Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Паспорту жоктор да бейтапканага каттоого турса болот


Кыргызстанда паспорту жок жүргөн жарандар да мындан ары бейтапкагана каттоого тура алат. Мындай чечим Саламаттыкты сактоо министрлигинде кабыл алынганын "Азаттыкка" бүгүн Сорос-Кыргызстан фондунун коомдук саламаттыкты сактоо программасынын координатору Элим Садыков билдирди. Анын айтымында, бейтапканага каттоого туруу эрежелерине өзгөртүү 26-июнда кирди. Аны толугу бойдон ишке ашырууга төрт ай талап кылынат.

- Үч айдан кем эмес убакыттан бери жашаган жеринен справка алып келип эле каттоого тура беришет. Албетте, бул абдан жакшы өбөлгө, себеби көптөгөн жарандарыбыз каттоосу жок болгондуктан акча төлөп, жеке медициналык жардам алчу, - деди Садыков.

Садыковдун айтымында, справканы үй башкармалыктары, абактан чыккандарды каттаган мекеме, туруктуу жашаган жери жоктор баш калкалаган жайлар бере алат. Ошондой эле кош бойлууларды жана беш жашка чейинки балдарды каттоого алуу жагы да кыйла жеңилдеди.

Кыргызстанда соңку жылдары ички миграция күчөгөндүктөн паспорту жана башка өздүк документи жоктор бейтапканага каттоого тура албай келет. (RK)

XS
SM
MD
LG