Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:00

Мугалимдер өкмөттүн кабарынан күмөн саноодо


Чатырда окуган балдар. Ак-Жар айылы, Кочкор району. 2014-жыл
Чатырда окуган балдар. Ак-Жар айылы, Кочкор району. 2014-жыл

Күздөн тарта мугалимдердин маянасы жогорулай турганы маалым болду. Бирок эксперттер бул билим берүү тармагында иштегендердин жашоосун жеңилдетпесин айтууда.

Он беш жылдан бери мугалим болуп иштеген Салтанат Кеңешованы сентябрдан баштап айлык жогорулайт деген жаңылык кубандырган деле жок. Анын пикиринде, буга чейин алып келген 8-9 миң сом 50% көбөйгөнү менен жашоосу өзгөрүп кетпейт.

Башталгыч класстын мугалими өкмөт каражат таба албай калганда эле сабактардын саатын кыскартууга өтөт деген тынчсыздануусун жашырган жок. Ал мындан бир нече жыл мурун маянаны көтөрүү реформасынан жарытылуу жыйынтык чыкпаганын жүйө келтирүүдө.

- Директор май айында жакында сааттарды кыскартышыбыз мүмкүн деп айткан. Министрлик болсо “баланча айда түкүнчө пайыз кошулганы жатат” деп айтууда. Кимисине ишенериңди билбейсиң. Анда акчаны көбөйткөнү менен бери жактан сааттарды түрдүү шылтоо менен кыскартуунун зарылчылыгы барбы? Мына мен 2-4- класстарга сабак берем. 18 саат үчүн 8-9 миң сом алам. Анын үстүндө шаарда иштеген мугалим катары бул акча мен үчүн аз,- деди Салтанат.

Негизи, 20 жылдан бери мугалимдердин айлыгын өкмөт көбөйтүп эле келе жатат. Бакиев доорунда 30% жогорулаганы жар салынганы менен, айлык төлөө принциби өзгөртүлүп, саат боюнча эсептелинип калган. Дал ушул чечимден кийин миңден ашуун педагог ишин таштап, башка жумуштарга өтүп кеткен.

- 2011-жылкы чечимден кийин мугалимдер саат талашып калышкан да. Класста канча саат отурсаң, айлык ошондон көз каранды болуп жатпайбы. Ошондуктан мугалимдин квалификациясына жараша жаңы системаны ойлоп табуу керек, - деди эксперт Маматкалил Разаев.

Бул ирет Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдер арасында күмөн жараткан сөздөрдү жокко чыгарды. Ал айлык акынын көлөмүн азайтуу үчүн окуу сабактарынын сааты кыскартылбай турганын айтууда. Анткен менен туруктуу окуу планы боюнча кыскартуулар буга чейин каралган. Бул документ 2015-жылдын аягында кабыл алынарын министр Элвира Сариева минтип түшүндүрдү.​

- Билим берүү министрлиги эч кандай кыскартууларга барбайт. Сентябрдан баштап кошула турган 50% мугалимдердин даражасына жараша бөлүнөт. Алсак, магистрди же ЖОЖду аяктагандар деп ар бирине канча кошулары так жазылган.

Буга чейин мугалимдер айлыгынын эң көбү 15 миңге чейин болору, эмгек стажы жок жаш мугалим 7 миң сом алары айтылып келген. Эксперт Мырза Каримовдун пикиринде, айлыкты ортого коюп алып мугалимдерди убактылуу сооротуп же шайлоо алдында курулай убада берип, мугалимдердин кыжырына тийүүнүн кереги жок.

- Буга чейин деле көбөйтөбүз деп бир аз кошуп коюп келишпедиби. Баары бир ал акча аз. Ак эмгеги менен иштеген мугалимдерди да түшүнсө болот. Акчанын берекеси кеткен азыркыдай маалда жарытылуу маяна албай жатышат. Кенедей баланы алдагансып улам 500-1000 сом кошуп, кайра кыскартабыз дегенче көбөйтпөй деле коюшсун да.

Маалыматка караганда, мугалимдердин акчасын көтөрүүгө быйыл 2,2 миллиард сом, келерки жылы 6,6 миллиард сом бөлүү пландалган. Буга чейин айлык-маянанын көбөйүшү биринчи кезекте жаштардын мугалимдик кесипке көбүрөөк тартыларына түрткү болору айтылып келген. Бирок күздөн баштап кошулчу 50% мугалимдерди канчалык шыктандырарын убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG