Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Ооганстан: "Өлтүргүчтөр командасынын" капралы соттолду


"Өлтүргүчтөр командасынын" кылмышын ашкерелеген Der Spiegel журналындагы сүрөттөр. 21-март, 2011-жыл
"Өлтүргүчтөр командасынын" кылмышын ашкерелеген Der Spiegel журналындагы сүрөттөр. 21-март, 2011-жыл

Ооганстандын укук коргоочулары “Өлтүргүчтөр командасы” атыгып калган америкалык аскерлер жасаган кылмыштарды кеңири иликтөөгө чакырышты.

Мындай чакыруу куралсыз ооган жарандарын өлтүргөн америкалык аскер 24 жылга эркинен ажыраткандан кийин жасалды. Андан мурдараак америкалык жоокерлер “атып өлтүрүлдү” деген оогандардын жасаты менен түшкөн сүрөттөр басма беттерине жарыяланган.
Капрал Жереми Морлок (солдо) жана катардагы жоокер Андрю Холмс (оңдо). Германиянын Der Spiegel журналына басылган сүрөттөр.

Капрал Морлок 24 жылга кесилди

23-мартта АКШнын аскерий соту Жереми Морлокту үч иш боюнча 24 жылга эркинен ажыратты. Сот 22 жаштагы аскер адисин Кандагар провинциясында былтыр январь, февраль жана май айларында үч ооган эркекти өлтүрүүнүн негизги уюштуруучусу деп тапты. Морлок куралсыз оогандарды күм-жам кылышып, кийин согуштук кырдаалда өлтүрүлгөн деп жарыялаган беш жоокердин иши боюнча соттолгон биринчи америкалык аскер.

Аскерий сот, генерал-лейтенант Кваси Хоукстун сөзүнчө, Морлокту өмүр бою эркинен ажыратмак болуп жаткан. Ал сот менен кызматташып, шериктерин атагандан кийин жаза жеңилдетилген.

Куралсыз оогандарды өлтүргөнү үчүн “Өлтүргүчтөр командасы” деген лакап атка конгон Морлоктун взводунун он үч мүчөсүнө каршы кылмыш иши ачылган.

21-мартта Германиянын “Шпигель” (Der Spigel) журналы америкалык аскерлердин кылмышын ашкерелеген сүрөттөрдү жарыялаган. Алардын биринде Жереми Морлок денеси канга бойолгон өлүктүн чачын кармап, обьективге карап турат. Бул сыяктуу дагы миңдеген сүрөттөр жарыяланат деп күтүлүүдө.

Тергөө жана сүрөттөрдү жарыялоо ооганстандык адам укугун коргоочулардын башка да мыйзамсыздыктарды иликтөө жүргүзүлүүнү талап кылуусуна түрткү берди. “Ооганстандагы укуктар мониторинги” (ARM) уюму ушу аптада АКШ өкмөтүнө кайрылды.

АКШнын аскерий машинесине илинип турган 50 калибрлүү октор. Кандагар провинциясы. 23-март 2011
Көзкарандысыз уюм Ак үйдү “Өлтүргүчтөр командасы” жасагандай кылмыштар кайталанбасы үчүн Ооганстандагы бардык аскерий бөлүктөрдү, атайын күчтөрдү (Special Forces), жеке келишим менен иштегендерди, жергиликтүү жалданма аскерлерди жана ар кандай жарым аскерий мекемелердин ишин токтоосуз иликтөөгө чакырат. Уюмдун башчысы Ажамал Самадинин “Азаттыкка” айтышынча:

- Кайсы бир аскерий топтун Ооганстанда жасаган кылмышын аныктоо аябай кыйын. Бул чоң проблема. Эгер Ооганстандын коогалаңдуу бөлүгүнө барсаңыз, адамдар чет элдик аскерлер, ооган аскерлери жана согушчандар аралашкан түрдүү окуяларды айтып беришет. Ооганстанда чөйрө аябай кылмыштуу болуп кеткен деп эсептейбиз. Кылмыштын бардык түрлөрү жасалууда. Бул коогалаң үчүн жарандар өтө эле кымбат төлөшүүдө.

Болочокто Морлоктун жазасы жеңилдетилиши мүмкүн
Америкалык жоокер Хосроу Олуя кыштагындагы каналдын курулушун күзөтүп жүрөт. Кандагар провинциясы. 3-январь 2011

Морлок сот болордон мурда анын взводунун колунан өлгөн адамдардын жакындарынан жана Ооган элинен кечирим сураган. 23-мартта аскерий сот Хоуктун билдиришинче, Жереми Морлок жети жылдан кийин мунапыс ала алат. Ал эми армиядан эч кандай акчалай жөлөк пул албай бошотулат.

Адам укугу жана айлана чөйрөнү коргоо уюмунун төрагасы Абдул Рахман Хутаки болсо Жереми Морлок жасаган кылмышына жараша жазаланбады деп санайт. Ал бирок эл аралык аскерлер жасаган кылмышы үчүн эртеби-кечпи жооп бериши керек дейт:

- Биз Баграм түрмөсүндөгү туткундарды кыйнагандар же өлтүргөндөр ошондой эле башка провинцияларда адамдарды кыйнагандар эл аралык жана Америка сотунда ушундай эле жоопко тартылууга тийиш деген ишеничтебиз. Бул согуш майданында жүргөндөргө олуттуу сабак болот.

“Шпигель” журналында сүрөттөр жарыялангандан кийин Ооган президенти Хамид Карзайдын өкүлү да жогорудагыдай пикирин билдирген эле.

“Эгер Америка Кошмо Штаттары Ооган эли жана өкмөтү менен достук мамиледе болууну жана өлкөдө калууну кааласа, жарандарды өлүм-житимге алып барчу операцияларды токтотушу керек”-деди Вахид Омар жана эл аралык күчтөрдүн жоопкерчилигин дагы күчөтүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG