Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:09

Казак соту Сейтказы Матаевге ырайым кылды


Сейтказы жана Асет Матаевдер.
Сейтказы жана Асет Матаевдер.

Казакстанда сот Журналисттер бирикмесинин мурдагы төрагасы Сейитказы Матаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууну чечти. Эгер прокуратура каршы доо арыз бербесе, ал 15 күндөн кийин эркиндикке чыгат. Матаевдердин камалышын эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары "саясий чечим" деп баалашкан.

Сейтказы Матаевдин жаза мөөнөтү мунапыс боюнча эки жыл, сегиз айга кыскарган. Казак мыйзамдарына ылайык, оор кылмыштар боюнча соттолбогон, 63 жаштан өткөн жарандар жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн өтөгөн соң эркиндикке чыгууга арыз жазса болот. Адвокаттары ал мүмкүнчүлүктү жаза кетиришкен жок.

- Ал киши мөөнөтүнүн жарымынан көбүн өтөдү. Анткени үй камагын эске алганда 16 айдан бери абакта жатат. Мөөнөтсүз бошотуу үчүн 12 ай гана жетиштүү. Анткени анын жаза мөөнөтү мунапыс боюнча да, анан курагы 63кө келгенине байланыштуу да кыскарган, - деди Сейтказы Матаевдин адвокаты Мадина Бакиева.

Сот мындан тышкары айыпкердин саламаттыгы начар деген жүйөлөрдү да эске алгандай.

- Кан басымы 200-220 болуп түшпөй жатат. Бир жылдан бери абактын ооруканасында. Дары-дармектерин алып берип жатабыз, - деген жубайы Баян Рамазанова жараяндын алдында “Азаттыкты" казак кызматына.

Бирок Матаев же анын жакындары 16-ноябрдагы Алматы облусунун Капшагайындагы райондук соттун чечимине азырынча кубанбай турушат. 15 күн ичинде прокуратура жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылышы да ыктымал. Чечим чыгарда айыптоочулар “жеңилдик берүүгө себептер жетишсиз” дешкен. Анын үстүнө Сейтказы Матаевдин уулу, КазТАГ агенттигинин мурдагы жетекчиси Асет Матаев дале абакта кала берүүдө.

Ата-бала медиага материалдарды жайгаштыруу үчүн мамлекет бөлгөн 300 миллиондон ашуун теңгени кымырып алган, мыйзамсыз ишкерлик жүргүзгөн деген айып менен былтыр октябрда алты жана беш жылдан кесилишкен. Матаевдер коюлган айыптарды моюндарына алышкан эмес.

Карим Масимов, Нурсултан Назарбаев, Нурлан Нигматуллин
Карим Масимов, Нурсултан Назарбаев, Нурлан Нигматуллин

Сейтказы Матаев сотто аларды медиа ресурстарын тартып алыш үчүн Мажлис спикери Нурлан Нигматуллин куугунтуктап жатканын айткан. Буга катыштыгы бар киши катары Антикоррупциялык бюро жетекчиси Талгат Татубаевдин да атын атаган. Эки аткаминер тең бул дооматтарды четке кагышкан.

Ошондой эле соттогу акыркы сөзүндө Сейтказы Матаев “басма сөз эркиндигине, жарандык жигердүүлүккө жана Казакстандын журналисттерин коргоого багытталган кесиптик ишмердүүлүгүн чектөө” үчүн куугунтукка кабылып жатканын белгилеген.

Мурдараак Эл аралык журналисттер федерациясы, Нью-Йорктогу «Журналисттерди коргоо комитети» Матаевдерге чыккан чечимди айыптап, аларды абактан бошотууга чакырган. Айрым жергиликтүү саясатчылар жана укук коргоочулар да бул өкүмдү «саясий негиздеги чечим» деп баалашкан эле.

Матаев Казакстан журналисттер бирикмесин 2001-жылдан бери жетектечү. Ал токсонунчу жылдары президенттин, кийин премьер-министрдин маалымат катчысы болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG