Акыркы суткада Казакстанда 1495 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын 492синде оорунун симптомдору байкалган.
Казак бийлиги июндун башынан бери коронавирус жугузгандарды илдеттин белгилерине карап «ооругандар» жана вирусту «алып жүрүүчүлөр» деп бөлүп санап жатат. COVID-19 илдетине чалдыккандардын расмий статистикасына “ооругандар” гана кошулууда.
Жалпысынан Казакстанда коронавирус жугузуп алганы аныкталгандар 39 461 кишиге жетти. Алардын 13 миңи айыкса, 188 киши көз жумду.
Акыркы күндөрү коңшу өлкөдө өпкөнүн сезгенүүсүнөн (пневмония) каза болгондор көбөйүп жатат.
Актөбө облусунда июнь айында 62 адам өпкө сезгенүүсүнөн көз жумган. Саламаттык сактоо министрлиги аларда коронавирустун белгилери байкалган менен ПЧР тест таза чыкканын билдирген.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин аппаратынын кызматкерлеринин 30% гана жумушка чыгууда. Бул тууралуу 30-июнда министрдин орун басары Мадамин Каратаев коронавирус боюнча онлайн брифингде билдирди:
"Көп медицина кызматкерлери, дарыгерлер ооруп, Саламаттык сактоо министрлигинин аппаратында да 30% иштеп жатат. Андан тышкары ооруп жүргөндөр көп болууда. Аларды биз "аралыктан иштегиле, чыкпагыла" деп жатабыз".
Соңку бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жуккан 47 медицина кызматкери жаңы катталды. Алардын 33ү Бишкекте, жетөө Талас облусунда, төртөө Ысык-Көл облусунда, экөө Нарын облусунда, бирөө Чүй облусунда.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант бергенден кийин сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы эпидемиологиялык кырдаалга кайрылып, "азырынча чектөөлөр аркылуу абалды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бар" деп, кайрадан карантин киргизип кырдаалды күч менен көзөмөлдөө азырынча зарыл эместигин белгиледи.
Ошол эле мезгилде президент өзгөчө кырдаал режими, карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин тескерисинче оору күчөп кеткенин ага жоопкерчиликтүү мамиле жасалбай жатканы менен байланыштырды:
“Чектөөлөр алынгандан кийин оору күч алып, медицина кызматкерлеринин буга чейинки кылган ишин жокко чыгара турган деңгээлге чейин жеттик. Буга айрым саясатчылардын “оору жок, бул бийликтин саясаты” деген жалган сөзүнө ишенип алган кээ бир мекендештерибиздин ооруга жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу негизги себеп. Базарларда, соода борборлорунда жана башка коомдук жайларда адамдар санитардык талапты сактабай жүрүүсү күчөдү”.
Президент ошондой эле өлкөдө аш-тойго уруксат берилбесе да, көп киши чакырып аш-той өткөргөндөр болуп жатканы белгилеп, муну жалпы кыргыз элине кылынып жаткан кыянаттык деп атады.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев стационарга жаткырылды. УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, 29-июнда Атамбаев саламаттыгына даттанган. Ошондон улам коронавируска ПЧР-анализ тапшырган. Анализдин жыйынтыгы Атамбаевде коронавирус жок экенин көрсөткөн.
Ошол эле күнү дарыгерлердин онлайн консилиуму түзүлүп, Алмазбек Атамбаевге “өпкөсү эки тарабынан сезгенген” деген диагноз коюлуп, мурдагы президентти стационарга которуу чечими кабыл алынган. (Толук маалымат бул жерде)
Ал эми вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алгандыктан аралыктан иштеп жатат. Бул тууралуу 30-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта анын ПЧР-анализинен коронавирус инфекциясы табылганы, оорусу жеңил өтүп жатканы айтылды. (Толук маалымат бул жерде)
Facebook шеринеси