Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Транзиттик борбордун мүлкү таланып жатабы?


АКШнын Транзиттик борборунун командачысы Жон Миллард Улуттук гвардиянын башкы штаб башчысынын биринчи орун басары Мирбек Имаевге Транзиттик борбордун символикалуу ачкычын тапшырууда. 3-июнь, 2014-жыл.
АКШнын Транзиттик борборунун командачысы Жон Миллард Улуттук гвардиянын башкы штаб башчысынын биринчи орун басары Мирбек Имаевге Транзиттик борбордун символикалуу ачкычын тапшырууда. 3-июнь, 2014-жыл.

"Манастагы" АКШ базасы кетеринде кыргыз өкмөтүнө өткөрүп берген 30 млн. долларлык мүлк чекесинен базарларда сатылып, менчиктелип жаткандыгы тууралуу сөздөр айтылууда.

Транзиттик борбордун транспорт каражаттары, айрым аскердик жабдыктары арзан баада сатылып жатканы тууралуу интернетте тараган маалымат коомчулукта ар кандай пикирлерге жол ачты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00
Түз линк

Аталган борбордун 30 млн. долларлык мүлктөрүн өткөрүп алган Улуттук гвардиянын маалымат катчысы Таалай Мырзабаев айтылып жаткан сөздөр чындыкка коошпой турганын, авиабазанын мүлктөрү толук кайтарууда экенин айтып ишендирүүдө.

- Азыркы учурда Улуттук гвардиянын аскерлери төрт бөлүккө бөлүнгөн борборду кайтарып жатышат. 30 млн. долларлык мүлктөр кампаларда сакталып турат. Аларды АКШ тарап расмий түрдө Коргоо министрлигине өткөрүп берген. Каражаттар өкмөттүн токтомунун негизинде гана бөлүштүрүлөт. Азыр ал боюнча комиссия иштеп жатат. Мүлктөр сыртка чыгарылып, сатылып жатат деген жалган сөз.

Мырзабаев кошумчалагандай, Транзиттик борбордун мүлктөрүн 18 мамлекеттик органдан мүчөсү бар атайын өкмөттүк комиссия 5-июлда бөлүштүрөт. Буга чейин аталган борбордун ордуна Улуттук гвардия жайгашары айтылган.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигин маалымат кызматы Транзиттик борбордун мүлктөрү таланып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар экенин, бирок өткөрүлүп берилген борбор тууралуу эч кандай түшүндүрмө бере албай тургандыгын билдирди.

АКШнын Транзиттик борбору 3-июнда өз ишин жыйынтыктап жатып Кыргыз тарапка 30 млн. долларлык имараттарды, техникалык жабдыктарды калтырган. Алардын арасында 65ке жакын транспорт техникасы, ток чыгаруучу генераторлор, телевизор сыяктуу зарыл үй жана кеңсе эмеректери бар. Борбордун кызматкери, подполковник Роберт Гробер аманат мүлктөр тапшырылып жатканда буларды айткан эле.

- Бул жерде 200дөй имарат бар. Алардын жалпы суммасы болжолу 30 млн. доллар турат. Булар темирден жасалган имараттар. Ошондой эле өзүңөр көргөндөй чатыр имараттар да бар. Булардан тышкары кыштан салынгандары да бар. Темирден жасалган имараттарды 25 жылга чейин пайдаланса болот. Ал эми чатырларды 5-10 жылга чейин колдонууга мүмкүн. Айрым транспорт каражаттарын жана генераторлорду да калтырабыз. Азыр бул жерде эмнени көрүп турсаңар, ошолордун баары калат десек болот.

“Манастагы” АКШнын аскердик базасы алгач 2001-жылы декабрда ачылган. 2009-жылы жаңы келишим түзүлүп, анын аты Транзиттик борбор болуп өзгөртүлгөн. Келишим боюнча борбордун иштөө мөөнөтү 2014-жылдын 10-июлунда аяктайт. Бул күнгө карата анда бир да америкалык аскер калбашы керек.

XS
SM
MD
LG