Казакстанда соңку бир күндө коронавирус 363 адамдан табылды, Бразилияда илдеттен өлгөндөр көбөйдү
Бул оору адеп катталгандан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Коронавирустун алдын алуу боюнча мекеме аралык комиссия жаңы катталган адамдардын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы Караганда облусунун тургундары экенин маалымдады.
Казакстанда жалпысынан оору жугузуп алгандар 7600 адамга чукулдап калды. Бул өлкөдө илдеттен 35 киши көз жумду жана 3800дөн ашык бейтап айыгып чыкты. Ооругандардын саны боюнча Алматы шаары биринчи орунда турат.
Нур-Султан шаарында «Казмедиаборбордун» имаратында карантин чаралары күчөтүлдү. Анын алдында бул борбордо иштеген эки журналист COVID-19 жугузуп алганы белгилүү болгон.
Ушу тапта дүйнөдө илдетке чалдыккандар жана өлгөндөр Бразилияда көбөйүп жатат. Соңку бир күндүн ичинде коронавирустан 1188 адам жан берди жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды. Илдеттен жалпысынан 20 миңден көп киши көз жумду. Бул өлкөдө оорунун жайылышы басаңдай элек, илдет жугузуп алгандардын саны 310 миң адамдан ашты. Бул Орусияга караганда жети миң адамга аз.
Бразилиянын президенти Жаир Болсонару карантин чараларын киргизүүгө каршы чыгып, оору коркунучун кенебей жатканынан улам өз өлкөсүндө да, эл аралык коомчулукта да сынга кабылып келет.
Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнөдө коронавируска кабылгандар 5,1 миллион адамдан ашты, 333 миңдей бейтап көз жумду.
Оору жугузуп алган жана андан көз жумган адамдардын саны боюнча биринчи орунда турган Кошмо Штаттарда COVID-19 жалпысынан 1,5 миллиондон ашык адамга жукту жана коронавирустан мерт болгондор 95 миң кишиге жакындап калды.
COVID-19 жуккан күч кызматкерлеринин саны 82ге жетти
Кыргызстанда күч органдарында иштеген кызматкерлердин арасынан коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 82 адамга жетти. Бул тууралуу 22-майда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, алардын 33ү айыгып чыкты. 49у дарылануусун улантууда.
Жалпысынан 22-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1350 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 949 бейтап айыгып кетти.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.
Коронавирус 37 адамдан жаңы аныкталды, көбү Нарын облусунда
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 37 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 22-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын көбү Нарын облусунда - 21 адам. Бишкекте жана Ош облусунда алтыдан адам. Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан кайтып келгендер арасынан үчөө, Соль-Илецкиден кайткан мигранттардан бирөө.
Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 20 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 22-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1350 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 949 бейтап айыгып кетти.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.
ЖМКлар Рамзан Кадыровдон коронавирус табылганын жазып чыгышты
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров коронавирус жуккан деген күмөн менен ооруканага жатканы кабарланды. Ал Москвадагы ооруканалардын бирине учак менен жеткирилген. Бул тууралуу "Интерфакс" басылмасы жана "Baza" "Телеграм" каналы жазды. Бирок маалыматты расмий органдар ырастай элек.
"Интерфакс" Москвадагы медицина тармагындагы булагына таянып, «Кадыров коронавирус илдетине күмөн саналууда, ал учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө» деп жазды. Ушундай эле маалыматты ТАСС агенттигинин булагы билдирген.
"Baza" "Телеграм"- каналы, Кадыровдун өпкөсү сезгенген. Алгач ал ооруп жатканын билдиргенде суук тийген болушу мүмкүн экени айтылган. Бирок акыркы күндөрү абалы кескин начарлап кеткен.
«Грозный» мамлекеттик телеканалынын директору, Чеченстандын башчысынын жардамчысы Ахмед Дудаев Кадыров ооруканага жатканын четке какты.
Орусиядагы аймактардын ичинен Чеченстанда карантиндик катаал чаралар киргизилген. Республикада коменданттык саат иштеп жатат. Бардык мекеме, ишканалардын иши токтотулуп, аймакка кирип-чыгууга тыюу салынган. Штабдын маалыматында, Чеченстанда коронавирус илдети миңден ашык кишиден табылды.
22-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 5 166 500 (+112 500, пандемия башталгандан берки жаңы жогорку чек).
- Каза тапкандар: 332 500 (+4500, мурнуку суткадай)
- Айыккандар: 2 065 500 (+59 500, мурунку суткага караганда 5% көп)
Ооруп жаткандар – 2 768 000. Алардын ичинен 2 722 500 – абалы орточо оор, 45 500 (2%) – абалы оор жана өтө оор бейтаптар. 3-күнү катары менен мындай бейтаптардын саны өсүп жатат.
Соңку 22 саатта жаңы бейтаптар эң көп катталган өлкөлөрдүн тизмеси:
- АКШ: 21 844 (мурунку суткага караганда 72% көп)
- Орусия: 8849 (бир аз өсүш)
- Индия: 6198 (өсүү)
- Перу: 4749 (өсүү)
- Чили: 3964
- Британия: 2615
Соңку 22 саатта жаңы катталган учурлар:
- Бразилия: 2756 (төмөндөө)
- ....
- Италия: 642
- Испания: 593
- Ооганстан: 531
- Украина: 476 (өсүү)
- ...
- Казакстан: 363
- Тажикстан: 204
- Кыргызстан: 37
- Өзбекстан: 3
Соңку 22 саатта каза тапкандар:
- АКШ: 1118 (өсүү)
- Мексика: 424 (өсүү)
- Британия: 338 (төмөндөө)
- Бразилия: 262 (өсүү)
- Италия: 156
- Индия: 150
- Орусия: 127
...
- Франция: 83 (төмөндөө)
- Иран: 66
- Испания: 52 (төмөндөө)
...
- Казакстан: 0
- Тажикстан: 0
- Кыргызстан: 0
- Өзбекстан: 0
Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.
Facebook шеринеси