Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:27 20.5.2020

COVID-19: Депутаттын иниси менен байланышкандардын алгачкы анализдери таза чыкты

Коронавирус жугузуп алган Айбек Тотонов аттуу жаран менен жакын байланышта болгон 26 адам үй карантинге алынды. Алардан алынган алгачкы анализдер таза чыкты. Мындай маалыматты Жалал-Абад шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымына караганда Тотонов Токтогулдагы үйүнө коронавируска байланышкан карантин эрежелерин бузуп келген:

"Ал Таластагы “Чоң капка” карантиндик постунан Ош шаарына кете турганын айтып өткөн. Ошко жетпей Токтогулдан түшүп калган. Анын алгачкы анализдеринин жыйынтыгы кандайча алынганын билбейбиз. 18-майда гана бизге андан коронавирус аныкталганы боюнча маалымат түштү. Ага чейин ал өз үйүндө жашаган квартиранттар менен байланышта болгон. Кайын журтуна барып, үй-бүлөсү жана башка адамдар менен байланышкан. Айбек Тотонов өзү кол коюп таанышкан үй карантин эрежелерин толук сактаган эмес",- деди Ураимов.

Маалыматка караганда, Айбек Тотонов 18-майдан бери Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотоновдун бир тууган иниси экени кабарланды. "Азаттыктын" депутаттын өзүнөн комментарий алуу аракети жыйынтык бере элек.

19-майда "Kaktus.media" ​сайтына берген комментарийинде депутат Тотонов инисинин дарегине айтылган сындарды четке каккан. Бир тууганы Кыргызстандын аймагына өткөндөн кийин ПЧР-тест тапшырып, таза чыккандан кийин гана Талас аркылуу үйүнө кеткенин, андан кийин үй карантинде болгонун айткан. Анализдин жыйынтыгын журналисттерге көрсөткөн. Кийинки күнү кайра тапшырган тести вирустун бар экенин көрсөткөнүн кошумчалаган. Коомдогу пикирлерди өз дарегине карата "кара пиар" катары баалаган.

Буга чейин 16-майда Орусиядан келген жүк ташуучу автоунаа менен келген жүргүнчү санитардык талаптарга баш ийбей кичи мекенине кетип калгандыгы тууралуу маалымат тарап, ал кескин сынга кабылган.​

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев "Азаттыкка" Айбек Тотонов чек арадан анализ тапшыргандан кийин ​жүргүнчү катары өткөнүн билдирди.

"Чоң Капкага жүк ташуучу машине менен келген. Чек арадан өткөндө, Таласта анализи алынган. Токтогулга баргыча анализинин жыйынтыгы чыгып калган. Андан кийин үйүнөн ооруканага алып кетип жаткырышкан",- деди Үсөнбаев.

16:54 20.5.2020

Түштүк Кореяда мектептер ачылды, Кытайда миллиондогон адам карантинде

Түштүк Кореяда мектептер кайра ачылганы менен коронавирустун алдын-алуу максатында талап күчөдү. Эми мындан ары баары беткап тагынышы керек жана парталардын ортосундагы бир метр аралык сакталышы зарыл. Ошондой эле окуучулар парта-стулдарын дайыма сүртүп турушат. Андан сырткары окуучулардын дене табы такай текшерилет, эгер кимдир-бирөөдөн оору чыкса, ал мектеп дароо онлайн окутууга өтөт.

Түштүк Корея.
Түштүк Корея.

«Мектептер соңку үч айдан бери окуучуларын чыдамсыздык менен күттү. Мен муну бир канча жолу айтып келдим. Биз эми маанилүү этапка келдик. Биз билим берүүдө эле ийгиликке жетишпестен, оорунун алдын алууда да мыкты экенибизди көрсөтүшүбүз керек», - деди Сеул шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Чо Хи Эон.

Түштүк Корея COVID-19 менен мыкты жана натыйжалуу күрөштү деген өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул мамлекетте ооругандардын жалпы саны 11 110 адам болду, илдеттен 263 киши көз жумду.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Ким Каң Лип соңку бир күндүн ичинде коронавирус 32 адамдан табылганын айтты:

«Баш калаанын жака-белиндеги Инчхон сыяктуу райондордо мектептерде, караоке жайларында оору жайылган учурлар бар. Ошондой эле «Samsung» медициналык борборунда төрт медайым ушул илдетти жугузуп алды. Кенгги провинциясындагы ооруканада да бир учур катталды».

Ал арада Кытайдын бийлиги өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Цзилин провинциясында ооруну ооздукташ үчүн чара көрүп жатканын билдирди. Бул аймакта миллиондогон адам кайрадан карантинге алынды.

Кытайда акыркы бир күндүн ичинде өлкө ичинде илдет жуккан жаңы бир да учур катталган жок, ушул тушта ооруканаларда 90дой бейтап дарыланып жатат.

Кытайда өпкөнү сезгенткен вирус алгач өткөн жылдын аягында катталган. Ошондон бери илдет 83 миңге чукул адамга жукту, 4600дөн ашык киши көз жумду.

АКШ менен бир катар Батыш өлкөлөрү Бээжинди коронавируска байланыштуу маалыматтарды жаап-жашырат деп айыптап келет. Бээжин бул дооматтардын баарын четке кагууда.

16:15 20.5.2020

Бразилияда бир күндө коронавирустан 1179 киши кайтыш болду

Бразилияда 19-майда өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен 1179 киши кайтыш болду. Бул оору алгач катталгандан берки эң чоң көрсөткүч. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, коронавирустан көз жумгандар жалпысынан 17971 адамга жетти.

210 миллиондой калкы бар Бразилия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө АКШ менен Орусиядан кийинки үчүн орунга чыкты. Бул өлкөдө вирус жуккандар 271 миң кишиден ашты.

Бразилияда оппозициячыл күчтөр жана саламаттык сактоо тармагындагы адистер президент Жаир Болсанару илдеттин жайылышынын алдын алыш үчүн керектүү чара көрбөй жатканын сынга алышууда. Өткөн аптада өлкөнүн саламаттык сактоо министри Нелсон Тейч иштегенине бир ай болуп-боло электе эле кызматтан кеткен. Анын алдында өкмөт өкүлү Болсонарунун спорт жана сулуулук салондорун ачуу тууралуу жарлыгын ачык айыптаган. Нелсон Тейчке чейинки министр да Болсонару менен тил табышпаганы үчүн кызматынан баш тарткан.

Өткөн дем алышта Болсонарунун жүздөгөн тарапкерлери баш калаа Бразилиа менен Сан-Паулу шаарларында карантинге каршы акцияга чыгышкан.

Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен ооруну жугузуп алгандар беш миллион адамга чукулдады. Илдет 323 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) курамындагы мамлекеттер коронавирус пандемиясына байланыштуу глобалдык деңгээлде көрүлүп жаткан чараларды иликтөөгө макул болушту. Мындай резолюция уюмдун ассамблеясынын 19-майда жыйынтыкталган видео конференциясында жактырылды. Евробиримдик 100 мамлекеттин атынан сунуш кылган бул документ ДССУнун жетекчилигин «калыс, көз каранды эмес жана ар тараптуу» иликтөө жүргүзүүгө үндөйт.

Ошондой эле анда «вирустун адамдарга кандай жол менен жукканын» иликтөө тууралуу чакырык да камтылган. Бирок иликтөөнү ким жүргүзөрү, ал качан башталары так белгиленген жок.

18-майда АКШнын президенти Дональд Трамп ДССУ 30 күндүн ичинде ишин оңдоого милдеттенме албаса, бул уюмду каржылоону биротоло токтотуп коёрун эскерткен.

Ал ДССУну «былтыр декабрь айында Кытайдын Ухань аймагынан вирус тарап жатканы тууралуу маалыматтарды көз жаздымда калтырган» деп айыптап, уюм Бээжинден өз алдынчалыгын көрсөтүшү керек экенин билдирүүдө. Ошондой Трамптын администрациясы Кытайды «эпидемиянын масштабын жаап-жашырган» деп айыптап келет. Эл аралык уюм да, Бээжин да мындай дооматтарды четке каккан.

16:13 20.5.2020

Азырынча уруксат берилбей турган жайлардын жана иш-чаралардын тизмеси

Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкуловдун айтымында, 21-майдан жана 25-майдан тартып бир катар ишкана-жайлар иштей баштайт.

Ал эми төмөнкү жайларга жана ишмердүүлүккө азырынча уруксат жок:

  • Маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эскерүү иш-чаралары,
  • Көңүл ачуу жайлары,
  • Балдар үчүн оюн-зоок жайлары жана оюн аянтчалары,
  • Интернет-клубдар жана компьютердик оюн жайлары,
  • Бала бакчалар.

Ошону менен катар коомдук мончолорго, сауна, бассейн, спорт залдарына да азырынча иштөөгө уруксат жок экенин өкмөт 19-майда жарыялаган.

Алымкулов кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Бишкектин кире бериштеринде 16 санитардык көзөмөл пункту иштеп жатат.

Өкмөт 25-майдан тартып шаар ичинде каттаган автобустардын, троллейбустардын жана кичи автобустардын иштешине да уруксат берилерин жарыялаган.

Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги коомдук транспорттун иши боюнча убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эреже иштеп чыкты.

Ага ылайык, коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү орундуктардын санына жараша салышы керек. Автоунаанын салону ар бир каттамда тазаланып турушу зарыл. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

«Коомдук транспорттун салондорунда дезинфекциялык иштер жүргүзүлөт. Өз кезегинде ар бир жүргүнчүдөн социалдык аралыкты сактоону жана милдеттүү түрдө беткап тагынууну өтүнөм. Вирус жугузуп алуу коркунучу бар», - деди Үсөнбаев.

Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөш үчүн атайын рейд жүрүп турат. Эрежени бузган автобустун, троллейбустун жана кичи автобустун иши токтотулат. Учурда транспорттук компаниялардын жетекчилерине тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптар боюнча маалымат берилди.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG