Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Доллар менен алынган насыя сомго которулабы?


Митингге чыккандардын плакаттары. 27-ноябрь, 2015-жыл
Митингге чыккандардын плакаттары. 27-ноябрь, 2015-жыл

Улуттук банк президенттин тапшырмасы менен бюджеттик кызматкерлердин доллар менен алган насыяларын сомго трансформациялоо боюнча механизмдерди бир апта ичинде иштеп чыкканы жатат.

Өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, анда бюджеттик кызматкерлердин жана калктын социалдык камкордукка муктаж катмарынын доллар менен алган насыяларын улуттук валютага которуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Толкунбек Абдыгулов бир апта ичинде банк доллардык насыяларды сомго которуунун механизмдерин иштеп чыгып, ал өкмөткө сунушталарын билдирди.

- Банктардын баарын бир сыйра карап, арасында канчасы бюджеттик мекемеде иштегендер, канчасы аз камсыздалгандар экенин тактап туруп, насыяны сомго которуу механизмин сунуштайбыз. Аны тактаган соң насыя кайсы курс, канча пайыз менен которулат, өкмөт жардам береби же жокпу деген маселелерди бир апта ичи аныктап чыгабыз.

Сабыры качкан соодагерлер

Бул арада 27-ноябрда "Дордой" базарында иштеген 20га жакын соодагер өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Алар Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргени соода солгундап кеткенин, ага кошумча доллардын кунунун өсүшү насыя төлөөдөгү айырманы өтө чоңойтуп жибергендигин айтып, мамлекеттен жеңилдиктерди сурап жатышат.

"Дордой" базары
"Дордой" базары

"Дордой" базарында беш жылдан ашык иштеп келаткан Нурайым Эшбаева 17 миң доллар насыя үчүн бир жарым жылдан бери төлөп келаткан үстөк пайызы негизги суммага жакындап калганын айтып кейиди. Базарда соода солгундаганы ал же насыясын төлөй албай же саткан товарынын пайдасын көрө албай, айласы кеткенде көчөгө чыгууга аргасыз болгонун айтты:

- Ошондо мен 750 миң сомдун үстөк пайызын бир жарым жылдан бери төлөп келатам. Доллардын курсу өсүп отуруп, пайызга эле 600 миң сом төлөптүрмүн. Мен эч пайда көрө алган жокмун. Доллар кымбаттаган сайын товарымды сатып эле кредитке берип жаттым. Азыр "Дордойдо" соода болбой калды. Соодагерлер эле отурабыз.

Базарда бут кийим менен иштеген Эшбаева буга чейин үч жолу кредит алып, өз учурунда эле төлөп келгенин, бул жолу деле аны төлөөдөн качпай тургандыгын, болгону бир аз жеңилдик берилсе деген үмтөтүп турганын белгилейт.

- Акчаны сомго которгон күндө да башында кайсы курс менен алсак, ошол курс менен которуп берсин. Төлөп беребиз. Биз качпайбыз, канча жылдан бери төлөп эле келатабыз. Биз буга чейин өкмөттөн эч кандай жардам алган эмеспиз. Ысык-суукка карабай иштеп жатабыз.

"Тең саясат, чукул реформа зарыл"

Экономист Кубан Чороев Кыргызстанда бюджеттик кызматкерлердин басымдуу бөлүгү аз суммадагы керектөө насыяларын аларына, ал дагы негизинен сом менен берилерине токтолот. Ал Кыргызстанда ири өлчөмдөгү долларлык насыялар негизинен ишкер чөйрөгө берилерин эске алганда мамлекет бул маселеде бардык жарандарга тегиз жардам берүү жагын караштырышы керек деген ойдо.

Талдоочу мамлекеттин бюджеттик гана кызматкерлердин абалына көңүл буруп жатышын каражаттын жетишсиздиги менен байланыштырат.

- Структурасын карай келгенде алардын саны аз эле болот. Ошого карап, өкмөт анализ кылып, "биз бюджеттен ушунча эле акча бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар" деп, ошо менен чектелип жатат деп ойлойм. Бирок Улуттук банктын резервдерин, акча саясатынын инструменттерин колдонуу менен бардык жарандарды каржылаш керек. Анткени ошол эле коммерциялык банктарда да коррупциялык схемалар башталат. Анткени кимге кандай трансформация кылуу тууралуу так критерийлер жок. Мындай жол менен кете берсек банктык кризиске келишибиз мүмкүн. Мына азыр "Дордойдогу" соодагерлер чыгып жатышат. Банктар болсо аларды күрөөгө койгон кыймылсыз мүлктөрүн сот аркылуу ала баштайт. Бул нерсе массалык боло баштаса, анда бул социалдык жаман кесепетке алып келет, саясий маселеге да айланып кетиши ыктымал. Биз баары бир акча системасынын реформасына барышыбыз керек.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы айрым банктар доллар менен алынган насыяны сом менен кайтарууга макул болгон учурлар дагы бар. Бирок алар долларды сомго которгондо насыя алган учурдагы курс менен эмес, азыркы баада эсептегендиктен бул деле кардарлардын санаасын тынчытчудай эмес.

Чайкоочулукка каршы чаралар

Кыргызстанда бул күндөрү доллардын баасы кескин кымбаттоодо. Ушул тапта Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардан 1 доллардын баасы сатып алууда 76-77 сомго бааланып жатат. Коомчулукта 1 доллардын баасы жакында сексен сомдон жогорулайт экен деген сөздөр да элдин тынчын алууда.

Валюта рыногундагы соңку кырдаалга байланыштуу 27-ноябрда өткөн өкмөттүк жыйында премьер-министр Темир Сариев сомду турукташтыруу чараларына токтолуп, мамлекеттик органдар бардык эсептешүүлөрдү улуттук валютада гана жүргүзүшү керектигин, товар жана кызмат көрсөтүүнүн баалары, жарыяда көрсөтүлгөн маалыматтык материалдарды да улуттук валютада жүргүзүүнү милдеттендирүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары ал тийиштүү органдарга акча алмаштыруу жайларынын ишин көзөмөлдөөнү тапшырды. Буга чейин Улуттук банк доллардын өсүүсүнө ортодо акча жасаган чайкоочулар күнөөлүү деп билдирген эле.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG