Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Казакстан англис тилиндеги сабактарды көбөйтөт


Казак мектептериндеги сабак
Казак мектептериндеги сабак

Казакстандын билим берүү системасы англис тилин кабыл алууда, Өзбекстан өлкөдөн чыгуу визасын жоюуда, Түркмөнстан менен Азербайжан Каспийдеги мунайзат кендерин бөлүшүүдө. Орусиялык басылмаларда жарык көргөн макалаларга сереп.

EurAsia Daily басылмасы Казакстанда англис тилин билген мугалимдердин айлыгы көбөйөт деп жазды. Макалада Казакстанда үч тилде билим берүү программасы акырындык менен ишке ашырылып жатканы баяндалат.

Билим берүү министрлигинде предметтерди англис тилинде өтө алчу мугалимдердин базасы түзүлө баштаган. Химия, физика, биология жана башка предметтерди англис тилинде окуткан мугалимдердин орточо айлыгы эки эсеге, тагыраак айтканда 35 миң теңгеге көбөйөт. Ошондой эле жаңы окуу жылынан баштап билим берүүчү жайларда мугалимдердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу, англис тилинде предметтик сабактарды өтүү боюнча атайын даярдыктар жүрмөкчү.

Билим берүү министрлиги өлкөдө үч тилде билим берүүгө талап кылынган нормативдик, укуктук жана каржылык базанын даярдыгын маалымдаган.

Ашхабадда ички мигранттар камалып жатат

Росбалт басылмасы Ашхабадда ички мигранттарды камакка алуулар күчөгөнүн жазды.

Түркмөн баш калаасына региондордон келген курулушчуларды каттоосу жок, ишке уруксаты жок деген себептер менен полиция камап жатканы баяндалат. Жыйынтыгында шаарда бир топ курулуш иштери токтоп калган.

Ашхабад
Ашхабад

Макалада бийлик муну менен сентябрда Ашхабадда өтө турган эл аралык V Азия оюндарына даярданып жатат деп айтылат. Мурдатан маалымат каражаттары полиция көчөлөрдө, коомдук жайларда тилемчилик кылган балдарга чара көрүүнү күчөткөнүн маалымдаган.

Расмий Ашхабад Азиада оюндарына карата дагы бир катар чараларды киргизген. Мисалы, борбор шаарда жана аймактарда жергиликтүү тургундардын жана чет өлкөлүк жарандардын ары-бери каттоосуна чектөө коюлган. Абакта отуруп чыккандарга спорттук иш-чаралар өтө турган жерлерге баруусуна тыюу салынган. Ошондой эле Түркмөнстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү виза берүүнү кыскартканы маалымдалууда.

Өзбекстан өлкөдөн чыгуу визасын жоет

Аргументы и факты гезити Өзбекстанда өлкөдөн чыгуу визасын жоюу иштери башталганын баяндайт. Өзбек өкмөтү президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен өлкөдөн чыгуу визасын жоюу боюнча долбоор даярдаган.

Өзбекстанда совет доорунда калган тартип сакталып, өзбекстандыктар чет өлкөгө чыгуу үчүн өкмөттөн атайын уруксат алып келишкен. Мындай уруксат кагазы 15 күндө каралып, аны алууда өзбекстандыктар 30 доллар акы төлөшү керек болгон.

Өлкөдөн чыгуу визасын жоюу менен Өзбекстанда жарандарга жалпы жарандык, башкача айтканда, чет элдик паспорт берүү системасы пландалып жатканы кошумчаланат.

Каспийдеги кенди бөлүшүү

Независимая газета Түркмөнстан менен Азербайжан Каспийдеги мунайзат кендерин бөлүшүүдө деп жазды.

Мурдатан талашта жүргөн "Сердар" - "Кяпаз" кенин эки өлкө бирдей бөлүшмөкчү.

Каспий деңизи
Каспий деңизи

Макалада эки тарап бул кенди бирге иштетүүну чечсе, көп жыл бою эки өлкөнүн алакасында талашты жаратып келген маселе жоюлары белгиленет. Азыр түркмөн мунайы Азербайжан аркылуу Европага жөнөтүлүп жатканы баяндалат. Былтыр 4,3 миллион тонна өткөрүлгөн.

Эгерде Каспий деңизиндеги кенди бөлүштүрүү иши ийгиликтүү жүрсө, анда Түркмөнстан Азербайжан аркылуу газын сатууга жаңы транспорттук өткөөлгө ээ болору белгиленет. Ал эми Азербайжан өзүнүн газын Европага сатууну 2040-жылга чейин макулдашып койгону макалада айтылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG