Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Эфиопияда учак кырсыкка учурады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

"Ethiopian Airlines" авиакомпаниясынын кыйраган учагындагы 149 жүргүнчү жана экипаждын сегиз мүчөсү каза тапканы кабарланууда.

ВВС жана башка эл аралык маалымат каражаттары билдиргендей, баш калаа Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге учкан "Боинг-737" учагы 10-мартта эртең менен абага көтөрүлгөндөн алты мүнөт өткөндө кырсыкка кабылган.

Авиакомпаниянын маалыматына ылайык, учакта 33 улуттун өкүлдөрү болгон.

Учактагы жакындары тууралуу кабар күткөн аялдар.
Учактагы жакындары тууралуу кабар күткөн аялдар.

Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

Авиакырсык Бишкек убактысы боюнча 11:44тө болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG