Кыргызстанда бүгүн парламенттик шайлоо күнү. Ага 14 партия ат салышууда. Шайлоо участкалары таңкы саат сегизде ачылды. Кечки саат сегизге чейин добуш берүү жүрөт. 2374 шайлоо участкасы ачылган, анын ичинде 36 добушкана чет өлкөдө жайгашкан.
Шайлоодо жаңы технология сыналууда
1
Шайлоо участкасына киргенде эле шайлоочу паспортун көрсөтүп, манжаларын биометрикалык маалыматты окуй турган жабдууга коёт.
2
Манжаны жабдууга койгондо беш мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде шайлоочу тизмеде бар болсо, биометрикалык маалыматтарын тапшырган болсо, экинчи компьютерден добуш берүүчүнүн сүрөтү, аты-жөнү чыгат.
3
Биометрикалык жабдуу шайлоочуну "тааныгандан" кийин ага чек берилет.
4
Ошол чекти алып, шайлоочу БШКнын мүчөлөрүнө тапшырат. Алар анын аты-жөнүн тизмеден таап, кол койдурган соң шайлоочуга партиялардын тизмеси жазылган бюллетенди беришет.
5
6
Шайлоочу байкоочулардын көзөмөлү алдында добуш берет. Бул шайлоодо бюллетенди сүрөткө тартып алууга тыюу салынды.
8
Мына ушул жабдууга шайлоочу бюллетенин киргизет.
9
БШКнын мүчөсү бюллетенди жабдууга кантип киргизүү керектигин көрсөтүүдө.
10
11
12