Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Иракта тажикстандык аялдар соттолду


Ирак сотундагы КМШ жарандары.
Ирак сотундагы КМШ жарандары.

19-сентябрда Ирактын соту тогуз тажикстандык аялдын ар бирин 20 жылдан эркинен ажыратты. Сотто алар “Ислам мамлекети” террордук тобуна мүчө болгон жана жоочулар менен чогуу жашаган деп айыпталды.

“Азаттыктын” тажик кызматынын жазганына караганда, соттолгон келиндердин ар биринин бирден үчкө чейинки балдары бар.

Ирактагы интернатка жайгаштырылган 24 баланын эң кенжеси сегиз айлык болсо, улуусу жети жашта. Тажик бийлиги соттолгон аялдар макул болсо, туугандарын таап, балдарды мекенине алып келүү аракети көрүлөрүн айтууда.

Сотко катышкан Тажикстандын Кувейттеги элчилигинин адвокаты аялдардан эмне үчүн “Ислам мамлекети” тобунан качып кетишпегенин сураганда, аларды көбү жолду билбей турганын айтышкан.

Бир келин гана качууга аракет кылып, кармалып калганын жана аны үч ай камап коюшканын билдирген.

Ал “Ислам мамлекети” тобу ээлеген аймактан качуу үчүн катып жүргөн 900 доллары болгонун да кошумчалаган. Бул тажик кыз- келиндери Сирия менен Иракка күйөөсү, айрымдары туугандары менен чогуу кеткен. Көбүнүн күйөөлөрү уруштарда мерт болгон.

Ирак сотундагы аялдар.
Ирак сотундагы аялдар.

Багдад шаарындагы сот отурумуна катышкан ирактык журналист Умар Кариминин маалымдашынча, өкүм чыккан учурда төрт аял бакырып ыйлаган, калгандары чечимди унчукпай кабыл алышкан.

Умар Карими ага чейин кесилген тажик аялдарынын сотуна да катышкан. Карими ушул жылдын 24-майында "Азаттыкка" курган маегинде буларга токтолгон:

- Өмүр бою абакка кесилген төрт тажик аял сотто “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу көзөмөлдөгөн аймакка кирип жатканын алдын ала билишкенин моюнуна алышкан. Ал эми кээ бир аялдар күйөөлөрүнүн басымы алдында келгенин, айрымдары шериктерине алданып калганын айтышкан. Сотто судья алардан Иракка кантип келип калганы тууралуу суроолорду кайталап берди. Экстремисттик жана террористтик аракеттерге аралашкандарга мыйзамда катуу жаза каралган. Күнөөсү далилденсе, 15 жылдан тартып өмүр бою абакка кесилип же болбосо өлүмгө өкүм кылынышы мүмкүн.

Ушул жумада Иракта тажик келиндери соттолгонун тажик бийлиги да ырастап, аларга мекенинде да “жалданмачылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Июнь айында Иракта төрт тажик аял террорчулукка айыпталып, өлүм жазасына кесилсе, дагы 13 аял 20 жылга жана өмүр бою соттолгон. Өмүр бою соттолгондордун бири Тажикстандын Зафарабад районунун жашоочусу Надирабегим Хамза. Ал 2015-жылы үч агасы жана апасы менен бирге Ирактагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу көзөмөлдөгөн районго чыгып кеткен.

Атасы Хамза Турабек "Азаттыктын" тажик кызматына курган маегинде эки баласы Иракта каза болуп, жубайы менен калган балдарынан дайын жоктугун айтты:

- Акыркы жолу аялым мага 2016-жылдын башында телефон чалган. Ошондон бери алардан такыр кабар жок. Ал эми кызым Надирабегим тирүү экенин жана Ирактын соту тарабынан соттолгондугун жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдим. Кызым менен бирге соттолгон үч аял “Ислам мамлекети” тобуна кошулган деп айыпталыптыр.

2014-жылдан бери миңден ашык тажикстандык Иракка жана Сирияга барып, “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кеткен. Алардын 400дөйү аялдар жана балдар экени айтылган.

Маалыматтарга караганда, Иракта өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топ менен байланышта болгон миңдей чет элдик аял бар. Кыз-келиндердин көбү - Түркиядан жана мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдөн баргандар.

Ирак сотундагы орусиялык жарандар.
Ирак сотундагы орусиялык жарандар.

Алардын айрымдары сот жообуна тартыла баштаганы тууралуу кабарлар быйыл жыл башынан бери чыга баштаган. Маселен, 17-апрелде Иракта орусиялык эки аял "Ислам мамлекети" тобунун мүчөсү катары өлүм жазасына тартылган. Ошол эле соттук отурумда дагы үч азербайжандык жана бир кыргызстандык аялды өлүм жазасына кескен өкүм чыкканы кабарланган. Бирок кыргызстандык келин тууралуу маалыматтын чын-төгүнү толук ырасталган эмес.

Ирактын бийлиги былтыр декабрда ага чейин өлкөнүн үчтөн бирин көзөмөлдөп келген "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун жеңгенин жарыялаган. Өлкөнүн терроризмге каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, кыянат иштерге аралашпаган, бирок согушкерлерге жардам берген адам да жоопкерчиликке тартылып, катуу жазаланат.

Ирак сотундагы аялдар.
Ирак сотундагы аялдар.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин быйыл жайда берген маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта каза болгон. Атайын кызмат Сирия кеткендердин арасында 140ка жакын аял балдары менен жүрөт деп маалымдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG