Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Бразилия: Олимпиада кризиске туш келди


Президент Дилма Русефке каршы акциядан бир көрүнүш
Президент Дилма Русефке каршы акциядан бир көрүнүш

Рио-де-Жанейродогу Жайкы Олимпиадага туура 100 күн калды. Бул дүйнөлүк ири спорттук мелдеш Бразилия үчүн кыйын мезгилге туура келүүдө.

Бир четинен өлкө экономикалык жана саясий кризиске кептелсе, экинчи жагынан Зика вирусунун тарашы да бир топ тынчсыздануу жаратууда.

Төрт жылда бир өткөрүлчү Олимпиада оюндарын кабыл алчу өлкө кеминде он жыл алдын ала белгилүү болгону менен, ири спорттук мелдешке даярдык көрүү оңой иш эмес.

Риодогу таймаштар өтчү спорт аянтчалары, комплекстер өз убагында курулуп бүтпөй калат деген кооптонууларга карабай, Бразилиянын спорт министри объекттер августка чейин даяр болот деп бекем ишенет. Спорт министри Рикардо Лейсер CCTV каналына буларды айтты:

- Инфраструктура 98% бүттү. Ири курулуштардын ичинен аягына чыга электер жок. Процесстин башынан эле же 2007-жылы Пан Америка оюндарына кам көрө баштаганда бардыгы жакшылап пландалган. Бразилияга зарыл болгон инфраструктура менен камсыздоого, өз спортун өнүктүрүүгө он жыл убакыт берилген, ар нерсе жакшы уюштурулган. Олимпиада оюндары ийгиликтүү өтөт деп ишенем.

Баса, спортчулар 15-20-апрель күндөрү жаңы ачылган Суу стадионун сынап көрүп жакшы пикирде калышты. Сууда сүзүү жана ватерпол боюнча мелдештер өтчү Аква борбор 15 миң кишини кабыл ала алат. Канадалык спортчу Санто Кондорелли:

- Бассейн мени таң калтырды, аябай жакшы экен. Албетте оюндарга чейин майда бир иштер бүткөрүлөр. Бирок жарыштар үчүн абдан жакшы шарт түзүлүптүр.

Олимпиада Бразилия үчүн кыйын мезгилге туура келүүдө. Жаздын алгачкы айлары өлкөдө ири митинг, нааразылык акциялар менен коштолду. Бир четинен өлкө экономикасынын өнүгүүсү дээрлик токтоп рецессияга батты, улуттук акчанын куну качууда. Ага кошул-ташыл саясий кризис тутанып, президент Дилма Русефтин рейтинги болуп көрбөгөндөй төмөндөдү. Өткөн жылдын этегинде эле козголо баштаган импичмент маселеси реалдуу болуп калды.

25-апрелде Сенат президентти кызматтан кетирүү маселесин иликтей турган комиссиянын мүчөлөрүн жарыялады. Буга чейин Бразилия конгрессинин төмөнкү палатасы мамлекет башчыга импичмент жарыялоо чечимин кабыл алган.

Жогорку палатанын депутаттары да ал мыйзам долбоорун колдошсо, Русефтин ыйгарым укуктары автоматтуу түрдө токтотулат. Соттук териштирүү аяктамайынча, президенттин милдеттерин вице-президент Мишель Темер аткарып турмакчы.

Русеф коррупция, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана шайлоо кампаниясын мыйзамсыз каржылоо үчүн айыпталууда. Президент өзү жана тарапкерлери дооматтарды четке кагып, муну мамлекеттик төңкөрүш аракети катары сыпаттоодо. Бирок спорт министри Лейсер саясий кырдаал оюндарга камынуу иштерине таасир этпейт деп ишендирди:

- Азыркы саясий абал даярдык иштерине залакасын тийгизбейт. Бирок кээ бир адамдар Олимпиадага эмес, саясий олку-солкуга көбүрөөк көңүл бурууда. Бардык саясий маселелер жакын арада жөнгө салынат деп ишенебиз жана Олимпиада, параолимпиада оюндары жакынкы айларда көңүл чордонунда болот деп күтөбүз.

Олимпиада оюндарын кабыл алуу, албетте, стадиондорду, инфраструктураны куруу менен чектелбейт. Спортчулар, калыстар, расмий делегациялар, күйөрмандар чогулчу мындай ири иш-чаранын коопсуздугун камсыздоо чоң иш.

Спорт министри Бразилия буга чейин алты ири эл аралык иш-чараны ийгиликтүү уюштурганын айтып, Риого 9 миңден көп полициячыдан тышкары аскерлер тартыларын, аларга жардамга заманбап технологиялар бөлүнөрүн белгиледи.

Коопсуздук демекчи, өткөн жылдан бери өлкө Зика вирусунун эпидемиясы менен алпурушуп келатат. Чиркейлерден жуккан бул илдет адам өмүрүнө тикелей коркунуч жаратпаса да, анын кесепеттери өзгөчө кош бойлуу аялдар үчүн өтө оор болушу мүмкүн.

Расмий маалыматтарга караганда, Бразилияда Зика менен бир миллиондой киши ооруп айыкты. Вирустун белгилери айрым убакытта сезилбей да калышы мүмкүн. Бирок Олимпиада өткөрүлгөн убакытта чиркейлер көп болбойт. Ошентсе да адистер калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Олимпиаданы уюштуруу комитети бул багытта биргелешип иш алып барышууда.

XS
SM
MD
LG