Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 05:26

«Коопсуз шаардын» акчасына «Тез жардам» алынат


Корутунду

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап, андан коргонуу жолдору тууралуу да материалдарды даярдап келе жатат.

14-август, жума, саат 11:30га карата маалымат:

Бир сутка ичинде COVID-19 UO7.1 жана пневмония UO7.2 катталган жаңы учур 304тү түздү. 4 адам каза тапты.

Өлгөндөрдүн жалпы саны - 1 491.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 41 373кө жетти.

14-августка карата дагы 15 медициналык кызматкерге коронавирус жукканы белгилүү болду. Ошону менен пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алгандардын жалпы саны 3006га жетти, алардын ичинен 2288 медкызматкер айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 73төн ашты.

Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 33 622.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

14:34 31.7.2020
16x9 Image Айнура Жекше кызы

Австралияда үйдө отурбаган бейтаптарга полиция чара көрөт

COVID-19га чалдыккандар көбөйгөндүктөн Кытай бийлиги Шинжаң автономдуу районунун борборунда саякатты чектеди.

Вьетнамдын Дананг калаасында 31-июлда коронавирус жугузуп алган дагы 45 киши катталды. Бул өлкөдө бир күндө мынча көп учур аныктала элек болчу.

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте ушул эле күнү баш калаа Манилада карантиндик чектөөлөр августтун ортосуна чейин кала берерин жана келечекте илдетке каршы вакцина бекер таратыларын билдирди.

Австралиянын Виктория штатында жума күнү да инфекция жугузгандардын саны мурдагыдан өстү. Алдыңкы күнү COVID-19дан өлгөндөр буга чейин болуп көрбөгөндөй көп катталган. Штаттын премьери Дэниел Эндрюс вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн катаң чара көрүлөрүн эскертти:

“Ооруп аткан кишилердин чейреги үйдө отуруу ордуна эки жакка чыгып, айылчылап атса, эч кандай стратегия жемиш бербейт. Андай учурлар тууралуу Викториянын полициясына кабарланып турат. Полиция иликтеп тиешелүү чара көрөт”.

Гонконгдо кардарларды ресторандардын ичинде тейлөөгө тыюу салган. Бирок бир топ сындан улам ал чечимди жокко чыгаргандан кийин бир күндө вирус жугузуп алган 145 киши аныкталды.

Индияда бир суткада коронавирус 52 миңден ашуун кишиден чыкты. Бул дагы эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Буга карабай өкмөт 5-августтан тарта спортзалдарды жана йога студияларын ачууга уруксат берди.

Токионун губернатору Юрико Коике шаарда өзгөчө абал жарыяланышы мүмкүн экенин 31-июлда билдирди:

“Кырдаал мындан ары да начарласа, коронавируска каршы чаралардын алкагында Токио өзгөчө абал киргизүүнү караштырат. Андайга жеткирбеш үчүн инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн бардык эрежелерди сактоонун үстүнөн бирге иштешибиз керек”.

Жапон баш калаасында жума күнү вирус дагы 463 кишиден табылды.

АКШнын экономикасы экинчи кварталда төмөндөдү

Глобалдык алкакта COVID-19 672 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти. Инфекция жугузгандардын саны 17.2 миллионго жетти.

Биринчи орунда 4,4 миллион киши катталган АКШ кала берүүдө. Экинчи сапта Бразилия (2,5 миллион), андан кийин Индия (1,5 миллион) жана Орусия (833 миң) жайгашкан.

Ал тапта Кошмо Штаттардын Экономикалык анализ бюросу экинчи кварталдагы статистиканы жарыялады. Ага ылайык, апрелден июнга чейин өлкөнүн ички дүң өндүрүмү рекорддук 32,9 процентке түшүп кетти. АКШ бийлиги мындай санакты жүргүзө баштаган 1947-жылдан бери бир кварталда ушундай төмөндөө болуп көргөн эмес.

Коронавирус эми өлкөнүн орто батыш тарабына жылып, Огайо, Кентукки, Теннесси, Небраска штаттарында жайылууда.

Ак үйдүн коронавируска каршы күрөшүү штабынын координатору Дебора Биркстин айтымында, мындай тенденция эс алуу сезону, элдин эки жакка көп каттоосу менен түшүндүрүлөт.

Ал эми буга чейин эпидемиянын очогу болуп келген Флорида жана Аризона штаттарында вирустун тарашы жайлады. Ошондой болсо да, эки жерде тең инфекциядан өлгөндөр абдан көп болууда.

Жер-жерлердеги мындай кыйын абалдан улам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эң зарыл деген учурларда гана эки жакка саякаттоо кеңешин берди. Бейшембиде уюм өкмөттөрдү эл аралык каттамдарды ачуу алдында пайда-зыяндарды жакшылап анализдеп, ошого жараша бир чечимге келүүгө үндөдү.

12:16 31.7.2020

Соңку эки күндөн бери Бишкекте коронавирусту дарылаш үчүн кошумча ачылган жайлардагы бош орундардын саны кайрадан кыскара баштады. Саламаттык сактоо министрлигинин 31-июлга карата расмий маалыматына караганда, жалпысынан 1 342 орун бош турат, эки күн мурда 1614 болчу.

Мурдагы “Ганси” авиабазасында кечээ 30-июлда эртең менен 551 орун бош турган, бүгүн 360 орун.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 жуккан жаңы учурлар боюнча көрсөткүчтө да бир аз өсүү байкалууда. 27-июлда Кыргызстанда бир суткада мындай илдет менен 483 адам жаңы катталса, 31-июлда 662 болду.

Июль айынын башында Бишкекте коронавируска чалдыккандар өтө көбөйгөндүктөн ооруканаларда орун жок калып, дарылоочу убактылуу жайлар расмий негизде ачылган. Мындан тышкары борбор калаада 13 күндүзгү жана үч түнкү стационар иштеп жатат.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 30-июлда Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында коронавирус менен ооругандар көп болуп жатканын айткан.

11:56 31.7.2020

Кыргызстанда 31-июлга карата COVID-19 илдетинен бир күн ичинде 14 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун экөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, үчөө Чүй облусунда, экөө Ош облусунда, бирөө Нарын облусунда, төртөө Ысык-Көлдө, дагы бири Баткен аймагында.

Бир сутка ичинде 662 кишиден коронавирус жаңы аныкталды.

Пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 35805 адамды түздү. Бир күн аралыгында республиканын ооруканаларында жаткан 1052 бейтап айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 25 526 адам болду.

11:19 31.7.2020

Быйыл Орозо айт намазы сыяктуу эле Курман айт намазы да мечиттерде жана аянттарда окулган жок. Муфтият элди үй кыдырып айттабоого чакырып, COVID-19 инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин жана илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербеш керектигин белгилеген.

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алына элек.

9-июлда муфтият өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазын убактылуу токтоткон. Беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берерин билдирген.

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев бүгүнкү Курман айт майрамына карата куттуктоосунда ар бир адамды курмандык чалуу колунан келбесе да жакындарына, туугандарына жакшы сөзүн арноого чакырды.

Курман айт жакшылыктын, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, жакындарга болгон боорукерликтин жана камкордуктун майрамы экенин белгилеп, бул күндөрү жетим-жесирге, улгайган ата-энелерге, колунда жокторго, майыптарга жана жалпы эле муктаждарга көрсөтүлгөн жардам жүрөктү жакшылык жана ыраазылыкка толтуруу менен бийик сезимдерди ойготорун айтты.

Дагы жүктөңүз

Пикирлерди көрүңүз (327)

XS
SM
MD
LG