көрсөтүү улантыла берсин деген бүтүмгө келди. Бирок айрым чектөөлөр да киргизилди.

Алар жөнүндө комиссиянын мүчөсү, “Азаттык” радиосунун Ооган кызматынын Кабылдагы кеңсесинин башчысы Мохммад Амин Мудакик буларды айтты:

-Жетишилген мунаса боюнча, биринчиден, журналист коркунучтуу сүрөттөрдү, өлгөн жана үзүлгөн денени көрсөтпөш керек. Экинчиден, чабуул жасап жаткан жоокерлер, ошондой эле атышып жаткандарды көрсөтүүгө уруксат жок. Аскерлерди душман бутага албагандай болууга тийиш. Үчүнчүдөн, журналист профессионалдык кодексин бекем сактап, ар кандай такталбаган жана натуура маалыматты бербеши шарт.

Мудакиктин сөзүнчө, журналисттерге өкмөт бийликти жалаң жакшы жагынан көрсөткөн материалдарды даярдабайт деп бир жагынан кысым көрсөтсө, экинчи жактан талиптер “чындыкты дүйнөгө өздөрү каалаган таризде” көрсөтүүгө пайдалангысы келет. Ошон үчүн талиптер уруш-айкаштарды түз алып көрсөтүүгө тыйуу салууну "сөз эркиндигин чектөө, жарандардын укугун бузуу" дешип сындашкан.

Маалымат күрөшү токтобойт...

Ошентсе да талиптер чет өлкөлүк журналисттерди алдап, барымтага алган учурлар да бар. Мисалы, февралда Гелманд провинциясында АКШ жана Ооган күчтөрүнүн биргелешкен операциясы башталганда талиптер жергиликтүү журналисттерге интервью сунуш кылып, “жок” дегендерин опузалап коркуткан.

Былтыр декабрда ушундай сунушка азгырылган франциялык эки кабарчыны алиге талиптер Капице провинциясында барымтада кармашууда. Талиптердин Логар провинциясындагы лашкер башчысынан интервью алганы барган “Нью-Йорк Таймс” гезитинин кабарчысы бир нече ай туткунда жүрүп, кийин эптеп качып чыккан.

Бийликтин ооган журналисттерди чылбырлап алуу аракети ошентип мурдакыдай эле текке кетти. Былтыр күздөгү парламенттик шайлоо учурундагы топлоңдорду маалымдабоо тууралуу “буйрукту” бир ууч гана журналисттер аткарган. 2006-жылы талиптер жөнүндөгү өкмөт берген маалыматты гана таратуу демилгеси да ойрон болгон.

Журналистстер үчүн улуттук кызыкчылыкка ылайык иштөө деген эмне? Бул маселени журналисттер жана өкмөт өкүлдөрү ай соңунда Кабылда болчу медиа конференцияда талкуулашат. Анткен менен, Мудакиктин оюнча, Ооган бийликтеринин журналисттердин ишмердигин көзөмөлгө алуу аракети келечекте токтоп калбайт.

Тасмада: Согушкерлер Кабулга кол салды

26-февралда Ооганстандын ордо калаасы Кабулда кол салуудан бери дегенде 17 киши набыт болуп, отуздан ашууну жараат алды. Куралчан согушкерлер 2 мейманкананы жана соода борборлорун жардырышты.

Согушкерлер Кабулга кол салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

XS
SM
MD
LG