Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Кыргыз жүгү орус чек арасында жылбай турат


Кыргыз жүк ташуучулары 6-июлдан бери орус-украин чек арасында жылбай турат.
Кыргыз жүк ташуучулары 6-июлдан бери орус-украин чек арасында жылбай турат.

Орусия 1-июлдан тарта Украинадан келаткан жүктү өз аймагы аркылуу транзиттик түрдө Казакстанга жана Кыргызстанга өткөрүүгө тыюу салды.

Кыргызстанга Европа өлкөлөрүнөн, Түркиядан келаткан товарлар 6-июлдан бери украин-орус чек арасында кармалып турат. Кыргызстандык ишкерлер мындан оңой эмес чыгашага учурап жатканын билдиришти.

Ишенген кожоң бул болсо...

Бир нече жылдан бери Түркиядан Кыргызстанга товар ташуу менен алектенген UBS жүк ташуучу компаниясынын жүктөрү украин-орус чек арасында 6-июлдан бери өткөрүлбөй турат. Мындан жүк ташуучулар гана эмес, ага жүктөлгөн товарларын күтүп отурган ишкерлер да жабыркаганын айтты компаниянын башкы директору Талантбек Маткерим уулу:

- Украинадан келаткан транзиттик жүктөр 6-июлдан бери украин-орус чек арасында жылбай турат. Биздин өкмөт буга байланыштуу Орусияга кайрылды деген маалымат алдык. Бирок ага качан жооп болот, кандай жооп болот, бул орус бийлигинин бюрократиясына байланыштуу.

Кыргыз жүк ташуучуларынын унаалары
Кыргыз жүк ташуучуларынын унаалары

Ишкерлер Кыргызстан ЕАЭБ мүчөсү экенине карабай, орус бийлиги мындай катаал мамиле жасап жатканына таң калышууда.

Анткени орус бийлиги Украина аркылуу чыккан жүк ташуучу автоунааларга транзиттик чектөө киргизгенге чейин эле, Түркия менен мамилеси катаалдашкан мезгилде да кыйынчылык биздин ишкерлерге түшкөн.

UBS жүк ташуучу компаниясынын башкы директору Талантбек Маткерим уулунун айтуусунда, ноябрь айынан бери эле Орусия аркылуу жүк алып өтүү оорлоду:

- Өткөн күздө Орусия менен Түркиянын мамилеси начарлап, орустар чек арасын жапкан күндөн тартып, биздин жолдогу жүктөрүбүз ара жолдо калган. Айла жок, биз жүктүн багытын өзгөртүп, Иран аркылуу алып келдик. Бизге окшоп, жүгүнүн багытын өзгөрткөндөр аябай көп болгондуктан, ар бир чек арада кезек күтүү, кошумча чыгаша болуп отуруп, Кыргызстанга жеткиргенбиз. 10-15 күндө келүүчү жүктөр бир ай, кээде бир жарым айга чейин жолдо калып жатышты.

Кыргызстандык жүк ташуучулар ириде Түркия же Европадан чыккан жүктү автоунаа же поезд менен Украинага, андан Орусия, Казакстан аркылуу алып келишет. Бул багыт менен Кыргызстанга жүктөр 12-15 күн аралыгында жетет. Ал эми Орусия чектөөлөрдү киргизгенден бери жүктүн келүүсү үч-төрт жумадан, айрым учурларда бир-эки айга чейин созулууда.

Альтернативдүү жолдордун түйшүгү түмөн...

Кыргызстанга Түркия же Европадан келүүчү товарларды мындан тышкары дагы эки жол менен алып келүүгө болот. Биринчиси - Түркия-Грузия-Азербайжан-Казакстан-Кыргызстан багытында болот. Мында жүк негизинен автоунаа менен ташылат да, Грузиянын тоолуу жолдору менен жүрүп отуруп, Азербайжандан Каспий деңизи аркылуу паром менен Казакстандын Ак-Тау шаарына келип, андан бери Кыргызстанга бет алат.

Орус-украин чек арасындагы жүк ташуучулар
Орус-украин чек арасындагы жүк ташуучулар

Экинчи жол - Түркия-Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кыргызстан аркылуу автоунаа менен ташылат.

Бул багытта жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары жана жүк жандоочулары Иран менен Түркмөнстанга виза алууга тийиш болот. Ошондуктан бул жол аркылуу жүк ташуунун түйшүгү көбүрөөк дешет ишкерлер.

Ага карабай кыргызстандык ишкерлер жүгүн Иран-Түркмөнстан аркылуу ташууга аргасыз. Алсак, “Маркаш” деп аталган ишкана башчысы Жоодар Омошовдун Түркиядан чыккан жүктөрү Иран аркылуу 28 күндөн бери жолдо келе жатат:

- Орусия тыюу салгандан кийин Кыргызстанга эле эмес, Казакстанга жана башка өлкөлөргө багыт алган жүктөр да багытын өзгөртүп, Иран аркылуу жөнөштү. Биз Украин-Орусия чек арасындагы кырдаалды угуп, жүгүбүздү Иран аркылуу салганбыз. Мына, 28 күндөн бери жолдо. Азыр Иран-Түркмөнстан чек арасында турат.

Айрым маалыматтар боюнча, ушул тапта украин-орус чек арасында Кыргызстанга жана Казакстанга багыт алган 72 вагон турат, булардын ичинен 30 вагон жүк Бишкекти көздөп чыккан. Мындан тышкары ондогон жүк ташуучу автоунаалар турганы айтылууда. Алардын көпчүлүгү Түркиядан, Украинадан жана Европа өлкөлөрүнөн келаткан товарлар.

Транзиттик чектөө баанын кымбатташына алып келет

UBS жүк ташуучу компаниясынын башкы директору Талантбек Маткерим уулунун айтуусунда, ар бир жүк ташуучу унаанын бир күндүк чыгашасы 200-300 долларга чаап кетүүдө. Анткени, айдоочуларга сарпталган чыгашадан сырткары, орус бийлиги чек арада кармалып турган автоунааларды атайын бажы кампаларына токтотууну талап кылууда. Кампада турганы үчүн жүк ташуучу ар бир унаа саатына акы төлөп турууга тийиш. Ошондой эле жүктү кечиктиргени үчүн алардын ээлерине кошумча акы төлөп берүү милдети бар.

Өткөн күздө Орусия менен Түркиянын мамилеси начарлап, орустар чек арасын жапкан күндөн тартып, биздин жолдогу жүктөрүбүз ара жолдо калышкан.

Минтип товардын жолдо узак кармалуусунан жүк ташуучу компаниялар гана эмес, жүктөрдүн ээлери да чоң чыгашага учуроодо. Анткени, андагы товарлардын арасында бат бузулуучу азык-түлүктөн тартып, мезгил алмашкан сайын суроо-талап алмашуучу кийим-кечелерге чейин бар.

Түркиядан килем ташып алектенген “Маркаш” ишканасынын жетекчиси Жоодар Омошовдун айтымында, улам кечиккен жүктүн артында олчойгон чыгашалар жатат:

Чек арадагы жүк ташуучулар
Чек арадагы жүк ташуучулар

- Биз товарларды накталай жана узартып төлөө жолу менен алабыз. Ушул келаткан товарларды узартып төлөө жолу менен алган элек. Ошондуктан, мен товарларымдын акчасын Түркиядан чыккан күндөн тартып, төлөй баштоого тийишмин. Эгер орустар транзитке тыюу салбаганда, товар колума тийип, анын кандайдыр бир бөлүгүн сатып үлгүрмөкмүн. Азыр болсо жолдо келаткан товарга акча төлөөгө туура келүүдө. Эми мен тааныштардан карыз издешим керек. Экинчиден, кардарларымды жоготуп жатам. Алар да мага кандайдыр бир деңгээлде товарга буюртма беришет. Үчүнчүдөн, мен иштебей туруп, мамлекетке да салык төлөй албайм. Демек, мамлекеттик казына да жабыркап жатат. Бул маселе чечилиши керек. Эмне үчүн биздин союздашыбыз Орусия бизге келе жаткан, эл аралык макамы бар жүктөрдү өзүнүн чек арасы аркылуу өткөрбөй коет? Буга кандай укугу бар?

Орус бийлигинин транзиттик чектөөлөрүнө байланыштуу ишкерлер өкмөткө кайрылышкан. Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул маселе боюнча атайын тапшырма берген. Ага ылайык, вице-премьер-министр Олег Панкратов Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Шуваловдун атына кат жазып, бул маселе боюнча сүйлөшүүнү сунуштады. Азырынча орус тараптан эч кандай жооп боло элек.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG