Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Стамбулда 98 кытайлык уйгур жасалма кыргыз паспорту менен кармалды


Стамбулдун "Ататүрк" аба майданы
Стамбулдун "Ататүрк" аба майданы

Стамбул шаарында Сауд Аравияга учууга камынган 98 уйгур жасалма кыргыз паспорту менен кармалганы боюнча Кыргызстанда иликтөө башталат.

"Ататүрк" аэропортунда Кыргызстандын консулунун катышуусу менен иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Стамбулдагы консулдуктун катчылыгынан “Азаттыкка” кабарлашты. "Ататүрк" аэропортунан кыргыз паспорту менен 98 кытайлык уйгурлардын кармалышы боюнча окуя түрк полициясы менен чогуу иликтенет.

Түркиянын Нurriyet басылмасы аэропортто уйгурларга кыргыз паспортторун алып келген төрт киши кыргызстандыктар эмес экенин билдирет. Учурда иликтөөнүн расмий жыйынтыгы күтүлүүдө.

Кыргызстанда иликтөө башталат

Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында депутаттар Алмамбет Шыкмаматов жана Кенжебек Бокоев Стамбулдагы окуяга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринен маалымат алуу керектигин айтып чыгышты.

Депутат Бокоев бул маселе мурда да каралганын, Жогорку Кеңеште тиешелүү токтом кабыл алынганын, бул жолу ошонун аткарылышын талкуулоо зарылдыгын көтөрдү:

- Билесиңер, Грузиянын криминалдык авторитети, Казакстандын качып жүргөн олигархы Аблязовдон табылган биздин паспорттор. Кылмыштуу топтордун колунда ИИМдин, ЗАГСтын, архивдин жана башка мекемелердин жүздөгөн мөөрлөрү табылган.

18-майда Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев чукул жыйын өткөрүп, Стамбулда кармалган паспорттор боюнча тапшырма берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди:

- Мамкаттоо кызматы дипломатиялык жолдор аркылуу Түркия тарапка кайрылып, кармалган паспорттордун серия, номурларын тез арада берүүсүн суранды. Эгер маалымат келсе, алар боюнча биздин база аркылуу текшерүү жүргүзүлөт. Алдын ала маалымат боюнча паспорттор жасалма болгон.

16-майда Үрүмчүдөн Түркияга учуп келишкен уйгур улутундагы 98 адам жасалма кыргыз паспорту менен Стамбулдун "Ататүрк" аба майданында кармалды. Алар аэропорттон Түндүк Кипрге учакка билет алышкан. Паспорттук көзөмөлдөн Түндүк Кипрге бараткан билеттерин көрсөтүп, транзиттик залга өтүшкөн. Ошол жерде төрт кишиден турган топ (К.Т., А.С., К.А., К.Р.) кытайлык уйгур жүргүнчүлөргө Кыргызстандын паспортторун беришкен.

"Уйгурлар ар бир жасалма паспорт үчүн 2500 евро жана ар бир билетке 300 доллардан төлөшкөн" деп кабарлайт Нurriyet басылмасы.

"Түрк аба" жолдорунун Жидда шаарына багыт алган учагына бет алган маалда полиция алардын артынан акмалап барып, 98 уйгур менен бирге төрт кишини учакка отура электе кармаган.

Түрк медиа каражаттары расмий иликтөө иштери бүткөндөн кийин 98 уйгур Кытайга депортацияланат деп жазууда. Паспорт саткан төрт кишинин жарандыгы тууралуу маалымат айтылган жок.

Кытайдагы уйгур тектүү жарандар Европага чыгуу үчүн Кыргызстандын паспортун сатып алып алган учурлар буга чейин дагы ачыкка чыккан.

Стамбул аэропортунда кармалгандардан алынган кыргыз паспорттору Кыргызстанда же өлкө сыртында жасалганы тактоону талап кылат.

XS
SM
MD
LG