Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

АКШ менен Сауд Арабиясынын башкы дипломаттары Йемендеги кырдаалды талкуулашты


Аден аба майданындагы жардыруу. Йемен. 2020-жылдын 30-декабры.
Аден аба майданындагы жардыруу. Йемен. 2020-жылдын 30-декабры.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аал-Сауд чөлкөмдөгү коопсуздуктан адам укуктары жана Йемендеги согушка чейинки маселелерди талкуулашты, деп 6-февралда Мамлекеттик департамент билдирди.

Мамдепартаменттин басма сөз өкүлү Нед Прайс жарыялаган билдирүүгө караганда, Блинкен мырза АКШнын жаңы өкмөтүнүн саясатынын артыкчылыктуу багыттарын кыска баяндады, алардын ичинде адам укуктары маселелерин көңүл чордонунда тутуу жана согушту токтотуу көйгөйлөрү да козголду.

Бул телефон аркылуу сүйлөшүү жаңы кызматка киришкен Блинкен менен министр бин Фархандын ортосундагы алгачкы баарлашуу болду. Прайстын айтымында, тараптар ошондой эле террорчулукка каршы туруу жана Сауд Арабиясына каршы чабуулдун алдын алуу үчүн кызматташуу маселелери жөнүндө да талкуулашты.

Бул телефон баарлашуусу Вашингтон Сауд Арабиясы баштаган коалициянын Йемендеги "аскердик чабуул амалдарын" колдоону токтотконун президент Жо Байден жарыялагандан кийин болду.


100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып, Йеменди ачарчылыктын жарына такаган алааматтуу согуш АКШ Конгрессиндеги республикачылар менен демократтардын жандуу талкуусун жаратып, алар расмий Вашингтонду жаңжалга аскердик катышуусун токтотууга үндөштү.

Йемендеги бул жаңжал Иранга таянган шиит хусийлерди Сауд Арабиясы колдогон өкмөт менен түштүк жикчилдерге каршы тирештирип келет. Мунасага келбеген бул күчтөр өлкөдөгү бийлик үчүн айыгыша атаандашып күрөш жүргүзүүдө.

Кошмо Штаттар Йемендин калайыгы кептелген оор гуманитардык кризисти жеңүүгө шарт түзүү максатында хусийлер кыймылын “террордук уюмдардын кара тизмесинен” кайра чыгаруу тууралуу ниеттенип жаткандыгын жаңы эле жарыялады. (TT)

XS
SM
MD
LG