Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 18:08

Дүйнөдө COVID-19дан 21 миң киши көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттарда коронавирустан өлгөндөрдүн саны миңден ашты. 70 миңге чукул киши бул илдетти жугузуп алды. Буга чейин өзгөчө абал киргизилген Вашингтон, Нью-Йорк, Калифорния жана Луизиана штаттарынын катарына шаршембиде Техас да кошулду.

Дүйнөдө айыгып чыккан 115 миңдей адамдын басымдуу бөлүгү кытайлыктар.

Италияда вирусту жугузгандар 75 миңге жетип, Кытайдын көрсөткүчүнө жакындады. Кыргызстанда 26-мартка карата коронавируска 44 киши чалдыкты.

Эксперттер Жер жүзү боюнча бул илдетке кабылгандардын так санын аныктоо тесттердин жетишсиздигинен улам мүмкүн болбой жатканын, алардын саны алда канча көп болушу ыктымал экенин эскертип жатышат.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG