Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Чуусу чубалган паспорттор


Парламенттин тийиштүү комитети өлкөдө мыйзамсыз паспорт берилип жаткан көрүнүштү талкууга алып, өкмөт жасалма паспорткө бөгөт коюу боюнча жетиштүү иш алып барбай жатканына нааразы болушту.

Жасалма паспорт боюнча акыркы бир жыл ичинде прокуратура 42 кылмыш ишин козгосо, УКМК 66, ал эми ИИМ 75 иш козгогон. Бул көрсөткүчтөр жарандарга паспорт берүүдө абал канчалык чаташып кеткенине күбө.

Кыргыз паспорту "ууруларда" жүрөт

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Мирлан Жээнчороевдин айтуусунда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын паспортторун жасаган трансулуттук кылмыш тобу бар. Атүгүл кыргыз паспорттору башка өлкөлөрдүн “мыйзамдагы ууруларынын” колдоруна чейин өтүп кетти.

Мирлан Жээнчороев
Мирлан Жээнчороев

- Миңдеген паспорттор жасалып жатат. Кыргызстандын паспорту бул улуттук атрибут, анда “паспорттун ээси Кыргыз Республикасы” деп жазылып турат. Бирок биздин паспортту кимдер көтөрүп жүрөт? Грузиядагы “мыйзамдагы уурулар” Илья Самсония, Роман Борбакидзе, Таймурас Сантерашвили алып жүрөт. Мындан башка Өзбекстандагы диссидент Умурали Куватов, орусиялык кылмышкер Ян Лебедев жана башкаларын айтпай эле койоюн.

Жасалма кыргыз паспорттору кыйырга чейин тарап кеткени былтыр жазында дагы бир ирет далилденген. Анда Стамбул аэропортунда уйгур тектүү адам 98 кыргыз паспорту менен кармалган. Окуяга шектүү жалпысынан беш адам аныкталып, анын үчөө кыргыз жараны экени аныкталган.

УКМКнын төрага орун басары Рустам Мамасадыков ЖК комитетинде айтып жатып, алынган 98 паспортту Түркия бийлиги азыркыга чейин Кыргызстанга жөнөтө электигин, аны менен чогуу кармалган үч жаранды да өткөрүп бербегенин кошумчалады. Анткен менен УКМК өкүлү Өзгөн жана Сузакта азыркыга чейин паспорттор мыйзамсыз жасалып келерин моюнга алды.

- Чындыгында эле Сузак жана Өзгөн райондорунда жасалма паспорттор чыгарылат деген бизде маалыматтар бар. Айрыкча Сузакта “узун көчө”, “паспорт көчө” деген аталыштар бар экен. Алардын арасында колго түшүп, камалып жатканы да бар. Бирок, түрмөдөн чыккандан кийин кайра эле жасалма паспорт менен шугулданган фактылар бар. Бул маселе боюнча ИИМ жана Каттоо кызматы менен бирге иштеп жатабыз. Жакын арада туңгуюктан чыгышыбыз керек.

Сарпашев: система оңолот

Анткен менен Мамлекеттик каттоо кызматы жакынкы убакта кыргыз паспортторун мыйзамсыз чыгаруу таптакыр мүмкүн болбой кала турганына кепилдик берүүдө. Аталган кызматтын төрагасы Тайырбек Сарпашев учурда электрондук системанын кириши менен документтерге борбордук аппарат көзөмөл кылып калганын айтат. Ал эми биометрикалык паспорт бериле баштаса, жасалма паспорттун доору аяктайт деп депутаттарга айтты.

- Биздин системада жасалма паспортту жасаш татаал. Анткени кайсы оператор жасаганын, ким кол койгонун электрондук түрдө билип койсо болот. Азыр ар бир жылчыкты жаап келатабыз. Эми быйыл жаңылануунун алдында турабыз. Берилчү биометрикалык ID картаны жасаштын кереги жок болуп калат. Анткени базада анын электрондук элеси болот. Ал жасалмабы же мыйзамдуу паспортпу укук короочу, чек арачылар дароо базадан текшерип биле алат.

Тайырбек Сарпашевдин сөздөрү депутаттарды ынандыра алган жок. Тескерисинче депутаттар Каттоо кызматынын төрагасы оркойгон кемчиликтерди көрбөй жатат деп айыпташты.

Эл өкүлү Аида Салянова акыркы жылдары жасалма кыргыз паспорттору дүйнөгө буга чейин болуп көрбөгөндөй таанылганын айтат. Андыктан прокуратура паспорт берүү системасын кайрадан Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү маселесин карап чыгыш керек.

Аида Салянова
Аида Салянова

- Акыркы жылдары жасалма паспорттордун катарында Кыргызстандын паспорттору айтылып жатат. Мыйзамсыз жүргөн паспорттордун ээсин карасак Кыргызстандын башы чыгып калып, бул бизге аброй алып келген жок. Мунун бардыгы жалпы өлкөнү жаман көрсөтүүдө. Ошол эле учурда баяндамада бизге “баары жакшы” деп айтып жатышат. Паспорт маселеси жетчү чегине жетти, биз маселенин олутташып кеткенин ачык айтышыбыз керек.

Депутаттарды өкүндүргөнү жасалма паспорт менен козголгон кылмыш иштердин жарымы сотко жетпей токтоп калган. Ал эми сотко жеткени аз айып төлөп кутулушууда. Мындан башка Каттоо кызматында жасалма паспортко байланыштуу жетекчи кызматтагылар жоопкерчиликке тартылбай жатканынан улам депутаттар паспорт системасын иликтеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзмөй болушту.

Буга чейин Коргоо кеңеши системалык коррупцияны жоюу маселесин талкуулап, анын ичинде паспорт берүү системасын жаңылоо боюнча деталдуу план иштелип чыккан. Ага ылайык, Каттоо кызматына паспортко керектүү документтерди электрондук негизде чогултуп, системага акыркы технологияны киргизүү тапшырмасы берилген.

Тамырлаган паспорт жасоо кылмышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:55 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG