24-февралда коронавирус жугузуп алгандар алгачкы жолу Ооганстанда, Бахрейнде жана Кувейтте катталды. Ал кишилердин баары Иранга барып келгени маалым болду. Учурда оорудан өлгөндөрдүн саны боюнча Кытайдан кийинки эле орунда Иран турат. Өлкөнүн мамлекеттик басма сөз каражаттары кабарлагандай, вирусту 50дөй киши жугузуп, анын ичинен 12си каза тапкан.
Ооганстандын саламаттык сактоо министри Ферозуддин Фероздун айтымында, Герат провинциясында вирус жугузуп алган деп шек саналып жаткан үч кишинин бирөө ооруп калганы аныкталды. Фероз Иран менен чектешкен бул провинцияга өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялады.
Түштүк Кореяда ооруну жугузуп алгандардын саны 770 кишиге чукулдады. Жети киши оорудан көз жумду.
Италияда 150 киши дартка чалдыгып, үч киши каза тапканы маалым болду. Бийлик COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында өлкөнүн түндүгүндө, анын ичинде Венецияда эл көп чогулчу жыйындарга тыюу салды.
Вирустун очогу болгон Кытайда өпкөнү сезгентчү бул илдетке кабылгандардын саны 77 миңден ашты. 2500 киши көз жумду.