Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 26-май, 2020 Бишкек убактысы 13:31

COVID-19: Өлкөдө 7000дей киши көзөмөлдө турат


Бишкектеги соода үйүнүн кире беришиндеги коопсуздук чаралары, 25-май, 2020

Корутунду

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланышкан Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап, андан коргонуу жолдору тууралуу да материалдарды даярдап келе жатат.

02:38 23.5.2020

COVID-19: Орусия вакцина сыноону мыйзам бузуу менен баштады

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиядагы Н.Ф. Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борборунун кызматкерлери SARS-CoV-2 коронавирусунун потенциалдуу вакцинасын өздөрүнө сынап көрүштү. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттигине борбордун директору, Орусиянын илимдер академиясынын академиги Александр Гинцбург билдирди.

Окумуштуунун сөзүнө караганда, сыноого вакцинанын үстүнөн иштеп жаткандар, клиникалык изилдөөлөрдү уюштуруучулар, технологдор катышты.

Алар «аман-эсен, саламаттыгы сак, көңүлдөрү куунак» - деди Гинцбург. Канча киши сыноого катышканын академик так айткан жок.

Окумуштуу вакцинаны ойлоп таап жаткандар аны сыноо үчүн гана эмес, «пандемия маалында өздөрүн коргоп, изилдөөнү улантуу үчүн» колдонушканын кошумчалады.

Орусиядагы Клиникалык изилдөөлөр боюнча уюмдардын ассациациясы илимпоздордун вакцинаны өздөрүнө сынаганын «мыйзам бузуу» деп баалашты.

Ассоциациянын Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашкого жолдогон катында «бул жерде клиникалык изилдөөлөрдү өткөрүүнүн негиздери жөнүндө кабыл алынган орусиялык жана эл аралык нормалар бузулду» деп айтылат. Каттын көчүрмөсү орус өкмөт башчысы менен президентке жиберилгенин ББС маалымдады.

«Жаңы коронавирус пандемиясынын маалында мындай одоно катанын кетип жатканы өлкө жетекчилигинин туура эмес ишаратынан болду деп санайбыз» - деп жазышат каттын авторлору. Апрелде президент Владимир Путин өкмөткө COVID-19дун вакцинасынын клиникалык сыноо мөөнөтүн кыскартууну тапшыган.

«Муну уккан көп окумуштуулар жогорку бийликтин күткөнүн орундатуу үчүн жөө жарышка түшүштү» - деп айтылат катта.

Орусиялык илимпоздор жаңы коронавирустун гениндеги аденавирустун ДНКсынын негизинде вектордук вакцинаны табуунун үстүнөн иштеп жатышат. Ушул тапта клиникага чейинки сыноо жыйынтыкталып калды. Академик Гинцбург клиникалык сыноолор жайдын этегине чейин аяктарын билдирди.

14-майда АКШ президенти Дональд Трампвакцина ушул жылдын аягына чейин пайда болорун дагы бир жолу билдирген. Бирок анын чоо-жайын тактаган эмес.

Буга чейин Кытайда, АКШда, Британияда жана Германияда сегиз түрлүү вакцина адамдарга сынала башталганы белгилүү болгон. Жалпысынан вакцинанын 90дон ашуун түрү даярдалып жатканы маалым болгон. Бирок адистер вакцина бардык сыноодон өтүп, коомчулуктун калың катмарына жетиши үчүн бери дегенде 1-1,5 жылга чейин кетерин билдиришкен.

14:05 22.5.2020

Штаб: Чет жакта коронавирус 154 кыргыз жаранынан табылган, алардын бири каза болгон

Бүгүнкү күндө чет жакта жүргөн кыргызстандыктар арасында коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 154 адам. Бул тууралуу 22-майда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, илдетке чалдыккандардын бири Индияда каза болгон.

Андан тышкары 30га жакын кыргыз жараны камакта отурат. Маалыматты «Азаттыкка» Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тастыктады.

Алар коронавируска каршы карантин эрежелерин бузган деген негизде кармалганы анык болду.

Коронавирус жуккандардын көбү Орусияда – 105 адам.

Мындан тышкары Пакистанда 22, Бириккен Араб Эмираттарында жети (бешөө айыкты), Индияда жети (бирөө каза болгон, алтоо айыккан), Казакстанда беш (алардын төртөө Бишкекте, бирөө Алматыда дарыланууда), Малайзияда үч (баары айыккан), АКШда, Испанияда, Өзбекстанда, Грекияда жана Италияда бирден адам катталган.

Жалпысынан 22-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1350 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 949 бейтап айыгып кетти.

29-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекенине кайтууну пландап, бирок коронавирустун айынан чет мамлекеттерде калууга мажбур болгондорду сабырдуулукка чакырган.

12-майда онлайн брифингде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 58 өлкөдө 8712 кыргызстандык жаран кыргыз өкмөтүнөн мекенине кайтууга жардам күтүп жатканын айткан. Андан бери алардын айрымдары Кыргызстанга жеткирилди.

14:04 22.5.2020

Казакстанда соңку бир күндө коронавирус 363 адамдан табылды, Бразилияда илдеттен өлгөндөр көбөйдү

Бул оору адеп катталгандан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Коронавирустун алдын алуу боюнча мекеме аралык комиссия жаңы катталган адамдардын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы Караганда облусунун тургундары экенин маалымдады.

Казакстанда жалпысынан оору жугузуп алгандар 7600 адамга чукулдап калды. Бул өлкөдө илдеттен 35 киши көз жумду жана 3800дөн ашык бейтап айыгып чыкты. Ооругандардын саны боюнча Алматы шаары биринчи орунда турат.

Нур-Султан шаарында «Казмедиаборбордун» имаратында карантин чаралары күчөтүлдү. Анын алдында бул борбордо иштеген эки журналист COVID-19 жугузуп алганы белгилүү болгон.

Ушу тапта дүйнөдө илдетке чалдыккандар жана өлгөндөр Бразилияда көбөйүп жатат. Соңку бир күндүн ичинде коронавирустан 1188 адам жан берди жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды. Илдеттен жалпысынан 20 миңден көп киши көз жумду. Бул өлкөдө оорунун жайылышы басаңдай элек, илдет жугузуп алгандардын саны 310 миң адамдан ашты. Бул Орусияга караганда жети миң адамга аз.

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару карантин чараларын киргизүүгө каршы чыгып, оору коркунучун кенебей жатканынан улам өз өлкөсүндө да, эл аралык коомчулукта да сынга кабылып келет.

Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнөдө коронавируска кабылгандар 5,1 миллион адамдан ашты, 333 миңдей бейтап көз жумду.

Оору жугузуп алган жана андан көз жумган адамдардын саны боюнча биринчи орунда турган Кошмо Штаттарда COVID-19 жалпысынан 1,5 миллиондон ашык адамга жукту жана коронавирустан мерт болгондор 95 миң кишиге жакындап калды.

10:47 22.5.2020

COVID-19 жуккан күч кызматкерлеринин саны 82ге жетти

Кыргызстанда күч органдарында иштеген кызматкерлердин арасынан коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 82 адамга жетти. Бул тууралуу 22-майда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 33ү айыгып чыкты. 49у дарылануусун улантууда.

Жалпысынан 22-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1350 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 949 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Дагы жүктөңүз

Пикирлерди көрүңүз (80)

XS
SM
MD
LG