Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Ирандын өзөктүк келишими өзгөрөбү?


Иран президенти Хасан Роухани БУУнун Башкы ассемблеясынын жыйынында.
Иран президенти Хасан Роухани БУУнун Башкы ассемблеясынын жыйынында.

АКШнын мамлекеттик катчысы расмий Тегеран эки жыл мурдагы өзөктүк келишимдин шарттарын кайра сүйлөшүүгө көнөт деп үмүттөнүп жатканын айтты. Иран лидери жаңы сүйлөшүүнү кескин түрдө четке каккан.

АКШнын башкы дипломаты Рекс Тиллерсон президент Дональд Трамп Ирандын өзөктүк келишиминин кайсы шарттарына каршы экенин түшүндүрүп берди. Анын айтымында, келишимде 2025-жылдан кийин Ирандын уран байытуу сыяктуу ядролук ишмердигине коюлган чектөөлөрдү алып салчу жобо бар.

Тиллерсон АКШ президенти мындай жоболорду кайра сүйлөшүү керек деп эсептерин, Иран андай талапка көнөт деп үмүттөнүп жатканын 20-сентябрдагы маалымат жыйынында айтты:

- Келишимде президент белгилеген, өтө тынчсыздануу жараткан кемчиликтер бар. Качан аяктары белгилүү мындай чектөө менен Ирандын өзөктүк курал программасын кайра баштарына канча убакыт калганын эсептеп койсо болот. Муну президент кабыл алынгыс деп эсептейт.

Президент Дональд Трамп БУУдагы кайрылуусунда Ирандын жетекчилигин сынга алган.
Президент Дональд Трамп БУУдагы кайрылуусунда Ирандын жетекчилигин сынга алган.

2015-жылы АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия Кытай жана Ирандын ортосунда келишим түзүлүп, расмий Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө макул болгон. Ага жооп катары Иранга киргизилген эл аралык экономикалык санкциялар дээрлик жоюлган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассемблеясынын Нью-Йорктогу жыйынына катышып келген Ирандын президенти Хасан Роухани бул келишим боюнча жаңы сүйлөшүүлөр болбой турганын 21-сентябрда Тегерандагы маалымат жыйынында кайрадан баса белгиледи.

Андан мурдараак БУУнун трибунасында АКШнын билдирүүлөрүн кескин сынга алган эле:

- Силердин алдыңарда жарыялайм, Иран ислам республикасы келишимди бузган биринчи өлкө болбойт, бирок ал бузган тараптарга чечкиндүү жооп берет. Эгер бул келишим саясат дүйнөсүнө жаңы келгендер тарабынан бузула турган болсо - бул өтө өкүнүчтүү. Дүйнө чоң мүмкүнчүлүктү жоготкон болот.

Ирандын өзөктүк келишими бир нече жылдык сүйлөшүүдөн кийин 2015-жылы кабыл алынган.
Ирандын өзөктүк келишими бир нече жылдык сүйлөшүүдөн кийин 2015-жылы кабыл алынган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун соңку билдирүүсүнүн алдында француз лидери Эммануэл Макрон келишимдин кээ бир жоболорун кайра сүйлөшүүгө макулдугун, Иран менен АКШнын ортосундагы талашка ортомчулук кылууга аракет кыларын билдирген эле.

Кезинде өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан Европа биримдигинин тышкы иштер министри 20-сентябрда Иранды колдогон пикирин айтты:

- Келишимдин жоболорун кайрадан сүйлөшүүгө зарылчылык жок,-деди Федерика Могерини.

Буга чейинки АКШ жана Улуттар Уюмунун байкоочулары Иран келишимдин шарттарын аткарып жатканын ырасташкан. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) да Тегерандыкына окшош тыянакка келген. Бирок АКШ лидерлери Иранды өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракеталарын кайра-кайра сыноо менен келишимдин “маңызын бузуп жатат деп айыптап келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG