Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

Орозо маалында топтошуп ооз ачуулар чектелбейт  


Мечит. Жалпы сүрөт.
Мечит. Жалпы сүрөт.

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтият) фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу быйыл Орозо маалында топтошуп ооз ачууларга чектөө болбой турганын билдирди.

Рамазан айы бүгүн, 13-апрелде башталды.

Орозо - Ислам дининдеги негизги беш парыздын бири. Шарият эрежесине ылайык, рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Бул ай орозо айт майрамы менен жыйынтыкталат.

Орозо айт майрамын аныктоодо Айдын чыгышына жараша бир күнгө айырма болушу мүмкүн. Ушундан улам орозо айт майрамынын так датасы рамазан айынын акыркы күндөрү муфтият тарабынан даана белгиленет.

Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу 3-апрелде “Азаттык” үналгысы үчүн курган маегинде коронавируска каршы эмдөө орозо талаптарын бузбай тургандыгын билдирген.

Башка мусулман мамлекеттерде да рамазан айында коронавируска каршы эмдөөлөр ырааттуу улантылмакчы.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта гана башталган.

Азырынча эмдөөнүн алгачкы баскычы үчүн Кытайдын "SinoPharm" компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта жеткирилген.

Учурда кытайлык вакцинанын күчү тууралуу ар кыл жоромолдор айтылууда. Бирок ДССУ натыйжалуулугу 50 пайыздан жогору болгон вакциналардын бардыгы эмдөөгө жарактуу деп сунуш кылган. Кытайлык вакциналар да ДССУнун бул төмөнкү көрсөткүчүнөн саал жогорураак турат. (MiK)

XS
SM
MD
LG