Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Беларус: Коопсуздук кеңешинин өкүлү пара алганын мойнуна алды


Беларус президенти Александр Лукашенко.
Беларус президенти Александр Лукашенко.

Беларус президенти Александр Лукашенконун коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы ондогон башка адамдар менен кошо пара алганын мойнуна алды. Андрей Утюрин 11-мартта сотто өзү күнөөлүү экенин мойнуна алганы менен, анын аракеттери сот ырастап жаткандай болгонунан күмөн санап жатканын кошумчалады.

Утюрин жана дагы 15 адам, анын ичинде мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана жеке бизнес өкүлдөрү боюнча ишти сот 10-мартта карай баштады. Утюрин былтыр апрелде камалган. Ага «190 миң доллар пара алган» деген айып коюлууда.

Орусиянын Пенза шаарында төрөлгөн 49 жаштагы Утюрин 2007-2014-жылдары президенттин коопсуздугун камсыз кылган бөлүмдү жетектеген. Кийин камалганга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштеп турган.

XS
SM
MD
LG