Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Таза парламенттик башкарууга өтүү демилгеси


Кыргыз парламенти
Кыргыз парламенти

Жогорку Кеңештин үч депутаты Кыргызстандын башкаруу системасы боюнча концепция жарыялашты. Анда таза парламенттик башкарууга өтүү, административдик-аймактык реформаларды жүргүзүү каралган. Азыркы парламенттик-президенттик башкаруу системасын таза парламенттик башкаруу системасына карай өнүктүрүү демилгеси Улуттук оппозициялык кыймыл тарабынан буга чейин эле көтөрүлүп, жаңы концепция иштелип жатканы айтылган эле. Жарыяланган концепциянын авторлорунун экөөсү оппозициялык кыймылдын активдүү мүчөлөрү.

Жаңы концепциянын авторлору, Жогорку Кеңештин депутаттары Исмаил Исаков, Өмүрбек Абдырахманов жана Равшан Жээнбеков мамлекеттик башкаруунун структурасы өзгөрмөйүн, өлкөдө өнүгүү да, реформа да болбойт деп эсептейт.

Президент Алмазбек Атамбаев элге кайрылууда. Бишкек, 31-август, 2014.
Президент Алмазбек Атамбаев элге кайрылууда. Бишкек, 31-август, 2014.

Алар азыркы кездеги президент, өкмөт, губернатор, аким жана айыл өкмөтүнөн турган беш тепкичтүү бийлик системасын натыйжасыз деп эсептейт. Авторлордун пикиринде, бул системада президент күч структураларын башкаргандыктан ал дагы эле мамлекетте негизги рольду ойноп, өкмөттүн өз алдынча болушуна мүмкүнчүлүк бербей жатат.

Жаңы концепцияда беш тепкичтүү бийлик системасын кыскартып, үч тепкичтүү - өкмөт, аймак башчысы жана айыл өкмөтүнөн турган система сунушталган.

Президентти парламент шайлайт. Ал кризистик учурда гана активдүү роль ойнойт. Өкмөт башчы аткаруу бийлигин, анын ичинде бардык күч структураларын толук жетектейт. Өкмөт болсо 11 министрликтен турат.

Жаңы концепцияда сот системасын өзгөртүү каралган. Соттордун биринчи инстанциясынын судьялары эл тарабынан шайланат. Ал эми облустук соттордун базасында апелляциялык соттор түзүлөт. 9 судьядан турган Жогорку Сот өзгөчө маанилүү маселелерди карайт.

Башкы прокуратура болсо юстиция министрлиги менен бириктирилип, өкмөттүн курамында болот. Атайын кызмат дагы реформаланып, ал чалгындоо жана контрчалгындоо бөлүктөрүнөн турат.

Албетте, бул концепция ишке ашыш үчүн Конституция өзгөртүлүш керек. Бирок азыркы кезде бизде Конституцияны өзгөртүү эмес, концепцияны коомчулукка жеткирүү максаты турат дейт анын авторлорунун бири Өмүрбек Абдырахманов:

- Биз ушул концепцияны элдин мээсине жеткиришибиз керек. Ушундай гана болсо өнүгүү болорун түшүндүрүшүбүз керек. Андан кийин убакыт көрсөтөт, качан кабыл алынышын. Азыр кабыл алынабы, кийин кабыл алынабы? Ошон үчүн маанисин элге жеткириш үчүн андан ары кетпей, концепция деп атап койдук.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, мурдагы депутат Эркин Алымбеков кандай идеалдуу концепция болбосун коомчулук өзү бышып-жетилбесе иштебейт деп эсептейт:

- Коом өзү ойгонуп, социалдык топторго биригип, өздөрүнүн кызыкчылыктарын, укуктарын так сактаганга үйрөнмөйүнчө баары бир кандай идеалдуу бийлик системасынын концепциясын сунуштаба, ал барып эле азыркы биздин коррупциялык, өзүм билемдик бийлик системасына айланат.

Эркин Алымбековдун пикиринде, азыркы бийлик системасы дагы бир-эки шайлоолор менен телчигип кетет. Ошондуктан азыркы кезде бийлик системасын өзгөртүү эмес, таза жана адилет шайлоо өткөрүү эң маанилүү маселе.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев Кыргызстан таза парламенттик башкарууга өтүш керек деп эсептейт. Бирок ага шашкалаңдык менен эмес, туруктуу түрдө барган оң:

- Мен азыр да каалап атам учак сатып алып, нары-бери учууну... Бирок бийлик системасын өзгөртүүгө жеттикпи, жете элекпизби? Ага мамлекеттик ой жүгүртүү керек. Негизинен алардын сунушу туура. Бирок ага бир күндө өтпөй, мындай перманенттүү түрдө өтүүгө аракет жасаш керек.

Кыргызстанда жоопкерчиликсиз бийлик системасы түзүлүп калганы тууралуу түрдүү деңгээлде маселе көтөрүлүп келатат. Бирок системаларды өзгөртүүдөн мамлекеттин өнүгүүсү өр алып кетпегендиктен, коомчулукта андан да көңүл калуу байкалат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG