Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:54

COVID-19: Кыргызстан жаңы эреже киргизди


Корутунду

«Азаттык» радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап, андан коргонуу жолдору тууралуу да материалдарды даярдап келе жатат.

23-январь, ишемби, саат 10:15ке карата маалымат:

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 23-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан эки адам каза болду. 93 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1398 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 83 796 адамга жетти.

Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 79772 адам.

Стационарда дарыланууда – 689 бейтап, алардын ичинен:
4 адам (0,5%) - канааттандыраарлык абалда;
437 (63,4%) - орто оордукта;
220 (31,9%) - оор абалда;
28 (4%) - өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 1006 бейтап

23-январда 1 медициналык кызматкерге коронавирус жуккан учур катталды.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4164, алардын ичинен 4072и айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

20:32

Бүгүн, 23-январдан тартып Кыргызстандын башка жактардан учак менен кайтып келген жарандары коронавирустан таза экенин тастыктаган аныктамасын аэропорттон көрсөтүүгө милдеттүү болот.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, мындай анализ акыркы 72 саат ичинде жасалган болушу шарт.

Жаңы эреже коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын Кыргызстанга кирүүсүн алдын алуу максатындагы күчөтүлгөн коопсуздук чараларына байланыштуу кабыл алынганы айтылды.

Эгер учуп келген жүргүнчүнүн тийиштүү кагазы жок болсо же мөөнөтү өтүп кетсе ПЧР анализ аэропорттон алынат.

Кыргызстандын аймагына коңшу өлкөлөрдөн автомашина менен киргендердин баары да ПЧР тест өткөнү тууралуу кагазын көрсөтүшү керек. Илдеттин белгилери байкалгандар ооруканага, ал эми алар менен контакт болгондор обочолонууга жөнөтүлөт.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын расмий саны 84 миңге чамалады, алардын 1,5 миңдейи каза болду.

12:39

Жапонияда премьер-министр Ёсихидэ Суга баш болгон жетекчилер коронавирустун жайылышына каршы эрежелерди сактоодон баш тартып жаткан ишкерлерди жана тургундарды жазалоо чараларын катуулатуу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

Жалпы улуттук “Асахи” гезити ишемби күнү маалымдагандай, жаңы мыйзам кабыл алынса иш убактысын кыскартпай жаткан ресторандарга ири өлчөмдө айыппул салынат, ал эми коронавирус жугузуп алып, ооруканага жатпай жүргөн тургундар кылмыш жообуна тартылат. Долбоор парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Өлкөдөгү оппозиция өкмөттүн мындай сунушун кескин сынга алууда.

Жапонияда эпидемиологиялык абал былтыр ноябрь айында курчуй баштаган. Бүгүнкү күндө бул өлкөдө коронавирус 357 миң адамга жукту, алардын дээрлик 5 миңдейи көз жумду.

Дүйнөдө COVID-19 вирусу жуккан адамдардын саны 100 миллионго чамалады, алардын 2 миллиондон ашуунунун өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок.

12:38

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-январдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Чүй, экинчиси Ысык-Көл облустарынын тургундары болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1398 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 93 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (29), Бишкек шаарында (27) жана Ысык-Көл облусунда (21) адам.

Ошентип, өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 83 796 кишиге жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 689 адам жатат, дагы 1006 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4164 адамга жетти, алардын 4072си айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору бир дарыгерден табылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган.

17:35 22.1.2021

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм 22-январда билдирүү таркатып, алардын уюму коронавируска каршы эмдөө жаатында COVAX тутумунун алкагында колдоо көрсөтөрүн айтты. Бул үчүн 2019-2020-жылдары өлкөдөгү вакциналарды сактоого 973 муздаткыч алынганын маалымдап, «Pfizer/BioNTech» вакцинасы үчүн зарыл болгон ашыкча муздатуучу жабдууларды алууга азырынча шарт жок экенин белгиледи.

Анын алдында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги брифингде вакцинаны сактоочу муздаткыч менен камсыздоо жагынан ЮНИСЕФ жардам берерин билдирген эле.

21-январда Жогорку Кеңеште өкмөт өкүлдөрү катышкан жыйында коронавируска байланыштуу жагдай талкууланган. Ал күнү министр Алымкадыр Бейшеналиев АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) «Pfizer/BioNTech» вакцинасын сакташ үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берерин билдирген. Кийин вице-премьер Элвира Сурабалдиева министр адашып алганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы пресс-релиз таратып, АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинен кечирим сурады.

Глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы күрөш үчүн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.

Кыргыз өкмөтү вакциналарга байланыштуу маселе чечилишине жараша эмдөөну 1-июндан баштоону пландаштырууда.

Дагы жүктөңүз

Пикирлерди көрүңүз (373)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG