Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

“Азаттык” радиосу режиссердун жардамчысы жана үн режиссеру кызматына сынак жарыялайт


“Азаттык” радиосу режиссердун жардамчысы жана үн режиссеру кызматына сынак жарыялайт.

Кызматтын талаптары:

Режиссердун жардамчысы ар кандай телепрограммаларды, алардын ичинен түз эфирлерди камсыз кылат. Зарыл учурда эфирдин режиссерунун милдетин аткарат. Ал коюлган тапшырмаларга ыкчам реакция кылып, орчундуу кырдаалда чечим кабыл алып, аймакта болгон окуяларды баамдап билиши зарыл.

Режиссердун жардамчысы телеберүү мыкты сапатта болушу үчүн программанын продюсеринен нускама алып, техника жаатындагы кызматкерлер менен тыгыз иштейт. Режиссердун жардамчысы студиядагы жана аппарат бөлмөсүндөгү бир нече тапшырманы аткарууга жөндөмдүү болушу керек.

Бул кызмат кээде жумушту дем алыш күндөрү, түнкүсүн жана күндүз, зарыл болсо жумуштан тышкаркы убакта бүтүрүүнү да талап кылат.

Минималдуу талаптар

Билими:

  • Атайын адистиктеги мектеп/ атайын окуу жай/ аудио-визуалдык чеберчилик боюнча институт.
  • Телеберүүнүн жабдыктарын тейлөө боюнча атайын тренинг.

Иш тажрыйбасы:

  • Теледеги түз эфирде 5 жылдай иштеген, видео монтаж жаатында тажрыйбасы бай болушу зарыл.

Кесиптик чеберчилик:

  • Командадагы адамдар менен натыйжалуу баарлашкан;
  • Эфирдеги каталардын алдын алыш үчүн стресс абалында токтоо аракет кылган;
  • Бир нече тапшырманы бир учурда аткарган жөндөмдүү;
  • Жаңы жана татаал платформаларды, жаңы технологияларды бат өздөштүргөн;
  • Өз алдынча жана бирөөнүн кол алдында иштей билген;
  • RFE/RLдин аймактык өзгөчөлүктөрүн билген, аймакта болгон жаңылыктардан кабардар;
  • Базалык административдик жөндөмү бар, форманы толтуруп, кыска отчет жаза алган;
  • Проблеманы көрө билип, кемчиликти тез байкап, бат чечим кабыл алган;
  • Ишке байланыштуу кара жумуштарды аткарган: 12 килограммга чейинки жабдыктарды көтөрүп же жылдырууга даяр;
  • Тасма тартууда, студиядагы, сырттагы түз эфир учурунда жана алдын-ала жазылган программаны онлайн-трансляция кылган кезде аудио, видео жана жарык берүүчү жабдыктарды колдоно билген;
  • Компания ичинде кардарлар, кесиптештер жана жетекчилер менен тил табыша алган;
  • Теле өндүрүш тармагынын өзгөчөлүктөрүн баамдаган;
  • Жабдыктарды жана видео программаларды башкара алган;
  • Теле берүү индустриясындагы тенденцияларды билген.

Билген тили:

  • Орусча (эркин сүйлөгөн) – милдеттүү түрдө.
  • Кыргызча (жумуш учурунда) – милдеттүү түрдө .

Үн режиссеру

Кызматтын кыскача сыпаттамасы:

Жогорку квалификациялуу Үн режиссеру радио жана телеберүүнүн үн жабдыктарына, цифралык микшерлерге көз салат. Андан тышкары радио жана теле берүүлөрдү өнүктүрүүгө салым кошот. Үн режиссеру түз эфирде кеткен көп каналдуу аудионун жана студиядагы эфир учурунда техникалык байланыштын сапатына жооп берет.

Үн режиссеру мындан тышкары ар кандай радио программаларга продюсерлик кылат жана аларды эфирге чыгарат. Үндүн сапатын арттыруу үчүн ар түрдүү продакшен технологияларды эффективдүү колдоно билет. Техникалык чагылдыруунун бийик стандарттарына умтулат.

Бул кызмат кээде жумушту дем алыш күндөрү, түнкү жана күндүзгү мезгилде, зарыл учурда жумуштан сырткаркы убактарда бүтүрүүнү да талап кылат.

Минималдуу талаптар

Билими:

* Атайын адистиктеги мектеп/ атайын окуу жай/ аудио-визуалдык чеберчилик боюнча институт.

* Телеберүүнү үн жабдыктары менен камсыз кылуу боюнча атайын тренинг.

Иш тажрыйбасы:

* Радио жана теле өндүрүштө 5 жылдай үн жабдыктары жана цифралык үн микшерлери менен иштеген адам болушу шарт.

Кесиптик чеберчилик:

* Цифралык аудио жабдыктары, микшер жана микрофон менен иштей алган:

* Эфирге чагылдыруунун технологиясын мыкты билген.

* Продакшендин атайын тапшырмалары үчүн керектүү үн жабдыктарына баа бере билген жана аны айырмалай алган:

* Татаал жана өзгөчө радиопрограммалардын өндүрүшүн башкарган жана көзөмөлдөгөн, музыканы, үн толкундарын жана үн эффекттерин туура тандаган;

* Үн менен иштегендин ар кыл техникасын колдонуу үчүн жетиштүү билими бар.

Билген тили:

Орусча (эркин сүйлөгөн) – милдеттүү түрдө

Кыргызча (жумуш учурунда) – милдеттүү түрдө

Резюмени dosalievab@rferl.org жана ulanasanaly@gmail.com дарегине 2017-жылдын 11-декабрына чейин жөнөтүү керек. Маектешүүнүн биринчи туру - 2017-жылдын 12-декабрында, II тур - 13 декабрда болот.

XS
SM
MD
LG