Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:43 10.5.2020


COVID-19: президент, өкмөт башчы жана спикер кырдаалды талкуулашты

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабековду кабыл алып, өлкөдөгү кырдаалды талкуулашты.

Жээнбеков коронавирустун жайылышына жол бербөө иштерин күчөтүлгөн тартипте улантуу керектигин айтты.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлагандай, алар коронавируска каршы күрөштүн абалы, ишкердикти жандантуу чаралары жана милдеттер тууралуу сүйлөштү.

Кыргыз бийлиги 11-майда өлкөдөгү өзгөчө абал режими алынарын, бирок өзгөчө кырдаал режими улана берерин билдирген.

15:43 10.5.2020

Соль-Илецкиден Кыргызстанга кайтып келген мигранттар обсервациядагы медицина талаптарына баш ийбей жатат. Бул тууралуу 10-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Коронавируска каршы Республикалык штабдын брифингинде айтты.

“Обсервацияда жүрүү эрежелерин бузуп, качып кетүүгө аракет кылгандар бар. Милицияга кайрылууга аргасыз болдук. Алар өз туугандарын, ата-энелерин, тааныштарын кандай тобокелчиликке жана коркунучка түртүп жатканын түшүнбөй жатышат”, - деди Үсөнбаев.

Кыргыз өкмөтү 5-майда Орусиянын Соль-Илецк шаарынан ондогон эмгек мигрантын Казакстан аркылуу мекенине алып келген жана алар Чүй облусунун аймагындагы обсервацияга жайгаштырылган.

10-майда Кыргызстанда коронавирус жуктурган 71 адам аныкталган. Алардын 55и Соль-Илецкиден келген мигранттар.

16:13 10.5.2020


9-май күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургундары бийликке нааразы болуп айыл өкмөттүн алдында жыйын өткөрүштү.

Чогулгандар район аймагында киргизилген өзгөчө абал режимин алууну талап кылышты. Ошондой эле чогулгандар коронавируска жапырт анализ тапшырууга каршы чыгышты.

“Кечээ анализ алабыз деп дарыгерлер келишти. Биз элдин баарынан алат экен деп коркуп, "анализ бербейбиз, анализ берсек эле оору аныкталды деп чыгара беришет экен" деп каршы болдук. Андан сырткары жыйналышта жол тосуу, өзгөчө абал режими боюнча нааразылыгыбызды билдирдик. Себеби жер айдоо сыяктуу талаа иштери калып кетти”,-деди аталган айылдын тургуну Мира Абылгазиева.

Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров эл арасында түшүндүрүү иштери жүргөнүн, жазгы айдап-себүү иштерине карантин тоскоол болбогонун айтты.

Кыргызстанда баскыч-баскычы менен чектөөлөр жеңилдеп, 11-майдан тартып ири шаарлардагы жана Нарындагы, Ат-Башыдагы өзгөчө абал режими алынары, өлкө боюнча өзгөчө кырдаал сактала берери кабарланган.

13:07 11.5.2020

Уруксат бериле элек жайлардын көбү соода жана тейлөө тармагында

Кыргызстанда 11-майдан тартып бир катар мекеме-ишканаларга иштөөгө уруксат берилди, дагы айрым тармактар азырынча жабык турат. Алар негизинен соода-сатыкка жана тейлөөгө байланыштуу жайлар.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, 21-майга чейин иштөөгө уруксаты жоктор төмөнкүлөр:

- Мамкаттоо кызматынын калкты тейлөө борборлору,

- Бут кийим оңдоо жайлары,

- Эмерек жасоо жана оңдоо,

- Соода борборлору,

- Кийим-кече саткан базарлар жана дүкөндөр,

- Автомашина сатылуучу базарлар,

- Жеке репетитор кызматы,

- Менчик үй-бүлөлүк мончо кызматы жана SPA-борборлор.

Коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр бара-бара алынууда.

11-майдан тартып микрофинансылык уюмдарга, камсыздандыруу компанияларына, акча алмаштыруу жайларына, ломбарддарга, кыймылсыз мүлк агенттиктерине, адвокаттык кеңселерге, басма кызматтарына, техникалык тейлөө тармагына, курулуш, авто, тигүү материалдары сатылуучу дүкөн жана базарларга, автосалондорго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына уруксат берилди.

Ушул эле күндөн тартып айрым аймактарда киргизилген өзгөчө абал режими токтотулуп, өзгөчө кырдаал калтырылды, коменданттык саат тартиби токтоду.

Мурда пландалгандай, автобус-троллейбустар 11-майда чыккан жок. Муну бийлик коронавирустун жайылуу коркунучу дагы эле чоң болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Билим берүү жайлары да жабык турат. Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катталуу 4-майда башталып, азыр жүрүп жатат, предметтик тесттерди тапшыруу 21-июндан 25-июнга чейин эки этапта өтөт.

11-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1016 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандар 688 адам. (RK)

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG