Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

Көздөн учкан Ала-Тоо...


Жай башталып, шашылып өз мекениме жөнөп калдым. Иштен өргүү алып, балдардын да жайкы эс алуусу башталып, кубаныч коюнга батпайт. Алгач Пакистандан Ташкенге, андан Бишкекке бачым эле учуп барып каласың. Антип-минтип учак дагы асманга көтөрүлдү. Кызым бир орунда туралбай, улум-улам терезени карайт. «Апа, ушубу Кыргызстан?» деп улам сурайт. Учактын терезесинен үзүктөй болуп каалгыган ак булуттар гана көрүнөт. Аңгыча алдыңкы отургучка бекитилген экранды карасам, Кыргызстандын чек арасы башталыптыр.

"Кар баскан аска-зоолор дегеле өзүнчө бир керемет!" Кызыма көрсөтө "ушул биздин Кыргызстан!» дейм. Анда кызым «Апа, Кыргызстан ушундай апакайбы?» - деп сурайт. «Ооба!», деп жооп узата «дайым ушундай ак болсо экен"» деп ичимен тилейм. Учакта отурсам да Ала-Тоонун абасы ургансыйт.

"Манас" аэропортуна кондук!" деген стюардессанын шаңдуу үнүнөн кийин, учактан сыртка шашылабыз. Деги эле адамдар кызык. Бая эле учакка отурууга шашсак, эми түшкөнгө ашыгуудабыз. Шашыла аба майдандан да чыктык. Мына Ала Тоо, мына Кыргызстан!

Анан токтоосуз айылыма жол тартам. Мен миң жолу өткөн жолдор эч өзгөргөн эмес - баары ошол бойдон. Жолдо катар жаңы үйлөр укмуш салыныптыр. Менчик ресторандар көбөйүптүр. "Мамлекетибиз кедей деп жүрсөк, элибиз бай турбайбы" - деген ойго батам.

Өз айылыма да жеттим, ал ушунчалык суз көрүндү, эмелеки таттуу ойлор жоголду. Биздин көчөдө топ-топ болуп айыл аралаган аксакалдар деле көрүнбөйт. Ары-бери карасам, жаштар деле байкалбайт. Ал кошунаны сурасам - Орусияда, тигини сурасам дагы Орусияда. Коңшу келин бир баласы менен үйдө калган, эки үй ары жашаган карыган апа бар түйшүктү өз мойнуна алып, ал да жалгыз...

Элнура Какеева
XS
SM
MD
LG