Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Кыргызстанда суицид жашарууда


Караколдогу кыз ала качууга каршы уюштурулган акциядан тартылган сүрөт. Ысык-Көл облусунда ала качып кеткенден кийин отурбай, өзүн асып алган кыздын окуясы катталган.
Караколдогу кыз ала качууга каршы уюштурулган акциядан тартылган сүрөт. Ысык-Көл облусунда ала качып кеткенден кийин отурбай, өзүн асып алган кыздын окуясы катталган.

Акыркы кездери Кыргызстанда өзүнө-өзү кол салгандардын саны көбөйүп, суицидге барган жаштар да арбын болууда.

10-октябрь бүткүл дүйнөлүк психикалык саламаттык күнү катары белгиленет. Ага удаа таратылган Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнө жүзү боюнча 450 миллионго жакын адам психикалык жактан жабыркайт. Ошондой эле жылына 400-500 миңге жакын адам өз өмүрүн кыюуга барат. Жергиликтүү адистер бул көйгөй Кыргызстанда да орчундуу экенин белгилеп, өз жанын кыюуга мектептин кенже классында окуган балдар да барып жатканын айтышууда.

Суицидге барган окуучулар көбөйдү

Өзүнө-өзү кол салуу акыркы учурда мектеп окуучуларынын арасында көп катталганы коомчулукту тынчсыздандырууда. Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаеванын билдиргенине караганда, суицид барган сайын жашарууда.

- Буга чейин тогузунчу, онунчу класстардын окуучулары суицидге барган болсо, кийинки кезде кенже класстын окуучуларынын да өз жанын кыйган учурлары катталууда. Бул ата-энелердин балдарына көп көңүл бурбагандыгынан, үй-бүлөдөгү чыр-чатактан улам келип чыккан көрүнүш. Ошондуктан ата-энелер балдарына көбүрөөк көңүл буруп, алардын маанайын көтөрүп, баланын көзүнчө чыр-чатак чыгарбай үлгүлүү тарбия беришсе, бул сыяктуу жагымсыз көрүнүштөргө жол берилбейт эле.

2012-жылы мектеп жашындагы 76 өспүрүм өз жанын кыюуга барган. Ал эми өткөн жылдын 10 айында эле суицидге барган өспүрүмдөрдүн саны 79га жеткен. Ал эми быйылкы жылы Кыргызстанда 540тан ашуун адам өз өмүрүнө кол салганын Ички иштер министрлиги кабарлады. Алардын канчасы өспүрүмдөр экени айтылган жок. Негизи эле статистикага таянсак, өз өмүрүнө кол салгандардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Врач-псиохотерапевт Диляна Султанова анын төмөнкүдөй негизги себептерин айтты:

- Жаштар депрессияга кабылып, маанайы чөккөндө, кандайдыр бир турмуш тиричиликке байланыштуу же социалдык-экономикалык абалга жараша да өз жанын кыюуга барууда. Ошондуктан профилактикалык иштерди жүргүзүп, алар менен көбүрөөк сүйлөшүп, депрессиядан чыгууга жардам берүү керек.

Адамдар депрессияга кабылганда же башка психикалык оорууларга чалдыккан кезде адистин кеңеши аларды өз жанына кол салуудан аман сактап каларын дарыгерлер эскертишет. Бирок депрессияга түшкөн жарандардын баары эле адистин же дарыгердин кеңешин алууга мүмкүнчүлүктөрү бар деп айтууга да болбойт.

Каражат жана кадр маселеси чечилгенде...

Психикалык саламаттык республикалык борборунун жетекчиси Ураимжан Исмаилов Кыргызстанда психиатрия тармагындагы адистердин жетишсиздигинен жарандарга өз убагында жардам берилбей калып жатканын айтты:

- Бул тармактагы каржы, кадр маселеси өңдүү проблемалардан улам жарандарга өз убагында жардам берилбей жатат. Эң башкысы Кыргызстандын аймактарында психотерапевт адистер жетишсиз. Айлыктык аздыгынан жаштар бул ишке баруудан баш тартышат. Негизинен психикалык саламаттыкты коргоо жаатында реформалар жүрүп, алгылыктуу иштер жасала баштады. Акыркы 10-13 жылда психиатриалык ооруканалардагы орундар азаюуда. Бейтаптарды ооруканаларда камап алып эле дарылабастан стационарлар аркылуу же күндүзгү реабилитация бөлүмдөрдө дарылоо жүрүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда Кыргызстан боюнча психикалык саламаттыкты коргоонун бир айлыгы жарыяланган. Анын алкагында бир катар иш-чаралар уюштурулуп, өкмөттүн тапшырмасынын негизинде суициддин алдын алуу жана болтурбоо боюнча жумушчу топ түзүлүп, атайын программа иштелип чыгууда. Жумушчу топко онго жакын министрликтин жана мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлери кирген.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG