Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

“Мүнүшкөр” өспүрүмдөрдү күтүп алды


Нарын шаарынан жыйырма чакырым алыстыкта “Салкын-Төр” эс алуу жайынын тушунда жайгашкан өспүрүм балдардын “Мүнүшкөр” эс алуу лагерине негизинен жакыр үй-бүлөлөрдөн, жарым жана томолой жетим балдар келип эс алат.

Эс алуу лагеринде көңүлдүү күндөрдү өткөрүп жаткан балдардын маанайы жайдары:

- Менин атым Рамис, тогуз жаштамын. Бул жактан кызыктуу жерлерди көрөйүн деп келдим. Достор болуп жүрсөк дейм.

- Атым Акбар, сегиз жаштамын. Ак-Талаадан келдим. 10 күн ичинде оюндар болот, спорт менен машыгайын деп келдим. Досторду, спорт оюндарын күтөм.

- Менин атым Нускайым, 5-классты бүттүм. Мен Достук айылынан келдим. Бул жакта жакшы күндөр өтүүдө. Мага абдан жагып жатат. Бассейн болот деп күткөнбүз, бирок болбой калды, ошол өкүнүчтүү.

- Атым Кайрат. Бул жакка төртүнчү жолу келип атам. Мага жаратылыш жагат, абасы таза. Бул лагерде ар кандай интермедияларды аткарабыз, эс алганыбыз жакшы. Таза жүрүп, маданиятка үйрөнөбүз.

Нарын облустук кесиптик уюмунун айыл чарба тармагынын комитетинин төрагасы Өмүрзак Мүсүралиев бул лагерь 2001-жылдан бери иштеп жатканын айтты:

- Нарын районунан 10 күн бою балдар эс алып кетишти. Элүү баланын ичинен он жетиси социалдык жактан турмушу начар үй-бүлөлөрдөн.

18-июлдан баштап дагы элүү баланы кабыл алып атабыз.


Тарбиячылардын бири Амангелди Сыдыбаев туш-туштан келген балдарды ар тараптан агартуу иштери жүрүп жатканын кыстара кетти:

- 10 күндүк пландын ичинде “Алло, таланттууларды издейбиз!”деген темада концерт уюштурабыз. КВН өткөрөбүз. Мисалы, эки тайпа болот, 25тен бала катышат. Атайын бир күнгө белгилегенбиз, жалаң улуттук оюндарды ойнотобуз. Улуттук оюндарды боз үйдүн ичине ойношот. Беш таш, упай оюндарын ойношот.

Ооба, лагерь өспүрүмдөрдүн көңүлүнө жагат. Бирок жакшылап караган кишиге, мисалы, али союз убагынан калган керебеттердин чалдыбары чыкканын байкайт.

Жуунуу үчүн сууну арыктан алып келишет.


Лагердин жетекчиси Турду Чолпонбаева:

- Облуста жалгыз лагерь болгондон кийин облустук администрация, райондук администрация жакшыраак көңүл бөлсө болот эле. Анда төрттөн-бештен агым кабыл алганга жетишмекпиз. Убактылуу оңдоп койобуз, жыйырма күн чыдай турган акыбалда.

Кантсе да, “жоктон көрө жогору” дегендей, ушул лагердин болгонуна шүгүр деп, өспүрүмдөр бейкапар күлүп-жайнап эс алууда.

XS
SM
MD
LG