Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Ооганстан, Пакистанда өспүрүмдөрдү жанкечтиликке колдонуу күчөдү


Ооганстан -- Жанкечти жардыруусунан кийин. Кандагар, 2010-жылдын 2-августу.
Ооганстан -- Жанкечти жардыруусунан кийин. Кандагар, 2010-жылдын 2-августу.

Өспүрүм жанкечтилерди жардырууларга колдонуу күчөшүн ооган бийликтери талиптерден көрөт

15 жаштагы ооган улан Пакистандын Пешаварындагы медреседе окучу. Ал бирөөлөрдүн жетеги менен Ооганстандын Кундуз провинциясына келип, жергиликтүү аба майданын жардырууга даярдыктан өтө баштаган.

- Алар бизди бейишке чыгасыңар дешти. Бейиш деген эмне экенин дагы айтып беришти. Андыктан мен макул болдум. Мен болсо мындай бир гана жолу берилет, экинчи жолу келбейт деп ойлодум, - деп эскерет жанкечтиликке даярданган улан.

Ал башка балдар менен чогуу «атайын планды» ишке ашырууга аракеттенип жатканда Кундуз провинциясынын коопсуздук күчтөрү кармаган.

Пакистан-ооган аймагында соңку апталарда жан кечтилер ишке ашырган жардыруулардын саны өскөнү айтылат. Маселен, жакында 9 жаштагы ооган бала жарылса, Пакистанда 12 жаштагы өспүрүм белине таңылган бомба менен кошо жарылып, денеси күлгө айланган.

Өспүрүмдөрдү мындай кескин кадамга барууга ким жетелеп, эмне түрткү болот?

Ооган бийликтери талип козголоңчулар өспүрүмдөрдү талаа лагерлеринде окутуп-даярдап, өмүрдөн кечкен кадамдарга аттандырып жатканын билдирип, айыптайт. Ооган жашыруун кызматынын маалымат катчысы Латифулла Машал талиптер «балдарды атайын топтоп, Ооганстанда жанкечтинин жардырууларына пайдаланууда» дейт.

Жакында интернет желесинде пайда болгон видео тасмада өспүрүмдөр тобунун «жанкечти жардырган бомба» оюну көрсөтүлөт. Тасма кайсы жерде тартылганы белгисиз, бирок сүрөттөрдөн Ооганстан менен Пакистанды жеңил эле боолголосо болот.

Тасмада балдардын ичинен кара кийинген бирөө калгандарын кучактап алдыга жылып келет дагы, анан кыйкырык менен коштолуп, балдар бомба жарылгандай туш-тушка ыргып, сулап жатып калышат.

Ооганстанда жанкечтиликке барган балдардын так санын аныктоо мүмкүн эмес. Учурда балдар абагында жанкечтилик менен жардыруу аракеттери үчүн 18 жашка чейинки 15 өспүрүм кармалып турат. Өткөн жылы өспүрүм балдарды согуш аракеттерине колдонгон 23 окуя катталган. Быйылкы жылы бул көрсөткүч алда канча көп экендиги белгиленет.

Ооган бийлиги Ооганстан менен Пакистандагы диний билим берген медреселер негизги ролду ойноп жатканын жүйө тартышат. Чек аралаш аймактагы экстремисттик топтор башпаанектеген жерлерде ачылган медреселер балдарды «атайын тапшырмага даярдай турган жай» катары сыпатталат.

Пакистандагы медреселерден билим алгандар ашынган экстремисттик идеологияга сугарылып, жихадга даярданып чыгып жатышканын ооган расмийлери баса белгилейт.

Пакистан болсо өз аймагындагы медрселерге карата айтылган мындай айыптоолорду төгүндөйт.

- Таптакыр жалган. Алар Пакистан медреселеринде жихадга окутулбайт. Алар тыкыр көз салууда. Айыптоолорго эч негиз жок. Андай болгон эмес, болбойт дагы. Бирок андай кылмыштар болуп жатат, - дейт ысмын жашырган пакистандык аткаминер.

Пакистан бийлигинин жогорудагыдай жообун өлкөнүн динаятчылары дагы колдойт.

- Биз динаятчылар жанкечтилердин жардыруусун угуп жүрөбүз. Бирок андай маалыматтын баары өкмөттөн чыгат.. Мындай көрүнүштөргө биз, диний кызматкерлер каршыбыз. Жанкечтилер болсо билимсиздер. Алар Исламдын атын жамынгандар, алар мусулман эмес. Мындай нерселер токтолушу керек, - деди «Азаттык» үналгысына Пакистандын Дир өрөөнүндөгү Рахм Даад молдо.

Анткен менен соңку иликтөөлөр өспүрүмдөрдүн жанкечтиликке барган себебин башкадан көрөт.

2010-жылы жарык көргөн Ариел Мераринин «Өлүмгө аттануу: жанкечти террорчулуктун психологиялык жана социалдык аспектери» (Ariel Merari, "Driven To Death: Psychological and Social Aspects Of Suicide Terrorism", 2010)деген китебинде «өз жанын өзү кыюга баргандар жашоодон туруктуу күдөр үзгөн абалда жүргөндөр», деп аныктайт.

Америкалык адис Роберт Пейп (Robert Pape) болсо чет өлкөлүк күчтөрдүн алдында калган өлкөлөрдө адамдар жанкечтиликке көп батынаарын айтат.

Пакистандын алыскы өрөөндөрүндө жашаган 10 миңден ашуун адамды камтыган иликтөөгө катышкандардын 80% катаал экономикалык шарт кимди болбосун өз жанын өзү кыюуга мажбурлап, андайлар бирөөлөргө жеңил-желпи курал болушат деп жооп беришкен.

Сурамжылоого катышкандардын дагы бир тобу ата-эне мээриминен алыс, кысым-басымдын алдында өскөн балдар түрдүү жолдорго тез азгырылып кетет деген көз карашты билдирген.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG