Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:46

Ооган-өзбек өкмөтү деңизге карай темир жол курат


Иран, түркмөн жана казак президенттери үч өлкөнү бириктирген темир жолдун ачылыш аземине катышты. 03.12.2014.
Иран, түркмөн жана казак президенттери үч өлкөнү бириктирген темир жолдун ачылыш аземине катышты. 03.12.2014.

Ооган президенти Ашраф Ганинин Ташкентке сапарында эки өлкө Мазари-Шариф - Герат темир жолун курууну макулдашты. Бул Өзбекстанга ооган жергеси аркылуу Ирандын деңиз портторуна жүк ташууга жол ачышы мүмкүн.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин кеңсеси жарыялагандай, ооган президенти Ашраф Ганинин Ташкенттеги иш сапары маалында эки тарап Мазари-Шариф - Герат темир жолун биргелешип куруу боюнча келишимге кол коюшту.

Жаңы салынган темир жолду ооган жоокери кайтарууда. Хайратан, Ооганстан. 02.01.2012.
Жаңы салынган темир жолду ооган жоокери кайтарууда. Хайратан, Ооганстан. 02.01.2012.

Буга чейин Өзбекстан 2011-жылы өзбек-ооган чегиндеги Хайратан шаарчасы менен Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарын туташтырган кыска темир жолду өзү курган. Долбоорду Азия өнүктүрүү банкы каржылаган болчу. Расмий Ташкент ошондон бери бул темир жолду Ооганстандын түндүк-батышына, Иранга жакын Герат шаарына карай узартууга умтулуп келген.

Учурда курулуп жаткан дагы бир темир жол Герат шаарын Иран менен туташтырат. Андыктан Мазари-Шариф – Герат темир жолунун курулушу Өзбекстанга ооган жергеси аркылуу Ирандын деңиз портторуна жетүүгө жана андан ары мухит менен жүк ташууга мүмкүнчүлүк жаратмакчы.

Мурдатан эле бул жаатта эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп келгенин Өзбекстан Темир жолдору («Узбекистон темир йуллари») мекемесинин башчысынын орун басары Даврон Дехканов билдирди.

- Ооганстан менен келишим боюнча айтаарым, бул долбоор Өзбекстан үчүн актуалдуу. Анткени ал Ооганстан, Пакистан аркылуу Ирандын Бендер-Аббас деңиз портуна жол ачат. Биз Ооганстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, айрым макулдашууларды кабыл алдык. Ооган тарап курулушту баштоого даяр, азыр каржы маселеси каралууда.

Мазари-Шариф – Герат шаарлары ортосундагы аралык 730 чакырымды түзөт. Эки шаарды туташтырган темир жолду курууда коопсуздук жана каржылоо маселелери чечилбей келген.

Ооган-өзбек келишими боюнча дагы курулуштун наркы жана каржылоочу тараптар тууралуу айтылган эмес. Мурунтан Азия өнүктүрүү банкы болсо бул темир жолду курууга 11,2 миллиард доллар керектелет деп болжолдогон.

«Ооганстан эки тараптуу кирешени көбөйтүп, бирдиктүү ишканаларды ачып, Өзбекстандын ишенимдүү соода жана экономикалык өнөгү болгусу келет», - деген өзбек тилинде сүйлөгөн ооган президенти Ашраф Гани.

Ооган президенти Мухаммед Ашраф Гани менен өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 05.12.2017.
Ооган президенти Мухаммед Ашраф Гани менен өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 05.12.2017.

Ооган президентинин Өзбекстанга мамлекеттик сапары акыркы 16 жылдан бери биринчи жолу болууда. Ооган президенти Ашраф Ганинин Ташкентке иш сапары учурунда эки өлкө жыйырмадай макулдашууга кол койду. Анын ичинде жаңы электр түйүнүн куруу, Өзбекстандын айыл чарба өндүрүмүн, дары-дармегин Ооганстанга сатуу боюнча макулдашуулар бар. Мурунтан эки тарап соода-сатыктын көлөмүн 1,5 миллиард долларга жеткирүү боюнча макулдашкан.

Ооганстанда Мазари-Шариф - Герат темир жолунун курулушуна катышууга Орусия дагы кызыгып келет. Бул тууралуу Орусия-Ооганстан мамлекеттер аралык комиссиясындагы Орусиянын өкүлү, отун-кубат (энергетика) министринин орун басары Юрий Сентюрин билдирген.

«Ооганстандагы эки ири борборду туташтырчу Мазари-Шариф - Герат темир жолунун курулушуна катышууга биз дагы кызыкдарбыз. Экөөнө тең Иран, Тажикстан жана Кытай аркылуу чыгууга мүмкүндүк бар», - деген Сентюрин.

Бул темир жол менен Кытайдан Перс булуңундагы портторго Ооганстан, Тажикстан, Иран жана Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өтчү ири магистралдын бутагы түзүлмөкчү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG