Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 03:12

Азербайжан Эл аралык банкына салынган казакстандык пенсионерлердин ондогон миллиард теңгеси кайтпай калчудай болуп турат. Апта башында банк банкрот болуу алдында турганын жарыялаган. Бул Казакстанда кызуу талкуу жаратты.

Ушул апта башында Азербайжан эл аралык банкы банкрот болгону тууралуу сотко арыз берди. Банк 3,3 млрд долларлык карызын реструктуризациялоону башкача айтканда, милдеттенмелерин төлөө мөөнөтүн өзгөртүүнү карап чыгууну өтүнүүдө.

Бул кабар белгилүү болгондон кийин казак коомчулугунда, парламентинде кызуу талкуу жаралды. Анткени казакстандык пенсия фондундагы 71 млрд теңге же 225 млн доллар ошол банкта экен. Убагында ага банктан баалуу кагаздар алыныптыр.

Айрым депутаттар премьер-министр менен Улуттук банктын жетекчисинен ал акчаны кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну, ага жол бергендерди жазалоону талап кылышууда.

пенсиялык фонддун имараты
пенсиялык фонддун имараты

Казакстандын Бирдиктүү топтолмо пенсиялык фондунун жетекчиси Нурбүбү Наурызбаева пенсия активдерин Улуттук банк башкарат деп багытты бурду. Ал эми ал тарап алигиче расмий маалымат бере элек. Тек гана Улуттук банктын төрагасынын кеңешчиси Айдархан Кусаинов Информбюро.kz сайтына жазган макаласында элди сооротууда:

- Жок, акча жоголгон жок. Ал кайтарылат. Бирок балким башкача график менен, ошентсе да толук кайтат го, - деди Кусаинов.

Кусаинов банктын негизги акционери Азербайжандын Финансы министрлиги болгондуктан карызды ошолор төлөйт деп негиздеген.

Рахим Ошакбаев
Рахим Ошакбаев

Бирок Казакстандын инвестиция боюнча мурдагы министринин орун басары, пенсиялык фонддун байкоочу кеңешинин мурдагы мүчөсү Рахим Ошакбаев акча кайтарыларына ынанбай турат:

- Бул тууралуу азыр эч ким ишенимдүү айта албайт. Мырза Кусаиновдун оптимизмине өтө кубанычтамын, анын ойлору ишке ашып кетсе дейм. Бирок факты деген бар. Биринчиси - Казакстан ошол баалуу кагаздардын 100% сатып алганына байланыштуу. Экинчиси - банк дефолт болгонун жарыялады. Үчүнчү факт - алар сайтына реструктуризация боюнча арыз бергенин билдирип, анда бардык чет элдик кредиторлордун алдында милдеттемелерин аткарууну токтото турушарын жарыялашкан.

Жумушу бар ар бир казакстандык айлыгынын он пайызын пенсия фондуна которуп турушу керек. Расмий маалыматка караганда, Казакстандын топтолмо пенсиялык фондунда жалпы 22 млрд долларга жакын акча бар. Азербайжан банкынан кайтарылбай калышы ыктымал делген акча анын бир гана пайызын түзүүдө.

Бирок ал эле эмес, топтолмо фонддогу жалпы каражаттын 20 пайыздан ашууну тобокелдүү баалуу кагаздарга салынганын Ошакбаев эскертүүдө. Ал муну эл аралык рейтинг агенттиктерине таянып айтып жатат. Экономист Бакудагы банктын банкрот болгонунан сабак алып, инвестициялык декларацияны өзгөртүүгө чакырууда.

Бул тапта Казакстандын Тышкы иштер министрлиги пенсионерлердин акчасын кайтаруу боюнча Баку менен иштешүүгө даяр экенин билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG