Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 13:32

Нукура кыргызча ай аттарын жаттайлы!


Орус сүрөтчүсү Василий Васильевич Верещагин (1842–1904) тарткан “Мүнүшкөр кыргыз” (1871) боёк сүрөтү.

Кыргыз элинин башка элдердин салтынан айырмалуу ай аталыштары бар. Тарыхчы өз блогунда баса белгилегендей, бул он эки айдын аталышын төрт топко бөлүп оңой-олтоң жаттай аласыз.

Көөнө мурас

Борбордук Азиядагы байыркы элдердин бири болгон кыргыздар эмпирикалык (кылымдар карыткан турмуштук тажрыйбалык) ыкма менен топтогон мол маданий мурастардын бири – ушул күндөргө чейин сакталып жеткен ай аталыштарынын нукура улуттук тизими.

Ал эми он эки жаныбардын аттарына негизделген жыл санак системи, албетте, жалаң гана кыргыздарга таандык болбостон, жалпы Евразиядагы көчмөн жана аларга коңшулаш отурукташкан калктарга орток мурас болуп саналат.

Чыгыштын 12 жаныбарга негизделген жыл санагы Жапониянын Фукуока шаарындагы синтоисттик “Кусида” (“Кушида”) ибадатканасынын дарбазасынын шыбына оюлуп чегилген. 20-июль, 2010-жыл.
Чыгыштын 12 жаныбарга негизделген жыл санагы Жапониянын Фукуока шаарындагы синтоисттик “Кусида” (“Кушида”) ибадатканасынын дарбазасынын шыбына оюлуп чегилген. 20-июль, 2010-жыл.

Байыркы убактарда кыргыздын ай аталыштары аңчылык өнөрүндөгү жаратылышка жана кайберендерге байкоо жүргүзүү аркылуу келип чыккандыгы тууралуу жоромолдор бар.

Албетте, кыргыздар кылымдар бою жердеген Теңир-Тоо, Памир, Алай, Энесай, Алтай жактардагы бийик тоолуу аймактар менен Монголия, Ордос, Жуңгария, Лоп-Нор, Каракорум, Кашкардын түндүк-чыгышындагы Какшаал өрөөнүндө же Фергана аймагында байырлаган бабаларыбыздын аңчылык тажрыйбаларында кыйла айырмачылыктар болушу мүмкүн. Бул тарыхый-этнографиялык айырмачылыктарды этнографтар изилдеп келет.

Кусейин Карасай уулу менен Касым Тыныстановдун айкели. Каракол шаары, 2018-жыл.
Кусейин Карасай уулу менен Касым Тыныстановдун айкели. Каракол шаары, 2018-жыл.

Кыргыз ай аталыштары жаатындагы туңгуч “Кыргыз совет энциклопедиясында” жана башка энциклопедиялык сөздүктөрдө чагылдырылган вариантты маркум сөздүкчү, чагатай орток адабиятын да мыкты билген даанышман тилчи илимпоз Кусейин Карасай уулу (1901 – 1998) да колдоого алып, тастыктаган эмгегин жарыялаган.

Маселен, советтик “Кайра куруу” доорунун акыркы жылдары чыккан энцилопедиялык сөздүктө да бул маалымат камтылган: Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – ISBN 5-89750-028-2.

Арийне, Кусейин Карасай уулу атабыздын көзү өткөн соң, анын сунушуна атаандаш башка варианттар (Макелек Өмүрбай, Дастан Сарыгулов, ж.б. тарабынан) жарыяланган учурлар болду.

Бирок бир улут болгон соң, кыргыздын ай аталыштары жаатында бирдиктүү мурасты уламдан-улам жиктей бербестен, демек, улам башка чачыранды варианттарды алдыга түртүп, “бөйрөктөн шыйрак чыгарбастан”, эгемен Кыргызстандагы орто мектептердин окуу китептерине, көпчүлүк жылнаама басылмаларына жана энциклопедияларга ырааттуу киргизилип келген негизги вариантты эле пайдаланганыбыз оң.

Ай аталыштарын жеңил жаттоо

Кээде тигил же бул ишти жасай электе эле “Колубуздан келээр бекен?” деп кан ыйлай баштаган кишилер четтен чыгат.

“Ай-ааламды, галактикаларды, анан калса, атом, протон же башка бөлүктөрдү жаттай албай, балдарыбыздын мээси чайкалганы калган чакта бул ай аталыштарын курулай жаттатуунун эмне кереги бар?” деп чыкчулар бар. Азыркы араб, жөөт, түрк, казак жана башка замандаш элдер деле өз бала-чакасына өздөрүнүн улуттук ай аталыштарын алда-немедей жаттатып жүргөнү менен алардын эч иши жок.

Анын үстүнө кыргыз ай аталыштары өтө оңой жатталарын куру бекер кан ыйлагандардын көпчүлүгү биле беришпейт.

Өспүрүмдөр кыргыз ай аталыштарын азыр дүйнө жүзү кеңири колдонуп жаткан григорийлик жыл санактагы ай аталыштары менен чогуу жатташса, албетте, тез эле жадында сактап калышат.

Ооба, кыргыздын ай аталыштары оңой эле жатталат.

Англисче "туура эмес этиш" дегендерди, Ньютондун, Эйнштейндин ачылыштарын оңой-олтоң өздөштүргөн, компүтер менен уюкфонду ичегисинен бери чыгарып алеки саатта оңдогон азыркы кыргыз уул-кыздары эми ушул элементардык ай аталыштарын жаттай албай калмак беле?

Тек гана жалкоолук кылбашыбыз жана “бул ай аталыштары – өткөн чак да” деп текеберленбешибиз керек.

Эми ай аталыштарын жеңил жаттоо усулдарына келсек.

Жеткинчектерге жана алардын ата-энелерине, ошондой эле жалпы кызыккан окурмандарга, бул ай аталыштарын төрт топко бөлүп жаттоону сунуш кылар элек:

1-топ.

Март – жалган куран

Апрел – чын куран

2-топ.

Май – бугу

Июн – кулжа

Июл – теке

3-топ.

Август – баш оона

Сентябр – аяк оона...

4-топ.

Бул акыркы топтогу ай аталыштары улам кемитип төмөн түшүрүлгөн так сандар аркылуу (9, 7, 5, 3, 1) белгиленет:

Октябр – тогуздун айы

Ноябр – жетинин айы

Декабр – бештин айы

Январ – үчтүн айы

Февраль – бирдин айы.

(Мында григорийлик жыл санактагы ай аттарынын соңундагы ичкертүү белгини атайын алып салдык, себеби кыргыз тилинде алар жумшартылбастан айтылат).

Андан соң ай аталыштарында Нооруз майрамы (Улустун Улуу күнү) да туш келген март айы менен кайрадан жаңы айлампа башталат.

Айдын башын Улустун Улуу күнүнөн – 22-марттан эмес, 1-марттан баштоо – бул жөн гана шарттуулук. Ушул шарттуулуктун негизинде эзелки ай аталыштарынын системасына жаңы дем, жаңы өмүр берип жатабыз.

Кыргыздын ай аттары чагылдырылган 2019-жылдын жылнаамасы. Бахти Брати. 04.1.2019.
Кыргыздын ай аттары чагылдырылган 2019-жылдын жылнаамасы. Бахти Брати. 04.1.2019.

Зарыл иш демилгеге муктаж

Жогоруда да айтылгандай, кээ бир замандаштарыбыз ай аттарын жаттатуу сунушун “Андан чоң көйгөйлөр чечилбей жатканда, мындай тема менен алаксытуу зарылбы?” деп келекелеп, четке кагышы деле ыктымал.

Тескерисинче, бул иш-аракет улуттук гимнди, апта күндөрүнүн аталыштарын, жаңы жылдык балаты кечесиндеги ырларды жаттоо сыяктуу эле кадыресе көрүнүшкө айланса, нукура улуттук ай аталыштары аркылуу көөнө мурасыбыздын дагы бир өңүтүн болочок муундарга байсалдуу өткөрөр элек.

Агай-эжейлери же ата-энелери эне тилиндеги ай аталыштарын жаттоону балдардын оюну катары уюштурушса, жеткинчектер ыракаттанып чогуу жатташы деле мүмкүн.

Айтор, бул жагынан сөзсүз эле Билим берүү министрлигинин усулдук көрсөтмөлөрүнө байланып калбастан, ар бир агай-эжей, ар бир ата-эне жана башка улуу муун өкүлдөрү ой чабытынын жетишинче усул ойлоп таба алышат.

Келгиле, ай аталыштарын жеткинчектерге жалпылап үйрөтөлү!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG