Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:58

Төрт бейтап кайтыш болду, 12 миң киши вакцина алды


Корутунду

«Азаттык» радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жылдын 21-апрели, шаршемби, саат 10:04кө карата маалымат:

Акыркы күндөрдө Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандар жана андан кайтыш болгондор көбөйүп жатат.

Коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын 21-апрелде берген маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 4 киши каза болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1561 кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада 306 ​кишиден аныкталды. Оору жугузуп алгандардын көбү Бишкекте жана Чүйдө.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны 92 626 ​адам жугузуп алды.

Жалпы айыгып чыккандардын саны - 87 390.

Ушул тапта 1309 бейтап ооруканада, 1390 киши үйүнөн дарыланууда.

Бир күндө 9 медкызматкерден вирус табылды. Пандемияда илдет жуккан медиктердин жалпы саны 4369га жетти, алардын 4285 сакайды.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

10:49 25.2.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен үч адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Ысык-Көл облусунун, экинчиси Бишкек шаарынын тургундары болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1463 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 66 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (27 адам) жана Чүй облусунда (24 адам).

Ошентип, өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 86 091 кишиге жетти.

Бир күндө 68 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 358 адам жатат, дагы 328 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4203 адамга жетти, алардын 4166сы айыгып чыкты.

13:26 24.2.2021

АКШда коронавирус инфекциясынан каза болгондор 500 миңге жеткени үчүн өлкөнүн туулары беш күнгө түшүрүлдү.

Президент Жо Байден, вице-президент Камала Харрис үй-бүлөсү менен Вашингтондо аза күтүү мүнөтүн өткөрүштү.

Байден элге кайрылуу жасап, пандемия менен күрөштө бет кап кийип жүрүү, тазалыкты сактоо маанилүү экенин белгиледи. Бир жыл ичинде оорудан каза болгондор Биринчи, Экинчи дүйнөлүк жана Вьетнам согуштарында курман болгондордун санынан ашып түшкөнүн айтты.

Мамлекеттик жана федералдык мекемелерге туулардын баарын түшүрүү буйругу берилди.

Байден өз кайрылуусунда пандемиянын кесепетинин мындай оор болушуна туура эмес маалымат таратуу саясаты себеп болгонун айтып, мындан ары оору менен күрөшүү бирдиктүү улуттук стратегияга айланарын баса белгиледи.

АКШда коронавирустан каза болгондордун саны дүйнөдөгү көрсөткүчтүн 20% барабар. Оору жуккан жана каза болгондордун саны боюнча Кошмо Штаттары дүйнөдө биринчи орунда турат.

22-февралда бул өлкөдө коронавирустан каза болгондор 500 миңге жеткени кабарланды.

Ал эми Украина «AstraZeneca» компаниясынын вакцинасын ала баштады.

23-февралда өлкөгө бул компаниянын 500 вакцинасы жеткирилип, жүктү Киевдеги Борисополь аба майданында тосуп алышты.

Украинанын саламаттык сактоо министри Максим Степанов «Фейсбуктагы» баракчасына бул тууралуу маалымдап, чукул арада өлкөнүн аймактарында эмдөө иштери башталарын айтты.

«AstraZeneca» компаниясынын вакцинасын Оксфорд университети иштеп чыгып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тастыктаган.

Аны менен калкын эмдөөгө Британия, Европа Биримдигиндеги өлкөлөр жана Индия уруксат берген.

Кыргызстан дагы ушул компаниянын вакцинасын тандап, эмдөө март айында башталарын кабарлаган. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мындан тышкары Орусиянын «Спутник V» вакцинасын каттаганы кабарланды.

11:36 24.2.2021

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек - 12
Ош - 0
Чүй облусу – 3
Ош облусу - 3
Талас облусу - 0
Нарын облусу - 4
Ысык-Көл облусу – 0
Жалал-Абад облусу – 0
Баткен облусу - 2

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 24
Жалпы: 86 025

Стационарда дарыланууда – 379 бейтап, алардын ичинен:
5 адам (1,3%) - канааттандыраарлык абалда;
264 (69,6%) - орто оордукта;
90 (23,7%) - оор абалда;
20 (5,2%) - өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 309 бейтап. ​

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок!

Жалпы: 1460

COVID-19: Республикалык штаб

20:04 23.2.2021

Ооганстанда кандуу чабуулдар күч алган маалда коронавируска каршы эмдөө башталды. Алгачкылардан болуп коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнө, медкызматкерлерге жана журналисттерге вакцина сайылат.

Ай башында согуштан башын көтөрө албай келаткан мамлекет "AstraZeneca" компаниясынын 500 миң доза вакцинасын алган.

«Мен ооган элин коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн башталышы менен куттуктайм. Бул ооганстандыктар үчүн чоң мүмкүнчүлүк», - деди Ооганстандын президенти Ашраф Гани.

Расмий маалыматтарга караганда, Ооганстанда коронавирус 55 миң кишиден аныкталып, 2,5 миңдейи көз жумган. Анткен менен Саламаттык сактоо министрлиги өз иликтөөсүнө таянып, 10 миллиондой адам коронавируска чалдыккан болушу мүмкүн деген жыйынтык чыгарган.

Жакыр мамлекеттерди вакцина менен камсыздоого багытталган COVAX эл аралык программасы Ооганстандын 38 миллион калкынын 20% эмдөөгө жетчү препарат берерин билдирген.

Дээрлик жыйырма жылдан бери токтобогон согуштун айынан Ооганстанда шал оорусуна каршы эмдөө өнөктүгү да үзгүлтүккө учурап келет.

Дагы жүктөңүз

Пикирлерди көрүңүз (395)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG