Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Германия: улутчулдар мигранттарды жериди


Өткөн ишемби күнү 35 жаштагы жергиликтүү тургун бычакталып каза болгон. Ал ишке Ирак менен Сириянын эки жараны шек саналууда.
Өткөн ишемби күнү 35 жаштагы жергиликтүү тургун бычакталып каза болгон. Ал ишке Ирак менен Сириянын эки жараны шек саналууда.

Германиянын чыгышында орун алган Хемниц шаарындагы адам өлүмү менен аяктаган жаңжалдан кийинки нааразылык акциялары 30-августта да уланды.

Өткөн ишемби күнү 35 жаштагы жергиликтүү тургун бычакталып көз жумган. Ага байланыштуу Ирак менен Сириянын эки жараны шек саналууда.

30-августта Хемниц шаарында улутчулдар мигранттарды жектеген дагы бир акция уюштурушту.

Беш күн мурда башталган нааразылык акцияларына 26-августка караган түнү шаардагы көчө фестивалы учурунда 35 жаштагы жергиликтүү тургун бычакталып өлгөнү себеп болду.

Андан тышкары 33 жана 38 жаштагы эки немис жараны да жарадар болгон. Бул окуяга шектүү катары 23 жаштагы сириялык жана 22 жаштагы ирактык качкындар кармалган. Социалдык тармактарда "чырга шектүүлөрдүн немис аялга асылып, тийишкени себеп болгон" деген маалыматтар тарап кетти. Бирок полиция аны төгүндөп жатат.

Хемниц шаарындагы адам өлүмү менен аяктаган жаңжалдан кийинки нааразылык акциялары.
Хемниц шаарындагы адам өлүмү менен аяктаган жаңжалдан кийинки нааразылык акциялары.

Окуянын эртеси, жекшемби күнү Хемниц шаарынын борборундагы Карл Маркстын эстелигинин жанына мигранттарга каршы акцияга чогулгандар 800 адамга жеткен. Ошол эле кезде улутчулдукка каршы чыккандар да чогулуп, эки тараптын кагылышуусун басуу үчүн тартип сакчылары суу да чачты. Кырдаал курчуп кеткендиктен полиция шаарга кошумча күчтөрдү тартты. Жаңжал учурунда жабыркаган бир топ киши ооруканага жеткирилген.

27-августта “Улутчулдарсыз Хемниц” биримдиги шаардык паркка, ал эми мигранттарга каршы “Хемниц үчүн” уюму Карл Маркстын эстелигинин жанына чогулган. Улутчулдардын акциялары учурунда алардын таш-кесек көтөрүп, мигранттарды кубалаган учурлары катталган.

Ызы-чуудан чочулаган сириялык Али аттуу мигрант өкмөттөн тартипти күчөтүүнү суранды:

- Мен коркуп турам. Анткени көчөдө көптөгөн оңчул немистер жүрдү. Баары жакшы болот деп үмүттөнөм.

Антимигранттык акцияга келгендер - негизинен Европанын исламдашып бара жатканына каршы ураандары менен белгилүү оңчул-популисттик “Пегида” партиясынын жана Бундестагдагы улутчул “Германия үчүн альтернатива” партиясынын тарапкерлери.

“Германия үчүн альтернатива” партиясынын жаштар канатынын лидери, депутат Маркус Фронмайер: "Эгер мамлекет мындан ары өз жарандарын коргобосо, анда эл көчөгө чыгып, өзүн-өзү коргойт" деп жазды.

Германия полициясы.
Германия полициясы.

Ошол эле кезде бийлик эч кандай “элдик сотко” жол берилбей турганын билдирип, баары мыйзам чегинде чечилерине убада берүүдө. Германиянын Саксония жергесинин өкмөт башчысы Михаэл Кречмер "кылмыш иши толук ачылат" деп, чайкоочулуктан оолак болууга чакырды:

- Биз имиштердин, жалган маалыматтардын, үгүттүн эмес, демократиянын жана мыйзамдын үстөмдүгү бекемделишин камсыз кылышыбыз керек. Соттор мындай кылмыштарды карап чыгып, күнөөлүүлөр жоопко тартылат.

Германиядагы улутчулдардын акцияларын Франция президенти Эммануэл Макрон да айыптады.

Германиянын канцлери Ангела Меркел 2015-жылы Жакынкы Чыгыштагы Сирия, Ирак сыяктуу мамлекеттерден, Түндүк Африка менен Ооганстандан 1,3 миллион качкынды жана мигрантты кабыл алууга макул болгон.

Элдин мигранттарга каршы маанайы 2017-жылдагы парламенттик шайлоодо даана көрүндү. Башкача айтканда, антимигранттык, улутчул “Германия үчүн альтернатива” партиясы биринчи жолу 12 пайыз добуш алып, парламентте 90 орунга ээ болгон. Улутчул “Германия үчүн альтернатива” жана “Пегида” партиялары Хемниц шаары жайгашкан Германиянын Саксония жергесинде өтө таанымал.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG