Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июнь, 2020 жума, Бишкек убактысы 02:41

Түз ободо COVID-19: Чолпон-Атада жаңы лаборатория ачылат


Корутунду

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланышкан Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап, андан коргонуу жолдору тууралуу да материалдарды даярдап келе жатат.

18:21

Кожентте психиатриялык ооруканадагы 50дөй бейтапка коронавирус жукту

Бул тууралуу Тажикстандын Согди облусуна караштуу Кожент шаарындагы дарылоочу жайга барып келишкен, атын атагысы келбеген тургундар «Азаттыктын» тажик кызматына билдиришти. Алар далил катары оорукананын эки дарыгери менен сүйлөшүүлөрүнүн аудио жазуусун беришти. Анда дарыгерлер психиатриялык ооруканада кимдер вирус жугузуп алганын санап беришкен.

«Согда» аттуу бул оорукананын жетекчилиги мекемеде «бейтаптардын коронавируска чалдыкканы ырастала элек» экенин билдирип, толук маалымат берүүдөн баш тартты.

3-июндун кечиндеги маалыматка ылайык, Тажикстанда COVID-19 илдетине чалдыккандар 4200 кишиге чукулдады. 48 адам илдеттен кайтыш болду.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталып, алардын жалпы саны 1899 адамга жетти. Казакстанда COVID-19га чалдыккандар 12 миңден ашса, Өзбекстанда 3900 адамга чамалады.

12:29

Парламенттин 4-июндагы жыйынында депутат Эмил Токтошев коронавирус пандемиясынын очогу тууралуу элге туура, так маалымат берүүнү өкмөттөн талап кылды. Депутат илдетке каршы күрөшүү фондуна топтолгон акчанын кайда, кантип жумшалганы тууралуу да маалымат сурады.

"Оору боюнча күнүгө чыгып маалымат берип жатасыздар. Бирок илдетке кабылгандардын саны гана айтылып, башка жагдайлар тууралуу сөз жок. Байкаганыбыздай илдет азайган жок, абал оор боюнча сакталууда. Эмне үчүн оорунун чыккан жерин айтпай жатасыңар? Эгер толук маалымат берсеңер, эл өзү сактанмак".

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен көпчүлүк аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында полимердик чынжырча реакциясы (ПЧР) боюнча анализ жүргүзө турган жабдыгы бар лаборатория ачылганы жатат. Бул тууралуу 4-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде айтты.

Үсөнбаевдин белгилешинче, Корея республикасы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүнүн негизинде Кыргызстанга тийиштүү медициналык жабдыгы бар эки ПЧР аппарат жеткирилди. Алардын бири Чолпон-Ата шаарында ачыла турган лабораторияга коюлуп, жайкы туристтик сезон учурунда толук иштейт.

Жалпысынан 18-марттан 4-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1899 адамдан табылды, алардын ичинен 20 бейтап кайтыш болду, 1292 бейтап айыгып чыкты.

1899 адамдын 15и Ысык-Көл облусунда. Алардын бирөө 4-июнда жаңы аныкталды. Ага чейин соңку эки жумадан бери бул аймакта коронавирус жуккандар каттала элек болчу.

1-июндан тартып Ысык-Көлдө пансионаттардын жана конок үйлөрдүн иштешине уруксат берилди.

Коронавирус илдети ПЧР анализи аркылуу аныкталат.

10:08

4-июнда өлкө аймагында дагы 28 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Оору жуккандардын эң көбү Бишкекте катталды - 15 адам. Мындан тышкары Ош облусунда алты, Ош шаарында төрт жана Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарында бирден адам. Бир суткада 27 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 1899 адамга жетти.

Жалал-Абад облусунда – 163,

  • Ош облусунда – 226,
  • Ош шаарында - 211,
  • Чүй облусунда – 134,
  • Бишкек шаарында – 499,
  • Баткен облусунда – 30,
  • Нарын облусунда – 381,
  • Ысык-Көл облусунда – 15 киши. Алардын 372и медкызматкерлер.

Обсервацияда жаткандардын саны 2380 адам. 1953 адам айыкты. 609 адам ооруканада, 12 адам оор абалда. 3 адам реанимацияда жатат. 20 адам каза болду.

10:03

Лондон дүйнө лидерлерин вакцина боюнча глобалдык саммитке чогултат

Британия уюштуруп жаткан видео конференция форматындагы бул иш-чарага ондогон мамлекеттердин башчылары, премьер-министрлер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Үчүнчү глобалдык саммиттин алкагында бери дегенде 2021-2025-жылдар үчүн 7,4 миллиард доллар чогултуш керек экендиги айтылган. Бул каражат өнүгүп келаткан 70тей өлкөдөгү 300 миллиондой баланы полиомиелит, кызылча, кептөөр, селейме (столбняк), кургак учук менингити, В гепатити сыяктуу ооруларга каршы эмдөөгө жумшалмакчы.

Вакцина боюнча буга чейинки глобалдык саммит 2015-жылы Берлинде өткөн жана анда 2016-2020-жылдарга эмдөөгө каражат чогултулган.

Бул глобалдык саммит дүйнөдө коронавирус пандемиясы токтой элек маалга туш келди. Ушул тушта дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ондогон ири фармацевтикалык компаниялар жана изилдөө институттары COVID-19га каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат. Адистердин божомолунда, вакцина бардык сыноодон өтүп, коомчулуктун калың катмарына жетиши үчүн бери дегенде бир жылдан 1,5 жылга чейинки убакыт кетет.

Коронавирустан дүйнө жүзүндө 386 миңден көп киши көз жумду, илдет 6,4 миллион адамдан табылды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус аны Латын Америкасы кабатыр кылып турганын айтты.

Ушул тушта оорунун ири очогуна айланган Бразилияда соңку бир күндүн ичинде 1350дөй бейтап өпкөнү сезгенткен оорудан көз жумду жана ажал тапкандардын жалпы саны 32,5 миң кишиден ашты. Бул өлкөдө COVID-19 жарым миллиондон ашык тургунга жукту.

Коронавирустун дарысы азырынча табыла элек. ДССУнун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсустун айтымында, ДССУ азыр безгекке каршы дарыны (соода маркасы "Плаквенил") коронавирусту дарылоого кайрадан колдоно баштады.

26-майда "Ланцет" журналына чыккан баяндамадан кийин, бул дарыны колдонуу токтотулган.

Макалада "Плаквенилди" колдонгондор арасында өлүмдүн саны көп, дарылоонун таасири аз болуп жатканы айтылган. ДССУнун башчысынын билдиришинче, эксперттер өлүм боюнча маалыматтарды изилдеп көргөндөн кийин тесттин протоколун өзгөртүүнүн кажети жок деген бүтүмгө келишкен.

Тилектештик тестинин алкагында бардык дарыларды сыноо жүрүп жатат. Мүмкүн болгондой хлорохинди (соода маркасы "Делагил") сыноо кайра калыбына келген.

Дагы жүктөңүз

Пикирлерди көрүңүз (96)

XS
SM
MD
LG